Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

“Жаңы муун” кыймылы референдумга каршы добуш берүүгө чакырууда


Оппозициялык маанайдагы саясий кыймыл тараткан билдирүүдө буга чейин Баш мыйзам бийликтин аракети менен тогуз жолу өзгөргөнүн белгилеп, мындан өлкөдө экономикалык өсүш болуп кетпегени айтылган.

“Тескерисинче эки жолу элдин козголушуна алып келип, өлкө эки жолу ыңкылапты башынан өткөрдү. Бийлик бардыгын эл өзүнүн добушу менен чечет деп айтып жатканы менен, мамлекеттик телеканалдарда түрдүү “эксперттердин” сөзү менен элди Баш мыйзамды өзгөртүүгө аракет кылып жатканы көрүнүп турат. Үгүт жараянына күч менен бюджеттик кызматкерлер, студенттер, дарыгерлер менен мугалимдер да тартылганын көрдүк” деп белгилешет билдирүү ээлери.

“Жаңы муун” кыймылы ошондой эле жергиликтүү кеңештерге шайлоонун да таза жүрбөгөнүн билдирип, шаардык, айылдык кеңештерди капчыктуу олигархтардын жана бийликтеги адамдардын партиялары гана бөлүп алууга аракет кылып жатышканын белгилешет. Ушундан улам саясий кыймыл өз билдирүүсүндө Бишкек шаар кеңешинде бардык партияларга жана Баш мыйзамды өзгөртүүгө “жок” деп айтууга чакырган.

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG