Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Сирия оппозициясы Астана сүйлөшүүсүнө катышат


Бул тууралуу оппозициянын расмий өкүлдөрү билдирди.

Казакстан борборунда Сирия бийлиги жана куралдуу оппозициянын ортосундагы сүйлөшүү 23-январга белгиленген. Ал Орусия жана Түркиянын ортомчулугу астында уюштурулууда.

Fastaqim жоочулар бирикмесинин өкүлү Закария Малахафжи “көпчүлүк куралдуу топтор сүйлөшүүгө катышууну көздөп жатат” деди. "Эркин Сирия" армиясынын өкүлү Астанада жалпы ок атууну токтотууга, Сирия режими аны бузуусуна жол бербөөгө басым жасарын маалымдады.

Москва жана Анкаранын ортомчулугу менен Сирияда 29-декабрдан тарта ок атууну токтотуу келишими күчүнө кирип, тынчтык сүйлөшүү башталары жарыяланган.

Астана сүйлөшүүсүнө Түркия, Иран жана Орусия катышарын Москва билдирип, Египет, Сауд Арабиясы, Катар жана Йордания да кошула аларын кошумчалаган. Вашингтондун катышуусу боюнча карама-каршылыктуу маалыматтар чыгууда. Орусиянын АКШдагы элчиси Дональд Трамптын коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Вашингтон Астана сүйлөшүүсүнө чакырылганы айтылган. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трамптын администрациясы сүйлөшүүгө чакырылганын ырастай албасын 16-январда билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG