Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

23-мартта Орусияда убактылуу жашап аткан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев өлкөдөгү саясий кырдаал, Аксы окуясы, 24-март, 2005-жылдагы ыңкылап тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы менен маектешти.

“Азаттык”: 24-мартта Кыргызстанда бийлик алмашканга беш жыл толду. 2005-жылы Сиз президент болуп турганда ыңкылап орун алып, сиз бийликтен кеткенсиз. Ошол тарыхый окуяга азыр сиз кандай баа бересиз?

Аскар Акаев: Мен ошол эле 2005-жылы толук баа берип, 24-марттагы окуялар эмне менен бүтөөрүн да айткам. Тилекке каршы, ошол айткандарым болду. Мен биринчи эле күнү Кыргызстанда 24-марттагы окуя мамлекеттик төңкөрүш болгонун айткам. Ал күнү саясый авантюристтердин тобу жана оппозициянын экстремисттик лидерлери биригип, Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш уюштурушту. Эми анын жемишин кыргыз эли бүгүн көрүүдө.

Кыргызстан жаманбы-жакшыбы, иши кылып демократиялык жолдо өнүгүп келаткан. Бүгүн болсо демократиянын таш талканы чыкты. Демократия бүгүн Кыргызстанда жок. АКШнын улуу президенти Рузвельт демократиянын төрт белгисин атаган. Биринчиден, дин эркиндиги, экинчиден, сөз эркиндиги, үчүнчүдөн, коркуп-үркүтүүдөн эркин болуу, төртүнчүдөн жарды-жалчылыктан эркин болуу. Ушул эркиндиктерден азыр Кыргызстанда дин эркиндиги гана калган болуш керек. Сөз эркиндиги толук жоюлду. Кыргызстандын калкы коркуу сезими менен күн көрүүдө. Бардыгы сөз айткандан коркушат.

Мына, 17-мартта өткөн курултай, менимче, элдик курултай болду. Анын себеби ал жерде көз карандысыз адамдар, өкмөт менен бийликтен көз карандысыз адамдар чогулду. Ошол курултайдын койгон талабы, менимче, абдан туура. Мен ошонун ичинен эки чоң талабын баса айта кетет элем. Биринчи талабы - элди, кыргыз элин жалпы кайра демократиялык жолго бурушубуз керек деген талап коюп атышат. Муну абдан туура деп эсептейм. Бул эң негизги маселе, эң негизги талап. Себеби Кыргызстандын мунайы, газы жок. Кыргызстандын негизги байлыгы, ресурсу - бул Кыргызстандын адамдары.

Ал эми Кыргызстандын адамдарын натыйжалуу пайдаланыш үчүн аларга эркиндик керек. Сөз эркиндигин бериш керек. Демократия аркылуу жетиш керек. Демократия гана, эркиндик гана жолу менен элдин күчүн пайдаланып аткан Швейцария, Финляндия сыяктуу чакан мамлекеттерди карабайбызбы. Алар демократия аркылуу элинин таланты менен күчүн пайдаланып, өнүгүп дүркүрөп өсүп баратпайбы. Акыры келип бай мамлекеттерден болушту. Кыргызстан үчүн бир гана жол бар - ал ушул гана.

Эмне дегенде, Түркмөнбашы бийлегендей көгүлтүр отун жок. Түркмөндөргө кудай газды арбын бериптир, ошон үчүн андай учурда Түркмөнбашыдан жакшы бийликтин кереги жок. Ал эми Кыргызстан үчүн демократиядан башка альтернатива жок. Кыргыздар демократия жолуна кайра түшүү маселесин коюп атышат. Менимче, бул абдан туура. Экинчи талапты Бакиевге коюп атышпайбы, балдарын, инилерин бүт кызматтан алыш керек деп, себеби эл Бакиевдин өзүн шайлады да, үй-бүлөсүн шайлаган жок да.

Анан кийин мамлекеттеги бийлик-байлыктын баарын Бакиев инилери менен, балдары менен колуна топтоп алды. Бул деген Кокон кандыгына барабар, кыргыздардын Кокон кандыгына кайра түшкөнүнө барабар. Ошондуктан, менимче, курултай өзүнүн талаптарын абдан туура коюп олтурат.

Ал эми 23-марттагы курултай, менимче, бийликтин жанагыдай кандыкты эл колдоп берсе, анан парламент аркылуу Конституцияга бекитип койсок деген ою бар. Буга жол бербеш керек деп эсептейм. Себеби кыргыз элинин өзүнүн илгертен келе жаткан демократиялык салттары бар. Ошондон эч качан кетпеш керек. Жыйырма биринчи кылымда бүткүл дүйнө демократияга баратса, кыргыздар кайта феодализмге чегинесиңерби?

Ошон үчүн мен ойлойм, бүгүнкү курултайдын эч натыйжасы болбойт. Себеби бүгүнкү курултайга катышкан адамдардын баары тең күн тийген тоонун текеси, ошондуктан алар сөзсүз бийликти колдоп берет. Менимче элдин талабы биринчи курултайда негизинен туура айтылды. Эгер ошолор ишке ашырылса, анда Кыргызстандын келечеги бар, эгер алар ишке ашпаса анда Кыргызстанда келечек жок. Анда Кыргызстан кризистен чыкпайт деп ойлойм.

“Азаттык”: Мындан 8 жыл мурда, 17-мартта Аксыда кандуу окуяда сиздин канчалык деңгээлде жоопкерчилигиңиз бар?

Аскар Акаев: 17-марттагы Аксыдагы окуя ар дайым менин жүрөгүмдү оорутат. Мен президент болгондон кийин Кыргызстандагы бардык окуяларга жоопкерчиликтүү болгом. Мен аны 17-мартта да айткамын, андан мурун да айтып келгем, кийин да айтып жүрөм. Мен эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин. Президент болгондон кийин өлкөдө орун алган бардык окуяга жоопкер болуу керек.

Мен сыртта сапар менен жүргөм. Николай Танаев ал кезде өкмөт башчынын биринчи орун басары болуп иштечү. Келсем бир гана Танаев бар экен. “Николай Тимофеевич, добрый вечер” десем, “Аскар Акаевич, вечер не добрый” деди. Ал Аксыда кан төгүлүп, абал курчуп турганын айтты. Өкмөт башчыны издесем, “премьер-министр Курманбек Бакиев мындан эки күн мурун сизге кат жазып, “өтө чарчадым, эс алганы кеттим” деп Жалал-Абадда курортто жатат” деди.

Ошондо Танаевди баш кылып мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ага оппозициянын лидерлери да, жарандык коомдун өкүлдөрү да кирди. Комиссия жеринде иштеп, кылдаттык менен бардыгын талдап, өз чечимин чыгарган.

Ушул жерден белгилегим келет, аксылыктардын бири да ошол комиссия чыгарган чечимге каршы болгон эмес. Комиссиянын чечимин бардыгы туура табышкан. Коопсуздук кеңешинде ал комиссиянын материалдарынын, чечиминин негизинде түз эфирде Аксыдагы окуяны караганбыз. Ошондо Коопсуздук кеңеши анын бардыгын карап чыгып, өкмөт башчыны, президенттин администрациясынын жетекчисин жана губернаторду кызматтан кетирүү тууралуу чечим чыгарды. Булардын баары кызматтан алынган.

Мындан сырткары курал колдонуп, элге ок атууга буйрук берген офицерлердин иши сотко өттү. Алар сотто тиешелүү жазасын алышты.

