Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

“Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегине саясий серепчи Токтогул Какчекеев катышып, Кыргызстандагы коопсуздук маселеси тууралуу айтып берди.

- Токтогул мырза, Кыргызстандагы соңку кырдаалды кандай баалайт элеңиз? Чочулоолорго, Орозо айы бүткөндө мындай болот экен, тигиндей болот экен деген кеп-сөздөргө негиздер барбы? Деги кай жактардан чочулоолорду күтсө болот? Мурдагы президенттин жакындары тараптанбы? Экстремисттерденби? Маң зат аткезчилерденби?

- Бакиевчилердин бийликке кайра келбестигине көздөрү жетти. Бирок алар эбак маң заттары аткезчилигинин мүчөлөрү болуп калган.

Азыр Кыргызстанды кооптондурган башкы маселе, бул Ооганстан маселеси жана анын кандайча чечиле тургандыгы. Ооганстандан АКШнын жана башка өлкөлөрдүн аскерлери жакын арада кетет. Ал эми Талибандардын негизги максаты Борбор Азияга өзүнүн таасирин жайылтуу. Мурда деле ушул максатта болушчу. Ошол себептүү алар бизге үч жол менен келип атышат. Биринчиси, маң заттары аткезчилиги. Экинчиси, диний үгүттөө жолу. Үчүнчүсү, бул жердеги бийликке өзүнүн өкүлдөрүн киргизүү. Мындай иштерди Ооганстандын диний уюмдары колдоп атат. Керек болсо “Аль Каиданын” көз карашы ушундай.

Дагы бир жагынан алганда арап мамлекеттери өздөрүнө келечектеги конуштарды издеп атышат. Анткени Бириккен арап эмирликтеринин, арап өлкөлөрүнүн күчү мунай заттары түгөнгөндө тайыйт. Алардын мунай заттарынын түгөнүшүнө 15-20 жыл калды. Ошондуктан алар өздөрүнүн диний үгүтчүлөрүнүн аракети менен эртеңки күнү диний коомчулукту, уюмдарды бийликке алып келүүгө аракеттенип, каржылап атышат.

Бул сыяктуу маселелер биздин ички туруксуздугубуздан улам келип чыгып атат. Ушул нерселердин баары бизди бүгүн беймаза кылууда...

- Бүгүнкү кырдаалды так айтыңызчы. Азыркы тапта өлкөдө абал кандай, коопсуздук маселеси кандай болуп турат?

- Жанагы мен айткан күчтөрдүн бардыгы аң уулаган мергенчидей болуп турушат. Эгерде мамлекет өзүнүн алсыздыгын, паракорчулугун, дареги жоктугун көрсөтсө, анда ошол күчтөрдүн ар бири эң биринчилерден болуп бийликке жакындаганга, аны колго алганга аракет кылат.

- Сиз учурдагы өлкөнүн күч структураларынын абалын, бийликтин күч-кубатын кандай баалайсыз? Жана айтылгандай түрдүү коркунучтарга каршы тура алышабы?

- Бул маселе аттын кашкасындай эле баарына көрүнүп турат. Анткени өзүңөр билесиңер 24-мартта жети миң киши, 7-апрелде дагы ошончо киши мамлекеттик төңкөрүшкө катышып, мамлекетти короодо жаткан тепшидей эле тээп салып такка отуруп алышпадыбы. Анан биз кайсы мамлекеттик күч органдарынын, кайсы коргоо министрлигинин же атайын күчтөрдүн жөндөмдүүлүгү тууралуу айта алабыз. 10-15 жылдан бери реформа дегендин баары көмүскө менчиктештирүүгө айланып кеткен.

Биздин күч структураларын реформалоо аракеттери погондорубузду саймалуу кылды дагы, “реформа бүттү” деп туруп погондун учуна түндүктүн сүрөтүн тартып коюшту. Анын ортосунда аскерге барбачулар 12 сомдон берип коюп эле, базар болуп кеткен. Мына аны быйыл алып салышпадыбы. Ошондуктан бүгүнкү күндө баш мыйзамда жазылгандай ата-мекенди коргоочу адамдарыбыз өздөрүнүн жаман кейпин көрсөтүп коюшту.

Мисалы, менин эсебим боюнча Кыргызстандын бийлигин дагы бирөө алам десе, анын баасы 200 миң АКШ доллары жана 12 миң бейбаш балдар болот...

- Дагы бир мындай суроо, кыскараак жооп берип койсоңуз. Сиз жакшы билесиз Грузияда күч органдарын мыкты реформалаган эң жакшы тажрыйба бар. Эгер күзүндө биздин парламент жакшынакай шайланып келсе ошондой реформалар болот дегенге ишеним барбы?

- Грузиянын реформасынын бардыгы тең АКШнын казынасынан келип отурат. АКШ ошол эле Румыния, Польша сыяктуу мамлекеттерди каржылап, элдин көз карандысыздыгын акча менен ушинтип ширеп койгон. Биз эгер АКШнын ушундай жардамын алабыз десек, колу туткак, бузулган адамдарды кетириш керек. Ага дагы көп убакыт кетет.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG