Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Каражич: "Сербдерди мусулмандардан коргогом"


Каражич Гаага сотунда, 1-март, 2010-жыл.

Каражич Гаага сотунда, 1-март, 2010-жыл.

Босниялык сербдердин согуш мезилиндеги жол башчысы Радован Каражич 1-мартта Гаага сотунда өз билдирүүсүн окуп баштады. Геноцид жана согуш кылмыштары үчүн соттолуп жаткан Каражич босниялык сербдер хорваттар менен мусулмандарды кырганда «акыйкат жана ыйык» максатты көздөгөн болчу деп ырастады.

Европадагы Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки эң ири кыргындар үчүн айыпталган Радован Каражич 1-мартта өз сотунда согуш кылмыштары боюнча билдирүү жасады.

Мурдагы Югославия боюнча Эл аралык Кылмыш Трибуналы Каражичке 1992-1995-жылдары Босния согушунун мезгилиндеги согуш жана адамзатына каршы кылмыштары боюнча 11 бөлөк айып койгон.

Каражич Сараево шаары курчоого алынып, үч жыл бою аткыланышын жана Сребреница шаарынын жанында 8 миң куралсыз эркектин кырылышын уюштурган деп күнөөлөнүүдө. Эгер айыбы далилденсе Каражич өмүрү өткөнчө түрмөдөн чыкпай калышы мүмкүн.

Каражич өзүнө коюлган айыптоолордун бирин да моюндаган жок. Өз сөзүндө ал өзүн жүздөгөн жылдар мусулмдардан кордук көргөн босниялык сербдердин коргоочусу катары сүрөттөдү:

– Мен сиздердин алдыңыздарда өзүмдүн кара башымды эмес, Босния-Герцеговинадагы чакан улуттун улуулугун коргош үчүн келип отурам. Бул улут 500 жыл азап тартты, бирок эркиндигин сактап калыш үчүн сабыр кылып, чыдамкайлыгын көрсөттү.

Каражич ошондой эле 1990-жылдардагы Балкан согушу үчүн сербдерди эмес, Югославиядан бөлүнүп кеткиси келген хорваттар менен босниялык мусулман жетекчилерин күнөөлөдү. Ал ошондой эле «Хорватия менен Словениянын көз карандысыздыгын «чукул таануу» менен Германия жана Батыштын алсыз дипломатиясы Югославиянын бөлүнүп-жарылышына түрткү берди» деп ырастады.

Былтыр октябрдагы ачылыш сөзүндө прокурор Алан Тиегер Каражичке «Чыгыш Босниядагы мусулман жана хорват жамааттарын жок кылуу үчүн, Еропадагы Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки эң каргашалуу кан төгүүнү уюштурган» деп күнөө койгон.

Каражич мындан төрт ай мурдагы соттун ачылышын бойкоттоп, сот иши ордунан жылбай калган эле. Ошондон кийин сот эгер айыпталуучу ишти артка тарта бере турган болсо, аны британиялык ардагер адвокат Ричард Харвей коргосун деп өкүм кылган. Каражич бул коргоочудан баш тартып, жарым миллионго чукул барактан турган сот документтери менен таанышып чыгууга июнга чейин убакыт сураган. Өткөн жума күнү соттун үч мүчөлүү трибуналы анын сот ишин жайга чейин токтотуу талабын четке какты.

Анын аралыгында, Гаага трибуналынын сыртында күйөөлөрү, уулдары жана ага-инилери Сребреницада кырылган аялдар чогулуп, Каражичтин сот ишин артка тартышына жол бербөөнү талап кылышты. Мелина Хезилселимович - "Сребреницанын Энелери" биримдигинин мүчөсү:

– Биз бүгүн бул жерге курмандыктар али тирүү экендигин, биз геноциддин курмандыктары чындыкты жана акыйкаттыкты талап кылаарыбызды бүт дүйнөгө айтыш үчүн келдик.

Сотто алгачкы күбөлөр 3-марттан тартып сурак бере башташат.
XS
SM
MD
LG