Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Быйыл Оштун 3010 жылдыгыбы?


Ош облустук жана шаардык акимияттарынын баш кеңсесинин алды. Ош шаары.
Ош облустук жана шаардык акимияттарынын баш кеңсесинин алды. Ош шаары.

Быйыл октябрдын (тогуздун айынын) башында Ош шаарынын күнү белгиленмекчи. Бул салтанат элди ынтымакка чакырган кезектеги иш чара болсо жакшы, бирок аны шаардын 3010 жылдыгын белгилөө ирээтинде өткөрүү - эски катаны кайталоого тете го дейм.

Мындан он жыл илгери дүйнөнү дүңгүрөтүп Ош шаарынын үч миң жылдык мааракеси белгиленгенде тарыхчылардын басымдуу бөлүгү бул шарттуу датаны кабыл алган эмес.

Ошол кездеги президент, физика тармагындагы академик Аскар Акаев мырза “бул датаны тастыктап берди” деп петербургдук окумуштуу, археолог Юрий Александрович Заднепровскийди (1924-1999) алкап келди, аны 1997-жылдын апрелиндеги бир сөзүндө Осмон дөөлөтүнүн аймагынан Тройа шаарынын калдыгын тапкан айтылуу немис археологу Генрих Шлиманга теңеди.

Ал эми маркум Заднепровский болсо Ала-Тоодо өзүнө көрсөтүлгөн улуу сый-урматка жетине албай, президент Аскар Акаевдин өзүн “Оштун үч миң жылдыгын далилдеп салды” деп 1998-жылы мактаганы эсимде. Балким, бул сөздөрдү айтууга аны Акаевдин “спичрайтерлери” түрткөндүр, эми алар анысын моюндабайт ко.

Орусия Илимдер академиясынын академиги Вадим Михайлович Массон (1929-2010) болсо Кыргызстанда Оштун 3000 жылдыгына арналган жыйындарга байма-бай чакырылып, канча жолу дасторкон төрүндө отурганына карабастан, илимпоздук маалыматын чайкоочулукка алдырбастан, жалпы Фергана аймагында шаар маданияты жана шаарлашуу (урбандашуу) жараяны б.з.ч. экинчи кылымдан бери гана башталаарын жазды.

1998- жана 2000-жылдары Ош шаарында өткөн эл аралык жыйындарда цивилизациялык өнүгүү жалпы Борбордук Азия мейкиндиги үчүн ырааттуу жүргөнүн, Самаркандда болжол менен 2500 жыл мурда, Ташкенде 2200 жыл мурда шаарлашуу жараяны жүргөн чакта, алардан бөлүнүп Чыгыш Ферганада (Ошто) шаар 3000 жыл мурда пайда болду деп бир гана археологдун үстүрт жоромолуна таянып айта салуу калпыстык экенин ушул саптардын ээси да белгилеген эле.

Жыйындын кулуарында мени бир далай окумуштуулар, алардын арасында азыркы таанымал кыргыз археологдору да колдоого алышкан. Бирок алар “Ош-3000” мамлекеттик дирекциясы тарабынан кезектеги илимий экспедициялары каржыланып жатканын айтып, өз ойлорун кийинчерэк ачыктай турганын билдиришкен.

Ал кесиптештеримди да түшүнөм жана илимий салымдарын кубаттайм. Тек кайталап айтаарым, байыркы доорду изилдөөгө тийешеси жок саналуу халтурачылардан башкасы Юрий Заднепровскийдин жоромолун коомчулук алдында ачык колдошкон эмес.

Азыр болсо эки ыңкылапты баштан кечирген илимпоздор чөйрөсү саясий чайкоочулукка, илимдеги жармачтыкка, “жарма патриотчулукка” каршы туруп, өз оюн ачык билдирчү удул келип тургансыйт.

Жалган атак-даңк түбөлүктүү эмес. Эгерде Ош шаарынын байыркы тургун жай катары тарыхына кылчайсак, анда ал үч миң жылдан алда канча мурда башталган. Бирок анын шаар катары тарыхын иликтесек, анда жалпы ферганалык цивилизациялык чектен арылатып аны жасалма “карытууга” эч мүмкүн эмес. Мындай сырты жалтырак, ичи калтырак жоромолго сырткаркы илимий чөйрө түгүл, ичибиздеги билимкөйлөр да ишенбейт.

Оштун шаар маданиятына таандык делип иликтенген колдогу көөнө материалдар азырынча орто кылымдардын эрте дооруна гана тийешелүү болуп жатканын кантип унутабыз?

Ош шаарынын 2200 же 2400 жылдык шаардык тарыхын эле кут кылсынчы! Куру дегенде ошону эле мыктылап иликтеп, тастыктап жана эски тарыхый эстеликтерибизди сактап алалычы!

“Айтылбай келген сөз эле, айтылып кетти өзү эле” демекчи, азыр Ош шаарын кайра куруунун жана өркүндөтүүнүн жалпы планы иштелип жаткан чакта, анын эң байыркы дооруна таандык издерди археологиялык иликтөө үчүн да атайын бүжөттүк каражат ырааттуу бөлүнүшү талап кылынат.

Археологдордун колу кезектеги мааракелерге байланбастан, алар изилдөөлөрүн жыл сайын ырааттуу жүргүзүшү абзел. Бул жаатта Ош шаардык жана облустук бийлигинде сөз козголуп жатты бекен?
XS
SM
MD
LG