Ички иштер министрлигинин өздүк курамы бүгүндөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, күчөтүлгөн режим Орусия президенти Владимир Путиндин 28-февралга белгиленген сапары менен байланыштуу жана 1-мартка чейин уланат.
Путиндин сапары маалында кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен биргеликте эки тараптуу кызматташтык, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык биримдигине байланышкан маселелер талкууга алынары күтүлүүдө. (NT)