Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Министрлер да балдарын кызматка ала башташабы?


Президент К.Бакиев өз уулун бийликтин бийик сересине чыгарып, башка чиновниктерге өрнөк көрсөттүбү? Талдоочулардын айтымында, мындай өрнөк тууганчыл бийлердин көбөйүүсүн шарттайт.

Президент Курманбек Бакиев 2008-жылдын 10-сентябрында өкмөттүк кеңешме өткөрүп, Адилет министрлиги менен Жаза өтөө башкы башкармалыгынын ортосундагы чырлашуу маселесин караган болчу. К.Бакиев анда Жаза өтөө башкы башкармалыгынын ошондогу жетекчиси Эрнис Исаев менен ошондогу Адилет министри Марат Кайыповду кызматтан кетирип, жаңы дайындалган жетекчилер өзүнө жакпаганды кетирип, алардын ордуна туугандарын, жакындарын алып келүү адатын токтотуу керектигин айткан.

Ошол эле маалда өз бир туугандарынын бийликте жүрүшкөнүн президент К.Бакиев алардын мурдатан эле кызматтарда иштеп келишкени менен түшүндүргөн. Эми ал мурда мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөн кичүү уулу Максим Бакиевге чоң кызмат берип, мурдагы айткандарына каршы келген ишти кылууда.

Мындан улам эми министрлер, ар кандай деңгээлдеги жетекчилер үчүн да президенттен кем калбай өз туугандарын бийлик бутактарына тартууга жашыл жарык күйгөндөй. Эгер кайсы бир министр же губернатор тууганын кызматка ала турган болсо президент былтыркы сөзүн кантип айтат?
Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. К.Бакиев. 2006жыл.

Маселен, Курманбек Бакиев 2006-жылы өлкөнүн башкы теле каналына интервью берип, өзүнүн же үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын ойлогон кадамдарга такыр барбай турганын айткан эле:

- Президенттин баласы турат, тигиниси турат, мунусу турат десе, ушуга ишенгендер да бар экен. Булар ойлоп атышса керек, дагы эле баягы Акаедин мезгилиндей деп. Менин балдарым, эч качан Кыргызстандагы майда болобу, чоң болобу, бир дагы бизнеске аралашпайт. Кимдедир менин балдарымды ушинтип айтып, чоң баласы, кичүү баласы дегендерге такыр ишенбеш керек. Мен дагы мындан кийин эч качан өзүм үчүн же үй-бүлөм үчүн кандайдыр бир кызыкчылыктарга барып, жаман иштерди кылганга эч качан барбайм, шарт түзбөйм дагы…

Бүгүнкү күнү ошол эле УТРК президент К.Бакиевдин өз уулун мамлекеттик чоң кызматка тартышын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын ойлоо эмес, тескерисинче мамлекеттик кызыкчылык катары чагылдырууда.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, чынында эле президент уулун чоң кызматка дайындап өзүн ыңгайсыз абалга коюп алды. Анткени, ансыз да уруучулук, жердешчиликке жакын кыргыз элинде президенттин мындай кадамынан кийин непотизм (үй-бүлөсүнүн гана кызыкчылыгын көздөө) көрүнүшү тереңдеп кетиши мүмкүн. Эми кайсы бир чиновник уул-кызын кызматка алса президенттин ага каршы бир нерсе деши кыйындамакчы:

- Мындай карап көрсөк, биздин ажобуз өзүнүн жакын туугандарын, баласын бийликке койгондон кийин башка чиновниктер деле ошондой кабыл алат. “Демек мүмкүн экен” депчи. Бизде ансыз деле араң турушат. Билесиңер да, бизде урук-тууганчылык сакталып келатат да. Ошол себептүү “ляппай, уруксат бар экен” деп ого бетер артка кетебиз. Европага, цивилизацияга жакындабай, тескерисинче уруучулук жакка кетебиз. Ошондой жагдай түзүлүп калды. Муну да ойлош керек эле. Эми Курманбек Бакиев эч кимге айта албайт, “туугандарыңарды жолотпогула” деп. Албетте бул өкүнүчүү.
Ажобуз өзүнүн жакын туугандарын, баласын бийликке койгондон кийин башка чиновниктер деле ошондой кабыл алат. Марс Сариев.

“Азаттыкка” байланышка чыккан Кыпчакбай аттуу Бишкек шаар тургунунун айтымында, мындай болду эми президент бардыгын ачыкка чыгарып, башка ага-туугандарын да биротоло жанына алып келип алса болчудай болуп калды:

- Менин сунушум бар эле бийликке. Татьяна Васильевна Бакиеваны Данияр Үсөновдун ордуна премьер кылыш керек. Марат Бакиевди Мурат Суталиновдун ордуна Улуттук коопсуздук кызматына алып келиш керек. Акмат Бакиев бул жакка алып келиш керек, шаар мэри кылып. Ал байкуш Жалал-Абадда жүрө береби. Дагы калган туугандарын, куда-сөөктөрүн деле бийликке коюп койсо болот. Келиндерин вице-премьерликке. Ошону айтып койгулачы...

Бийлик өкүлдөрү, анын ичинде президент өзү түзгөн парламенттеги көпчүлүк болгон “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү да Максим Бакиевдин бийликке келүүсүн кубаттап, президент мындай кадамы менен бардык жоопкерчиликти мойнуна алганын белгилешүүдө.

“Ак жол” фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормонов мындай дейт:

- Бул жерде такыр башка жагдай болуп атат. Себеби Максимдин тегерегинде сөздөр аябай көп болчу. Мунун ачыкка чыгып, ачык ушул ишке турганы, менин оюмча президенттин өзүнө жоопкерчиликти алганы.

“Азаттык”: - Улукбек мырза, эгер министрликтердин жетекчилери өздөрүнүн туугандарын кызматка ала башташса кандай болот? Аны президент кантип айтат аларга?

Улугбек Ормонов: - Эми аны ошондой болгондо көрөлү. Алдын-ала мындай болот деп айтыш кыйын...

Ошентип бийлик өкүлдөрү да бул суроого так жооп бере албай буйдалып, бара көрө жатарбыз деген позицияны ээлеп турган чак. Чындап эле кокус чиновниктер туугандарын айланасына топтой башташса, аларды тыйганга президенттин да моралдык укугу азая түштү.

XS
SM
MD
LG