Президенттен жардам сурап камалган өзбек ишкер
“Каректе Евразия” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында Пакистанда жүзгө чукул адам өмүрүн жалмаган жардыруулар, 25 жылдан кийин кайра калыбына келген тажик-өзбек авиакаттамы, Өзбекстанда президенттен жардам сурайм деп камакка түшкөн ишкер, Алматыда талашка түшкөн 2 жашар бала, Орусияда мегаполистеги жашоосун таштап, айылга мугалим болом деп жөнөгөн жаштар жана Тажикстандагы палоо майрамы жөнүндөгү баяндар камтылды.