Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Соңку мезгилдерде кыргыз жаштары арасында динге берилген кыздар көбөйүп баратканы айтылууда. Бүгүн хижаб кийген кыз-келиндерди байма-бай жолуктурууга болот. Дин эксперттери муну улуттук идеологиянын жоктугу, жан дүйнөнүн боштугу менен байланыштырышууда.

Күмүшай азыр 10-класста окуйт. Ал курбу кыздарынын таасири менен мындан беш жыл мурда намаз окуй баштаган. Ар жума күндөрү мечитке келип намаз окуп, дуба кылып кетет. Күмүшайдын динге берилип кетишине бул багыттагы маалымат, тасмалар да таасир бериптир. Азыр ал ата-энесин динге, намаз окууга тартып, аракет кылып жаткан чагы экен. Күмүшайдын намаз окуп, динге берилишин, хижап кийип жүрүшүн башында ата-энеси колдогон эмес. “Азыр алардын көз карашы өзгөрдү”, - дейт биздин маектешибиз.

- Башында ата-энем хижап кийишиме уруксат бербай жаткан. Кийин дуба кылып атып, Алла өзү алардын жүрөгүн ачтыбы, негедир макул болуп калышты, - деп таң калат ал. - Мектепте жоолук салынганга уруксат беришпейт. Ошондуктан, мектептен сырт салынам. Эгер мен мектепке эртең мененки багымдат намазын окуп барсам, жакшы баа алып, эжелер да урушпай ошол күн жакшы өтөт. Эгер намазды каза кылып, окубай калсам, же амалым түз болбой калса, сөзсүз бир нерсе болот. Ошол себептүү да намазга таянып калдым.

Ал эми 21 жаштагы Элзаттын динге берилип, беш убак намаз окуп калышына агасы түрткү болгон. Ал намаз окуп баштагандан тартып жашоосунда, мүнөзүндө да көп өзгөрүүлөр болгонун айтып берди:

- Мисалы, калп айтпаш керек, башкаларды ушактабаш керек деген сыяктуу нерселерди дайыма эстеп жүрөсүң. Чындыгында, бир гана Аллага сыйынып, Алладан сураныш керек дегенди түшүнүү бизге азыр жакшы жете баштады. Ошондуктан кыздар көбүрөөк динге кирип, ишене баштады деп ойлойм. Муну мен учурда модага айланып кетти дегенге кошулбайм.

Соңку мезгилдерде динге берилген кыз-келиндердин көбөйүшүн “Мутакалим” мусулман аялдарынын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы жакшы көрүнүш катары баалайт. Анын айтымында, учурда мечиттерге баргандардын 70-80% жаштар түзсө, басымдуу бөлүгү - кыздар.

- Чындыгында, мурунку коммунисттик “застой” кетип, биз эгемендик алгандан кийин динди окутууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мечит, жамааттардан дин тууралуу маалымат алган соң, кыздар ишенимди өздөрү кабыл алып жатышат го деп ойлойм. Азыркы жаштар өздөрү кызыкмайынча эч нерсени кабыл албайт. Кабыл алып жатса, демек, бул жаштарга жагып жаткан нерсе.

Кыргызстандагы диний эксперт Кадыр Маликов жаштарды алдыга сүйрөй турган улуттук идеология болбогон соң, алар негизги жол катары динди тандап алып жатышат деген ойдо. Эксперттин айтымында, мындай көрүнүш азырынча улана берет.

- Чынын айтканда, бул, биринчиден, идеологиялык, жан дүйнө жана нравалык боштук менен байланыштуу. Андан сырткары азыркы жашоонун кыйындыгы, жумушсуздук, жакырчылык, мыйзамдагы адилетсиздиктин баары айрыкча жаштар арасында динден жол издөөгө алып барат. Экинчи жагын алганда, башка диндерге салыштырмалуу, исламда азыркы жашоого жоопторду табууга болот. Мисалы, андан кантип жашоо керектигин, адамдарга кандай мамиле жасоо жана Кудайга кайрылуунун жолдорун таба аласың. Ошол себептүү жаштар учурдагы кризистен чыгуунун алтернативдүү жолу катары да динди тандап алышууда. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Менимче дүйнө жүзүндө, КМШ өлкөлөрүндө, ал тургай Батышта да абал ушундай эле.

Деген менен 16 жаштагы Күмүшай жашоонун, адамдардын кайдан, кантип жаралганын дал ушул динден тапканын танбай келет. Ал тургай мындан ары бул багытта билимин жогорулатуу ниетин жашырган жок.
“Ойлоп отурсам, жашоо кайдан келди, адамдарды ким жаратты Алла, Куран бар экенин билдирип эле турат, - дейт Күмүшай. - Эми мен, Кудай буюрса, мектепти бүткөн соң, Ислам университетине тапшырып, жашоомдун аягына чейин ушул багытта илим алсам деген ниетим бар”.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG