Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:46

Өз өлкөсүндө "камалган" студенттер


Борбор Азиядагы Америкалык университетинин түркмөнстандык жүздөн ашуун студентин түркмөн бийлиги белгисиз себептер менен аймагынан чыгарбай жатат.

Түркмөнстандык студенттердин мамлекетинен чыга албай жатканы тууралуу айтылганы менен, анын так себептери дале бүдөмүк калууда. Интернет булактарында болсо түркмөн бийлиги ушул жылдын август айынан баштап чет жакта окуган студенттер өлкөнүн Билим илим берүү министрлигинен уруксат алып, катталып жана паспортторуна атайын мөөр бастыруу керек деген жобо чыгарганын жазып чыгышты. Ал эми Борбор Азиядагы Америкалык университетинде окуган студенттерди алардын ата-энелери менен чакырып ар бир студенттин атын атагандан кийин алар окуп жаткан адистиктер Түркмөнстанга керек эместигин айткан.

Бишкекте негизинен Борбор Азиядагы Америкалык университет жеке менчик окуу жайы болгондуктан Түркмөнстан өз атуулдарын жалаң мамлекеттин карамагындагы жогорку окуу жайларда окутуу талаптарын коюп жаткандыгы себеп болууда деген пикирлер айтылууда.

Жайкы каникулда өз мекенине барбай калган Борбор Азиядагы Америкалык унивеситетинин түркмөн студенти кептин баары унивеситеттен болсо керек деп эсептейт:

- Менин оюмча университет акредитациядан өтпөй калса керек. Ошол да жолтоо болуп жатса керек. Мениче азыр Түркмөнстанда чет жакта окуган студенттер мамлекеттик окуу жайларда билим алуусу керек деген жаңы жобо кабыл алышкан. Биздин бийликтин мындай кадамга барганына бирден бир себеп да ушул болсо керек.

Университеттин жеке менчик абалы себеп болуп жатканын аталган университеттин калк менен байланыш бөлүмүнүн координатору Евгения Романовская да ырастады:

- Себеби Борбор Азиядагы Америкалык унивеситети жеке менчик окуу жай. Ошол үчүн жибербей жатканы чын. Ал эми унивеситеттин кагаз иштери лицензиясы жана аттестациясы баары жайында. Студенттер жагдайды жакшы түшүнүшпөй жатышса керек.

Деген менен университеттин студенти Азаматтын айтымында Түркмөнстандан чыга албай калган студенттер кайра келе алышпайт деген сөздөр да бар:

- Менин оюмча бул Түркменстандагы саясаттын айынан болуп жатат. Менин группамдагы дээрлик түркмөн окуучулар келбей калды. Аларды тизмеден чыгарып жатат. Эми алар кайра келбейт деп да айтып жатышат.

Эмнеси болсо да учурда Борбор Азиядагы Америкалык университетинин түркмөнстандык жүздөн ашуун студенти түркмөн тараптын эч кандай түшүндүрмөсү жок окууга келе элек.

- Бизде окуган жүздөй студент Түрмөнстандан келе албай жатышат. Аларга биздин билишибизче түркмөн бийлиги чыгуу визаларын бербей жаткан экен. Бул жакта азыр элүүдөй студент окуп жатат. Ал жактагы студенттерибиз качан келе алышат же деги эле келе алышабы - биз билбейбиз, - деди Борбор Азиядагы Америкалык университетинин медиа боюнча директору Шэрон Байли.

XS
SM
MD
LG