Бирок арадан сегиз жыл өтсө да журналисттер, саясатчылар ушул окуяны көтөрүп келатышат. Эмне үчүн? Бул “атың чыкпаса жер өрттө” деген эле аракет. Аты унутулуп бараткан саясатчы, журналисттер Аксы окуясын көтөрөт. Мына, акыркы 5 жыл ичинде Кыргызстандын канча деген депутаттары атылып, канча журналисттин көзү тазаланды, канча журналисттин буту-колун сындырып сабап атышат? Эмне үчүн президент Бакиевдин жоопкерчилигин талап кылбайсыңар? Мен журналисттерге кайрылгым келет. Башкага калганда ар дайым баатырсыңар, же Кыргызстанда болуп аткан окуяларга Бакиевдин эч тийешеси жокпу?

Ошондуктан мен дагы бир жолу айткым келет, Аксы окуясына толук баа берилип, күнөөлүүлөрдүн бардыгы тийешелүү жазасын алышкан. Бул маселени көтөрүү – спекуляция! Менимче, бул баракты кыргыздар жабыш керек. Журналисттер жабышыңар керек. Элдин биримдигин, келечегин ойлосоңор, мындай маселелерди жабышыңар керек.

“Азаттык”: - Бул күндөрү Кыргызстанда саясый кырдаал курчуду. Ортодо талаштуу кептин бири – Конституцияга өзгөртүү киргизүү. Ушуга сиз кандай карайсыз?

Аскар Акаев:- Мен деле кыргыз элинин кулунумун. Кыргызстан менин Ата журтум, убактылуу Москва шаарында турсам да Кыргызстанда жашасам дегенде эки көзүм төрт. Ошондуктан кыргыз элинин абалы мени тынчсыздандырбай койбойт. Өтө тынчсыздандырат.

Кыргызстандын саясый, социалдык жана экономикалык абалы оор, жагдай азыр курчуп турган кез. Экономика жарга такалып турат. Былтыр банкрот болуудан сактап калды. Ошондуктан мындай дипломатия жакшылыкка алып келбейт. Тескерисинче, эми Кыргызстан коңшу-колоттон да чыга баштайт. Дүйнө ансыз деле Кыргызстанды эч баалабай калды.

Кыргызстанды мурда жакшы көрүп, “бул өлкөдө байыркы мамлекеттик үлгүсү бар, байыркы бийик жетишкендиктери бар эл экен” деп сыйлап, урматтап, кыргыздарды жакшы көрүп, Кыргызстанды “демократия аралчасы” деп аташкан. Бүгүн таптакыр башкача кеп. Мисалы, оппозиция лидерлеринин бири Алмаз Атамбаев Кыргызстанда кылмышкер бийлик орногонун айтты. Атамбаев жана Отунбаева кызматта турганда Бакиевди жерге-сууга тийгизбей мактап, “биздин революциялык демократыбыз, революциялык жетекчибиз” деп, аны Фидель Кастро менен да салыштырып жиберген.

Бүгүн өздөрү эңсеген бийликтен кетип, байлыгынан ажырагандан кийин кайра оппозицияга лидер болобуз дешүүдө. Ошол кылмыштуу күчтөрдүн жардамы менен төңкөрүш болду. Анан ал лидерлерди жоготушту. Себеби алар атаандаш болуп чыгышты. Бийлик талаша башташты. Ошондуктан лидерлерин жоготуп, бирок кылмыштуу топторду пайдаланып атышат. Кылмыштын күчү менен журналисттерди сабап атат. Атаандаш саясатчыларды кылмыштуу топтун колу менен өлтүрүп атышат. Ошондуктан дүйнөдө Кыргызстанды “кылмыштын аралчасы” деп атап калышты. “Мамлекет боло албаган” деген атка кондук.

Мындан беш жыл мурда Кыргызстан жөнүндө абдан жакшы ой-пикирлер болчу. Кыргызстан демократиялык жолдо бараткан мамлекет деген ой-пикир бар эле. Ошонун бардыгы жокко чыкты. Мен ойлойм, Кыргызстанга, кыргыз калкына моралдык сокку болду. Эми абройду оңдоп, Кыргызстандын жаманаттысын тазартуу үчүн ондогон жыл керек. Ошондуктан мени Кыргызстандагы азыркы абал тынсыздандырат.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG