Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

Бирөө ичкенге суу таппаса, бирөө кечкенге кечүү таппайт


Суу самитинин сыртындагы демонстрациядагы кагылыш, 16-март, 2009-ж.
Суу самитинин сыртындагы демонстрациядагы кагылыш, 16-март, 2009-ж.

Истамбулда ушул аптада Бешинчи суу самити уланууда. 130 өлкөнүн расмий өкүлдөрү, активисттер жана бизнесмендер суу маселесин чечүүнүн ар кыл жолдорун издешүүдө. .

Кыргызстандай тоолуу мамлекеттерде, Канада менен Сибирдин тундрасында суу кенен, ал эми Фергана, Сахара, түштүк-батыш Америка сыяктуу жерлерде суу тартыш, кургакчылык өкүм сүрөт. Жаратылыштын мындай "акыйкатсыздыгын" жоюнун жолдорун адам баласы эбактан бери издеп келет.

Борбор Азиянын кургакчыл аймактарындагы суу тартыштыгын жою үчүн Сибирдин Омбу дайрасын Казакстан, Өзбекстанга буруу сунушу ондогон жылдардан бери улам айтылып жүрөт. Бирок буга көп чыгым керек, жаратылышка да залака тийиши мүмкүн. Ал эми суу башындагы Тажикстан менен Кыргызстандан келген суу үчүн коңшулары акы төлөгөнгө көңүлдөнбөйт.

Мындай баш оору дүйнөнүн башка аймактарына да мүнөздүү. Европа комиссиясы учурда Австриянын мөңгүлүү Алп тоолорунан сууну түтүк аркылуу Испания менен Грецияга жиберүүнүн мүмкүнчүлүгүн издеп жатат.

Ал эми 19-кылымда Суэц каналын курган компания Франциянын Рона дайрасынан сууну Испаниянын Барселона шаарына канал аркылуу жеткирүүнү сунуш эткен.

Андерс Бернтел Стокгольм Эл аралык суу институтунун аткаруучу директору. Ал мындай долбоорлорду ишке ашыруу өтө кымбат экендигин белгилейт:

Суусу көп аймактардан аны кургакчыл жактарга ташууну башка мүмкүнчүлүктөр менен катар караш керек. Бирок бул өтө кымбат, суу түтүгүн жаткыруу, канал казуу жана башка жолдор өтө көп чыгымды талап кылат.

Мындан тышкары мамлекеттер аралык долбоорлор үчүн тараптардын саясий чечими керек. Анткени курулуш чыгымдарынан сырткары, сууну сатуу, же бекер берүү, сатылса баасын бычуу, жаратылышка залакасы сыяктуу көптөгөн талаштуу маселелерди да чечүү зарыл.

Ошентсе да, чектелүү мүнөздөгү айрым жылыштар жок эмес. Түркия Анталиядан Жер ортолук деңизине куючу Манавгат өзөнүнүн алабасында 150 миллион долларга суу экспорттоочу бекет курду. Андан суу танкерлер менен коңшу мамлекеттерге жеткирилет.

Израил Түркиядан жылыга 50 миллион куб метр суу алып турууга макулдашкан. 20 жылдык келишим боюнча, Израил Түркияга 1 миллиард доллардан төлөйт.

Сууну сатпастан, бартердик жол менен алмашуу да мүмкүн:

- Өйдө жактагы өлкө сууга бай, ылдыйдагы өлкөдө суу тартыш, бирок азык-түлүк өстүрүүгө шарт жагымдуу болсо, өйдө жактагы өлкө коңшусунан суу үчүн азык-түлүк алса эмне үчүн болбосун. Соода келишими аркылуу мындай азык-түлүктү субсидияланган баада алуу мүмкүн, - дейт швециялык адис.

Бернтелл Түштүк Африка менен Лесотону мисалга келтирди:

Түштүк Африка менен Лесотонун ортосунда түзүлгөн келишим боюнча, Лесотонун суу сактагычынан суу Түштүк Африканын Йоханесбург шаарына жана анын айланасындагы көмүр казган ишканаларга ташылат. Түштүк Африка суу үчүн Лесотонун мамлекеттик казнасына чоң суммада акча төлөп турат.

Мындай келишим Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда да түзүлсө бардык тараптар утмак, анткени Сибирден бул аймакка дайраларды бурууда көптөгөн саясий маселелер чыгат. Анын үстүнө, жок дайраны бар кылгандан, бар дайранын суусун ынтымакташып бөлүштүрүү арзанга түшмөк.

XS
SM
MD
LG