Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Каргыштын эң катуусу эненики


Баяндамабыз бүгүн жарык көргөн үч гезиттен болмокчу.

“Форум” гезити бул санын журналист Жылдыз Мусабекованын “Муздак дубалдар” аттуу макаласы менен ачты. “Эл менен бийликтин ортосун моло таштай муздак дубалдар тиреди. Бийик, кунарсыз, келечеги белгисиз” деп жазган журналист өлкөнүн бүгүнкү жакыр жашоосу, стратегиялык объекттердин текейге сатылышы, кошоматчылык менен жеп-ичмейдин гүлдөшү, кайрадан оңдолуп, бычылып жаткан Конституция, бийлик менен байлыкка өздөрү тойсо да, көздөрү тойбой жаткандар тууралуу жаны кашайган.

Эртабылды Аттокуров макаласын “Башкы мыйзамдагы баш аламандык” деп атап “Учурда өзгөртүүлөргө дуушар болгон 8 берене мамлекеттин социалдык-экономикалык кубаттуулугун көтөрүүгө эмес, бийликти толугу менен бир канча адамдардын колуна өткөрүп берүүгө багыттап отурат” деген жыйынтыкка келген.

Гезит кабарчысы Алмаз Темирбек уулунун макаласы “Талоонун да, чыдоонун да чеги болот” деген ат менен жарык көрдү.

Генерал Исмаил Исаковдун апасы Анипа Маматисаеванын маеги: “Курманбек Бакиев менин колумдан эки ирет даам сызган бала эле” деген ат менен жарык көрдү.

Кабарчы: - Балаңызды бошотуп алуу үчүн Исмаил Исаковдон “Бийликтен, Бакиевден кечирим сурасын” деп айтат белеңиз?

Анипа Маматисаева: - Исмаилим Курманбек Бакиев Гүлчөгө келгенде Курманбекти топтошкон элдин алдына колунан көтөрүп алып чыгып: “Урматтуу элим, мен десеңер Курманбек Бакиевге добушуңарды берип, падыша кылып шайлап алгыла” деп ак тилеги менен элдин добушун топтоп берген эле. Баламдын ошол ак кызматын унутуп калган ырайымсыз падышадан кантип кечирим сура деп айтам. Курманбектин кыргыздын чыгаан жигиттерин куугунтукка алганы аягы жакшылык менен бүтпөйт. Азыр 81 жаштагы сиңдим бар. Мен быйыл 86га келдим. Кудай берген балдарым, неберелерим аруу жууп, ак кепиндеп көмүп койсо деген ак тилегим бар эле. Исмаилимди кекиликти торго салгандай камап койбодубу? Баламды эл колдойт, буюрса ал тордон элдин колдоосу менен учуп чыгат.

Ушуга улай эле И. Исаковдун “Азаттыктын” кабарчысы Жаркын Темирбаевага берген маеги көчүрүлүп жарыяланды.

Кабарчынын апасы тууралуу сураганына генерал:

- Кантейин, апама барып токтотконго мүмкүнчүлүгүм жок да азыр. Ден соолугун тилеп олтурам. 85 жаштагы курак оңой эмес да, ошого карабай өзү айтмакчы: “акыркы жанын уучтап” мен үчүн тикесинен тик турганына ыраазы болуп жатам,- деп жооп берген.

Бүгүн жарык көргөн “Назар” гезити Адилет Айтикеевдин депутат Роза Отунбаеванын “Бүгүнкү саясатка каршы элди көтөрүүгө аргасызбыз” деген сөзүн шилтеме кылган чакан макаласы менен ачты. Буга улай эле: “Элдин ырыскысынын өзөгүн түзгөн стратегиялык объекттерди менчиктеп алуу элибиздин улуттук кызыкчылыктарына каршы келген, талап-тоноочулук жана кылмыштуу саясат” деген сөздөр менен башталган ЖК депутаты Роза Отунбаева айымдын өкмөт башчысы Данияр Үсөновду отставкага кетүүгө чакырган катын тартуулады.

“Интербилим” борборунун деректири Асия Сасыкбаеванын ачык каты Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовго багышталган. Бул санга ошондой эле генерал Исаковду колдогон алайлыктардын ой-пикирлери окурмандарга сунушталды. Исаковдун мугалими Сурма Исраилова интервьюсунда: “Аксылыктардын намысы бизде да бар. Бир эле Исаковду бошотууга эмес, элибиздин эртеңкиси үчүн курман боло тургандар арбын. Аларды уруп-сабап, камап да коркута алышпайт. Ат Мекенди, Эл-Жерди, көз карандысыздыкты сактап калууга бүгүн билек түрүп турат” деген оюн билдирген.

“Ачык саясат” гезити бул санын саясый илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаевдин “Өлкө саясый террорчулукка тушукту” деген макаласы менен ачып, террорчулук жөнүндө сөз кылып, анын дүйнөлүк алкактагы табиятына токтолуп, мамлекеттик террор деп аталган нерсе тигил же бул мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудуруучу күчтөрдү жок кылуу максатында жашыруун жүргүзүлөрүн айтып келип, тилекке каршы мындай кадамдар көп учурда мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо деген шылтоо менен бийлик режимин сактап калууга кызмат кылып, белгилүү бир топтун кызыкчылыгын көздөп калган учурлар кездешерин кеп кылды. Саясат таануучу террордун ушул түрү Кыргызстанда ишке киргенин, буга Ү. Кудайбергtнов, Ж Сурабалдиев, Б. Эркинбаев, Т. Акматбаев, Р. Санатбаев, Амражанов, С. Кадыралиевдин атылышын, Садыркулов менен Слепченконун табышмактуу өлүмүн мисалга тарткан.

Саясый террорчулук коркунучтуулугу, ырайымсыздыгы менен улут коопсуздугуна ашкере кесепетин тийгизерине, анткени мындай террорчулуктун эл аралык шылуундар менен да кыйыр байланышы болорун эскертип, мамлекеттин өзөктүү байлыктары оңду-солду сатылып жатканы бекер эместигине токтолот.

Баяндамачы Сабыр Муканбетовдун Акүй саясатын талдоого алган макаласынын аты “Макулук Курултай” деп аталат.

Алымбек датка менен Курманжан датканын 87 урпагы кол койгон ачык кат: “Жылдыз Жолдошеванын тизгинин тарта турган жан барбы?” деген ат менен шардана болду.

Генерал И. Исаковду коргоо комитетинин жетекчиси Айтбай Жээнбеков Алайдагы абал тууралуу баяндап келип: -Өзүбүздүн эле Алайлык депутаттар Ажыбай Калмаматов менен Нургазы Айдаров айтат экен: “Исаковдун 15тей эле тууганы чуркап жүрөт, эл тынч, эч кандай нааразылык акция жок, Алайда Исаковду коргоо боюнча иш жүргүзгөн эмес деп. Биз ошол эки депутаттын үстүнөн арыз жаздык, бул экөө: “ Исаков камалды, биз да аракет кылып атабыз, аны куткарып алууга бизден эмне жардам керек?” дегенге жарган жок. Мына бийликтин жүзү. Азыркы күндө бийлик эл менен эсептешпей калды. Мындай бийликке элдин да чыдамы түгөндү. Биз айттык, экинчи Аксы кыласыңар, ОМОНду чыгаргыла деп. Ошондон кийин гана бизге митинг өткөргөнгө стадионду берди. Эми мындан кийинки кадамыбыз бирөө - Исаковду бошотмоюнча чыкканыбыз чыккан. Керек болсо Бишкекке чейин барабыз. Керек болсо мыйзам бузулуп кетиши мүмкүн. Анткени мыйзам бузганды өздөрү баштады. Мындан ары биз катуу турабыз. Бийлик менен сүйлөшүүдөн эч майнап чыкпай жатат,- деп айтты.
XS
SM
MD
LG