Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

“Назар”: Тоолуктар толкуйбу?


Бүгүн жарык көргөн оппозициялык маанайдагы басылмалар генерал И.Исаковдун камалышына байланыштуу материалдарга кеңири орун берди.

“Назар” гезитинин бүгүнкү саны “Тоолуктар толкуйбу?” деген темада генерал Исмаил Исаковдун сотто сүйлөгөн акыркы сөзү, “Генералга эркиндик” деген Алай райнунун тургундарынын президент Курманбек Бакиевге кайрылуусу басылды. Кайрылууда "генералдын азаттыгын талап кылабыз"
деп айтылат.

Ушул эле гезитте “Кыргыз улутун талкалашууда” деген макалада “чала кыргыз, кыргызчаны түк билбеген же улуту бөтөн адамдар Кыргыз мамлекетинин чечүүчү кызматтарына келиши, улуттук аң-сезимдин талкаланышына алып келээри турган иш”,-деп белгилеген.

“Алиби” гезитинин биринчи бетинде “Саясий террор башталдыбы?” деген темада Бишкек гарнизондук аскер соту 11-январда экс-коргоо министри Исамил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратылгандыгы көрсөтүлгөн. Соттук териштирүүдө ага коюлуп жаткан 308-жана 316-беренелер боюнча айыптар далилденбегендиктен алынып салынганын, 304-берененин 4-бөлүмү боюнча “...өзү үчүн же башка адамдар үчүн кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири залал келтирди...” деген айып боюнча 8 жылга кесилип, сот залынан камакка алынып, өкүм күчүнө киргенче Улуттук коопсуздук комитететинин изоляторуна камалганы жазылган.

Ушул эле “Алиби” гезитинде Исмаил Исаковдун сотто сүйлөгөн акыркы сөзүнүн тексти толук басылып, Бириккен элдик кыймылдын генерал Исаковдун камалышына байланыштуу билдирүүсү чыкты. Билдирүүдө “Исаковдун түрмөгө камалышы менен өлкөдө саясий
репрессиялардын жаңы этабы башталып, андан ары ачык саясий террорго өтүп баратат. Бийлик мыйзам деңгээлинде жарандык эркиндиктер менен укуктарды чектеп, журналисттерди коркутуу жана сабап салуу менен өлкөдөгү сөз эркиндигин жок кылып жатат”,
деп айтылат.

БЭКтин билдирүүсүнөн тышкары бул басылмада Исмаил Исаковдун колдоочуларынын Бишкектеги ачкачылык акциясы, буга байланыштуу коомчулуктун пикирлери да жарык көрдү.

Ал эми бүгүн басмадан чыккан “Форум” коомдук-саясий гезитинде журналист Жылдыз Мусабекованын “Кош, Ала-Тоо эгемендик кетти элиңден” деген макаласы басылды. Анда бүгүнкү Кыргызстандагы элдин эгемендүүлүгүнө, эркиндигине баа берип, эл аралык Фридом Хаус уюмунун өткөн жылдагы отчетунда көрсөтүлгөн, “...жарым-жартылай эркин эсептелген Кыргызстан бул жолу эркин эмес мамлекеттердин катарын толуктады” деген маалыматын келтирген. Ошондой эле, “Элдик төңкөрүш деп эреркегенибиз менен байкуш кыргыз 2005-жылдын 24-мартында эегемендигин да качырган, уурдаткан, тоноткон, абийирин төккөн деп айтылат. КТР керели кечке Бакиевди мактайт. Акаевдин учурунда арамза, былгытма саясат күч алса, Бакиев учурунда зөөкүрлүк, күчкө салмай күчөдү. Мамлекеттик КТР зордук-зомбулукту ачыктан-ачык жайылтып, зөөкүрлүк мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлө баштаганын белгилеп, өлкөдө эркиндиктин баалуулуктары жоголуп баратат”,- деп коңгуроо каккан.

“Форум” гезитинин 4-бетинде журналист Рыскелди Момбеков “Алтынчынын” алгачкы сапары же...” деген макаласында президенттин кичүү уулу Максим Бакиев Президенттин буйругуна ылайык кызмат абалы боюнча алтынчы адам экендигин белгилеп, анын Кытайдагы жумушчу сапарына баа берген. Анда “буга чейин Орусияны ойнотуп, Американы алдап келген кыргыз бийлиги Кытай мамлекети менен мамиле түзө баштады. Албетте оюн салган Орусия менен база ачкан батыштыктар буга жооп кайтарат дечи. Бирок алардын “адекватный ответи” кандай болот?”-деген. “Кырга чыккан кыргыз-кытай кызматташтыгы көп чырдын башы болорун бөркүңөрдөй көргүлө. Кымындай Кыргызстан үч чоң державага “үрүп” алды”,-деп жазылат макалада.

Булардан сырткары “Форумда” генерал Исмаил Исаковдун сотто сүйлөгөн акыркы сөзү басылып, чет өлкөгө качып кеткен СДП фракциясынан экс-депутат Кубанычбек Кадыровдун “Алган багытымдан кайтпайм” деген маеги жарык көрдү. Ушул эле басылмада журналист Алмаз Темирбек уулунун “Мавр” өз ишин аткарууга мажбур деген макаласында Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курмановдун саясий портретин ачып берген.

“Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санында Жолборс жылы Мурас жылы деп Мамлекеттик маданият агенттиги жарыялаганын жазып, агенттиктин директору Султан Раев өлкө аймагындагы маданий мурастын бардык обьектилерин сактоо, өнүктүрүү жана байытуу боюнча кеңири масштабдагы план иштелип чыкканын белилген. Анда мурастар материалдык жана материалдык эмес болуп негизинен экиге бөлүнөрү белгиленген.

Ушул эле гезитте “Баш кесмей бар, тил кесмей жок” деген макалада акыркы мезгилдерде журналисттерге кол салуу көбөйүп, жаман адатка айланып баратканы айтылып, автор А.Умаров “журналисттерге, жазуучуларга кол салуунун өзү, өкмөт менен бийликке каршы чыккандык катары түшүнөм”,-деп жазды.

“Кыргыз туусунда”
президенттин уулу Максим Бакиевдин Кытайдагы иш сапары жөнүндө “Кытай тажрыйбасы үйрөнүүгө татыктуу” деген аталыштагы көлөмдүү макала басылды. Анда кыргыз-кытай мамилелерин арттыруу, экономикалык кызматташуу багытында ийгиликтүү сүйлөшүүлөр жүрүп, “Датка-Кемин ЛЭП 500 кВ курулушу долбоорунун протоколуна кол коюлганы жазылган.

“Кыргыз туусу” Тоо-кен өнөр жайларынын жана геологдор ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин маегин “Улуттук байлык элге кызмат кылсын” деген темада басылды. Анда Дүйшеев Кыргызстанда көмүр казуу маселесин көтөрүп, Кара Кечедеги көмүр казууда технологиялар бузулуп, көмүрдү ачуу иштери артта калып, мамлекеттик көзөмөл жоктугун билдирген.

“Агым” гезити “Алп кадырын билбес эл...” деген Темирбек Алымбековдун макаласын биринчи бетке жайгаштырып, ак талаалык кыргыздын алпы Жеңишбек Раимбековдун саламаттыгынын начардыгына тынчсызданып, дүйнөдөгү эң узун адамдардын бири мындай алпка социалдык жактан колдоо көрсөтүү маселесин көтөрүп чыккан.

Ошондой эле “Агымда” экс-вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов ушул тапта АКШ тарапка ооп кетти деген кеп чыкканын жазып чыкты. “Анткени анын бир тууган жээни Сагадылда уулу Жаныбектин ишин Баш прокуратура карап жатат. Угушубузга караганда, Бабановдун өзүнө да кылмыш иши ачылышы мүмкүн. Себеби президенттин үй-бүлөсүнүн атын сатып, кыңыр иштерди жасаганы четинен ачыкка чыгууда дешет”, деп жазылган учкай маалыматта.

Ушул эле гезит Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынан депутат, ырчы-обончу Ибрагим Жунусов кичүү кызы Алинаны күйөөгө бергенин, анын кудасы Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновация боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) директор орун басары
Учкун Ташбаев болгонун жазды. "Үйлөнүү той “Алтын сарай” ресторанында өтүп, жалаң министрлер менен депутаттар "танцы тепкенинен" паркет түшүп кала жаздады дейт", деген учкай маалыматты жазды.

“Агымда” дагы бир “Парламент институтунун баркы кеттиби?” -деген макалада партиялык тизменин негизинде шайланып келишкендиктенби, айтор эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү тилин тишине катып унчукпайт, деп айтылат.

“Балык” депутаттардын жүзү коомчулукка анчейин тааныш эмес. Өзүнүн пикирин ачык билдирип, карапайым калк таламын талашкан мыйзамчылардын саны огеле аз деп башталат макала. Депутаттардын орточо айлык маянасы 20 миң сом, күнүгө 10 литр бензин берилери, канцеляриялык товарларга 38 млн. 728 сом бөлүнөрү, 32 “кембагал” депутаттардын ижара акысына жылына 5 миллион 760 миң сарпталарын, чет мамлекеттерге саяакаттаган көп сапарлары тууралуу көрсөтүлгөн.

“Кыргыз руху” гезити болсо “Жакшы башчы үйдө айкөл, жоого чеп. Жаман башчы жоодо алсыз, үйгө бек” деген макаланы биринчи бетине басты. Макалада коңшу казак бийлиги АКШ, Кытайдын алдында алсыз болуп, Кытайга жер берерде оппозициянын каарына чыдабай алсыздыгын көрсөтүп, Кытайга жер берүүдөн баш тартканы белгиленген. "Кыргыз бийлиги болсо Кытай, АКШ, Орусиянын алдында алсыз болгону менен оппозицияга келгенде баатыр болуп, камачусун камап, оозун басчусун басып жатат”,-деп жазылган.

“Комсомольская правда” гезити бүгүнкү басылмасын жалаң Кыргызстандын футболунун күңгөй-тескейине арнап, өткөн жылдагы командалар ортосундагы оюндарга баа берилген.
XS
SM
MD
LG