Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Батыш басма сөзү: База, реформа жана бузукулук


Батыш басма сөз каражаттарында кыргыз балдарын асырап алууну күткөн америкалыктардын арманы, Кыргызстанда орус аскер базасына Ташкенттин мамилеси жана Курманбек Бакиев убада кылган реформалар тууралуу макалалар жарык көрдү.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан макалада, кыргызстандык балдарды чет өлкөлүктөрдүн асырап алуусуна киргизилген мораторийден улам, Кыргызстандагы 65 баланы асырап алууну каалаган америкалыктардын көйгөйү тууралуу айтылган.

Макалада ошол балдардын көпчүлүгү оорулуу жана майып болгону, эгерде алардын чет элдиктер тарабынан асрырап алынуусуна жол коюлса, дарыланууга мүмкүнчүлүк таба алышары белгиленип, кыргыз өкмөтү балдарды асырап алууларга тыюну качан алып салаары бүдөмүк бойдон кала бергени, ушул тапта оорулуу балдардын дарыланышы үчүн убакыт бекер текке кетип жатканы айтылат.

Eurasia View интернет баракчасында чыккан дагы бир макалада Кыргызстандын түштүгүндө орус аскер базасын ачуу боюнча планга карата Өзбекстандын мамилеси талкууланган.

“Түштүктө орус аскер базасын ачуу боюнча Бишкек менен Москванын ортосундагы түзүлгөн келишим Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди татаалдаштырып жатат. Өзбөк жана тажик бийликтери Кремлдин бул чечиминин зарылчылыгына ишенбей, жаңы базанын ачылуусу аймактагы туруктуулукка зыян алып келерин эскертишүүдө” деп белгиленет макалада.

Макалада “Өзбекстан ар дайым постсоветтик интеграция маселелерине карата өзүнүн каршылыгын билдирген мамилесин көрсөтүп келет. Кептин чынын айтканда, Өзбекстан кайсы аймактык уюмга кирбесин, ошол замат ыдыроо жараяны башталат” деген саясат таануучу Марат Казакпаевдин айткандарына орун берилип, Өзбекстандын өзү да Ханабадда орус аскер базасын ачууну пландап жатканына көңүл бурулат.

The Jamestown Foundation аттуу кордун интернет баракчасында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин 1-сентябрда Жогорку Кеңештин сессиясында сүйлөгөн сөзү талдоого алынган. Макалада “июлдагы чуулгандуу шайлоодо кайрадан президентикке шайланган Бакиев бир чети оппозицияны кысымга алып, ошол эле кезде басма сөздү тумчуктурууга тырышып жатат” деген пикир айтылат.

Бакиевдин дымагы Орусиянын мурдагы президенти Путин менен казак президенти Назарбаевдикине окшой баштаганы белгиленген макалада, партиясынын ичинен гана чатак чыкпаса, Бакиев өлкөсүндө дагы бир топко бийлик тизгинин колунда кармап калышы ыктымал деген пикир айтылат.
XS
SM
MD
LG