Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

НАТО башчысы Пакистанга барды


НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Схеффер
НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Схеффер

НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Схеффер бейшембиде Пакистанга барды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланчудай.

НАТОнун Пакистан менен кызматташуусунун максаттары кеңири экенин иш сапары алдында уюмдун башкатчысы да айткан эле. Ал эми байкоочулардын пикиринде, НАТО азыр биринчи кезекте Ооганстанга жүк жеткирүүчү жолдордун коопсуздугун чыңдоого кызыкдар.

НАТОнун башкатчысы Пакистанга барар алдында анын сапарынын башкы максаты - Исламабад менен саясий диалогду жакшыртуу экенин белгилеген эле. Яап де Хооп Схеффер дүйшөмбүдө Брюсселден сүйлөгөн сөзүндө буларды айткан болчу:

- Биз жана мен, албетте, саясий диалогдун тереңдөөсүн көздөйбүз. Менимче, бул абдан зарыл жана ушул эле нерсени Исламабадда да каалашат. Бизде жогорку тепкичтеги кызмат адамдарынын бир катары болду. Мен да ал жакка баргам. Саясий диалогду тереңдетүү үчүн кайсыл бир баскычта ал жакка, албетте, мен кайра да барам. Биздин аскерий кызматташтыгыбыз ургаалдуу. Менимче биз саясий алаканы бекемдөөбүз абзел.

Яап де Хооп Схеффер ага катар альянс жана Батыштын айрым өкмөттөрү мурда Ооганстандагы коопсуздук кырдаалын Пакистандан бөлөк карап, жаңылыштык кетиргенин да кошумчалады:

- Менимче, биз аймакка көңүл буруубуз зарыл. Мурда Ооганстанды талкуулаганда, балким, аны жалгыз кароого ашыкча көңүл буруп жибергенбиз. Эгер аймакка көңүл бурсак, Ооганстан арал эмес экени маанилүү. Аймактык көйгөйлөр, аймактык чечимди талап кылат. Албетте, бул жатта Пакистандын ролу чоң.

Яап де Хооп Схеффер бейшембиде, Исламабадда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши менен кездешти. Сүйлөшүүлөрдөн соң Ооганстанда туруктуулук орнотуу үчүн Пакистан да, НАТОда өз аракеттерин күчөтүүсү керектигине токтолду.

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, НАТО башкатчысынын президент Асиф Али Зардари, премьер-министр Юсуф Реза Гилани, армия башчысы Ашфак Парвез Каяни менен жолугушуулары мерчемделген.

Исламабаддык журналист жана талдоочу Имтиаз Гул "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, НАТОнун Пакистандагы жүк ташуучу жолдорунун коопсуздугу Схеффердин визитинин негизги жүйөөсү:

- Бул иш сапар АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Девид Петреустун иш сапарынын соңунан болуп олтурат. Ал Ооганстандагы аскерлерди керектүү жарак-жабдык, күйүүчү май, азык-түлүк менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабоосу үчүн Карачиден (Пакистандын түштүгүндөгү деңиз порту) Ооганстана чейинки жолдун коопсуздугун камсыздоону каалашарын ишара кылды. Андыктан мен бул иш сапар ошол жараян менен байланышы бар, америкалыктар эмнени кааларын, НАТОнун күчтөрү эмнени кааларын тактоо деп болжолдойм.

НАТОнун Ооганстанга багытталган жүгүнүн 75%ы, ал жердеги аскерлер керектеген күйүүчү майдын 40%ы Пакистандын уруулар жашаган Хайбер чөлкөмү аркылуу ташылат.

Бирок акыркы айларда согушкерлердин Пешевардагы жүк терминалына, Хайбер аркылуу өткөн жүк кербендерине жасаган ургалдуу кол салуулары бул стратегиялык жактан маанилүү жолдун кайра-кайра жабылуусуна алып барды.

Өткөн аптанын соңу менен ушул аптанын башында Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып кеткен америкалык генерал Девид Петреус Ооганстанга Орусия жана Борбор Азия аркылуу жүк ташуу боюнча макулдашуу жетишилгенин шейшемби күнү билдирген. Анын эртеси Тажикстандын тышкы иштер министри Хамрохон Зафири өлкөсү Ооганстанга аскерий эмес жабдууларды өткөрүү маселесин АКШ жана НАТО менен сүйлөшүп жатканын, келишимге кол коюла электигин, бул маселе президент Эмомали Рахмондун февралда Брюсселге белгиленген иш сапарын жыйынтыкталарын айтып чыкты.

Бирок Ооганстанга жүктү Орусия жана Борбор Азия аркылуу ташуу узак жана кымбатка түшөт. Андыктан Пакистан аймагындагы жолду кармоо НАТО үчүн эбегейсиз мааниге ээ.

Бул аралыкта АКШ менен Пакистандын чалгын мекемелеринин кызматташтыгы күчөгөнүн каңкуулаган жаңы маалыматтар түштү. Эки тараптын агенттери азыр жакында Пешевар шарында өткөрүлөн рейд учурунда кармалган, "ал-Каиданын" мүчөсү деп шектелген, теги саудиялык адамды суракка алууда.

Пакистандын коопсуздук кызматтары анын ысымын - Заби ул-Таифи деп аташты. Алар Пешеварда АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) агенттери менен бирге өткөргөн рейд учурунда саудиялык жаран менен катар ооганстандык жана пакистандык алты шектүү адамды да камакка алышкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG