Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Батыш басма сөз каражаттары Кыргызстандагы абал тууралуу


Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Түркияга эс алууда деген маалымат, Жалал-Абаддагы кырдаал Батыш басма сөз каражаттарынын көңүлүн бурду.

Heraldscotland.com аттуу интернет баракчада “Токолдор, жеке зоопарк жана дарексиз жоголуп кеткен 200 миллион доллар” деген тема менен жарыяланган макалада, Кыргызстандын тартип коргоо органдарына таянуу менен мурдагы президент Курманбек Бакиев өлкөсүнөн аялдары, тукуму куруп бараткан сейрек жаныбарлардан турган коллекциясы миллиондогон доллар акча менен өлкөсүнөн качып кеткени ырасталат.

Бийлик чөйрөлөрүнө таянып маалымат берген автор орточо маяна 100 долларга жетпеген Кыргызстанда “Бакиевдин миллиондогон доллары” тууралуу жайылып жаткан кабарлар элдин нааразылыгын жаратканын баяндайт.

Курманбек Бакиевдин Беларустан Түркияга өтүп, ал жерде жашынып жатканы тууралуу “Hurriyet” гезити да билдирди. Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровдун “эртеби, кечпи баары бир карапайым элди массалык түрдө аттырган деп айыпталган Бакиевди бизге кайтарып беришет” деген сөздөрүнө орун берген гезит, Бакиев Беларуста болгон учурда президент Лукашенко аны кайтарып берүүдөн баш тартканын эске салат.

Jamestown Foundation аттуу кордун интернет баракчасында чыккан макалада, Кыргызстандын түштүгүндөгү абалга сереп салынып, кыргыз-өзбөк араздашуусунун түпкүрүндө саясий атаандаштык жатаары бышыкталат. Макалада өзгөчө 19-майда Жалал-Абадда орун алган окуяларга көңүл бурулуп, өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровдун 19-майда нааразылык билдирген элге ок ачкандардын бири экени болжолдонгону, ал “өзбек диаспорасы мындан ары өлкөдө болуп жаткан саясий өнүгүүлөрдү сырттан байкап туруу менен чектелбестен, ат салышууга даяр” деп билдиргени маалымдалат.

19-майда Жалал-Абадда орун алган окуяларга Institute for War & Peace Reporting аттуу интернет баракча да көңүл буруп, Фергана өрөөнүнүн Өзбекстан тарабындагы эл, Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык кырдаал тууралуу таралып жаткан маалыматтарга аябай тынчсызданып жатышканын билдирген.

Окуяларга тынчсызданган Ташкен бийлиги ансыз деле жабык бойдон турган чек ара тилкесине кошумча аскерлерди жайгаштырганын белгилеген баракча, Өзбекстандын мамлекеттик маалымат каражаттары дегеле байкоо салбаган менен Жалал-Абаддагы окуялар бүт Өзбекстанга кыйыр жолдор аркылуу жайылып баратканына көңүлдү бурат.
XS
SM
MD
LG