Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Пакистан армиясы Түштүк Вазирстанды талибдерден тазалоого киришти. Ооганстанга чектеш бул аймак Талибандын таяныч бекети катары эсептелинет.

Азыркы чабуулду утурлай согушкерлердин удама-удаа жасаган кол салуулары жүз алтымыштан ашуун адамдын өмүрүн алган соң расмий Исламабад алардын тамырын кыркууну убада кылган эле.

Түштүк Вазирстан - Пакистандын уруулар жашаган, тоолуу жана мыйзамсыздык өкүм сүргөн, жарым-жартылай автономдуу аймагы. Ооганстан менен чектеш бул чөлкөмдө, армиянын эсебинде, Талибандын саны15 миңге чейин жеткен согушкерлери башпаанектеп жүрөт. Бүгүн, согушкерлердин Түштүк Вазирстандагы базаларын көздөй чабуулун Пакистандын 30 миңден ашуун жоокери танкттардын, тик учак менен учактардын колдоосунда үч багыттан:батыштан, түндүктөн, чыгыштан баштады.

Аларга өз кезегинде оор куралы бар согушкерлер каршылык көргөзүүдө. Түштүк Вазирстандын аймагындагы чабуулдун алгачкы күнкү уруштарында азырынча 11 согушкер жок кылынганы жана армия бери дегенде 4 жоокерин жоготкону жөнүндө маалыматтар түштү. Бирок бул кабарды аймактын өзүнөн көз карандысыз булактар аркылуу тактоо дээрлик мүмкүн эмес. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Түштүк Вазирстандагы операция эки айга, кышкы чилде түшкөнгө чейин улануусу күтүлөт.

Пакистандын Түндүк Батыш чек ара провинциясынын маалымат министри Миа Ифтикар Хоссеин “Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысы менен маегинде операциянын максат –мүдөөсү тууралуу буларды айтты:

-Эл аралык күчтөрдүн баары бул экстремисттер жок кылынуусу керек деп айтууда. Бул -курмандыкты талап кылган өзгөчө учур. Азыркы жаңжаал 35 жыл мурда эле башталган. Бир топ чыгым болору айныксыз. Биз адамдарга акчалай компенсация төлөп беребиз. Бирок бул жол менен биз балдарыбыздын жана өлкөбүздүн келечегин сактап калабыз.


Ал эми Пакистан өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлү Тарик Хаяттын Франс пресс агенттигине айтканына караганда, операциянын максаты - Түштүк Вазирстанды “шүмшүктөр менен шумпайлардын баардык түрүнөн”тазалоо.

Пакистандагы талибдердин учурдагы колбашчысы катары Хакимулла Мехсуд эсептелинет. Андан мурдагы колбашчы Байтулла Мехсуд быйыл жайда АКШнын учкучсуз башкарылган учагынын соккусунан мерт болгон.
Пакистандагы талибдердин азыркы лидери Хакимулла Мехсуд.



Ишембиде башталган чабуулду утурлай Пакистан бийликтери Түштүк Вазирстанда комменданттык саат киргизген. Ага чейин болсо бир нече ай бою согушкерлердин Түштүк Вазирстандагы буталарына абадан жана артиллериядан сокку урулуп келди. Согушкерлердин коргонуу жөндөмүн алсыратууга багытталган аба соккулары бирок он миңдеген жөн-жай тургундарды аймактан качууга да мажбурлады. Шахжахан ысымдуу төмөнкү тургун мына ошондой качкындардын бири:

-Аскерий учактар келип бомбалай баштаганда, биз түнкү саат бирлерде качып чыктык. Бир дагы унаабыз жоктугунан көп азап чектик. Баарыбыз, анын ичинде аялдар да, жаш балдар да токой аркылуу жөө-жалаңдап кетүүгө мажбур болду.

Айтор Түштүк Вазирстанда кеңири масштабдагы азыркы операция согушкерлердин Исламабад, Пешавар, Лахор шаарларында удама-удаа жасаган чабуулдары 160тан ашуун адамды мерт кылгандан эки апта өткөн соң орун алып олтурат.

Пакистандын аскерий жана саясий лидерлери согушкерлердин базарлар менен коопсуздук жайларын бутага алган кол салууларынан кийинки кырдаалды ушул жума күнү Исламабадагы жыйында талкуулашты.

Өкмөттүн анын соңунан таратылган билдирүүсүндө согушкерлер “өлкөнүн суверенитетине жана бүтүндүгүнө олуттуу коркунуч” туудуруп жаткандыгы айтылган. Билдирүүдө ошондой эле пакистандыктар арасында экстремизм менен согушкерчиликти түп тамырынан бери жоготуу боюнча мунаса бар экендиги белгиленет.

Ушул жылдын башында пакистандык талибдер борбор калаа - Исламабадды көздөй жыла баштаган эле. Бирок армия анда баш калаадан түндүк-батыш тарапта жайгашкан Сват өрөөнүн согушкерлерден тазалоо менен жооп берген. Ал аскерий операция АКШны жана башка өнөктөштөрдү Пакистан терроризмге каршы күрөшүү боюнча милдеттемесинен четтебегенине кайрдан ынандыруу үчүн да жардам берген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG