Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

Өлкө түштүгүндө коогалаң башталганда өзүн жоготуп койгон Убактылуу өкмөт тыштан аскерий жардам сурап ийген. Чет элдик өнөктөштөр болсо гуманитардык жардам менен гана чектелишти.

Ошентсе да Убактылуу өкмөт өлкө боюнча мобилизация жарыялап, ооганчылар, запастагы офицерлерди тартып атып өз күчү менен көзөмөлдү колго алууга жетишти.

Ошентсе АКШ, Орусия президенттеринин бийик деңгээлдеги жолугушуусунда Кыргызстандагы кырдаал кеп болуп, дүйнө коомчулугу Кыргызстандагы көйгөйдүн тынч чечилишине жардам берүүсү керектиги айтылды.

Кыргызстандагы кырдаалды талкуулашкан АКШ менен Орусиянын президенттери, Вашингтон менен Москва бул өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу багытында эл аралык уюмдар, Кыргызстандын коңшулары жана башка күчтөр менен бирдикте, макулдашылган аракет көрүү керек деген бүтүмгө келишти.

АКШ президенти Барак Обама өз сөзүндө, Кыргызстандагы тынч калкты коргоо аракеттери кайсы бир мамлекеттин туусу астында эмес, дүйнөлүк коомчулуктун туусу алдында болушу керектигин баса белгиледи.
Эгерде үчүнчү күчтөр арачалай турган күчтөр болсо, аларды туура тандай турган болсок, анда аларды эч ким сындай албайт эле....
А.Мамбеталиев

АКШ бийлиги бул жерде кокус кырдаал кайрадан курчуп кетсе Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (Орусия башындагы күчтөр) күчтөрү эле эмес, сөзсүз башка эл аралык тынчтыкты орнотуу күчтөрү да аралашуусу керектигин эскертти. Орусия президенти Дмитрий Медведев болсо ырасмий Москвада азырынча Кыргызстанга аскер киргизүүнү планы жоктугун, бирок кырдаалга жараша ЖККУ алкагында чара көрүлөрүн билдирди.

Кыргызстандык айрым эксперттер бул жерде ири державалардын чоң оюну болуп атканын да каңкуулашат. Анткени Кыргызстанда АКШнын да, Орусиянын да аба базалары жайгашып, Борбор Азияга таасирин жайылтуу боюнча бул эки держава атаандашып келишет. Бирок Кыргызстандын түштүгүндө болгон коогалаң көбүнчө ички факторлорго байланыштуу.

Саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев “Азаттыкктын” суроолоруна жооп берип, 7-апрелден кийин Кыргызстандан эбегейсиз көлөмдөгү акчалар агып чыкканын, Ош жана Жалал-Абаддагы баш аламандыктарда ошол акчалар колдонулуп, чоң чагым жасалганын билдирди. Ошондой эле ал кагылыштар уланып кете турган болсо Кыргызстандын ички күчтөрүнүн алы жетпей калабы деп чочулоодо:

- Бул жерде абдан акылмандык менен аракет кылып, туура чечимдерди кабыл алуу керек. Идеалдуу нерсе болбойт, бирок эң эле ылайыктуу жолду тандоого болот.

Эгер ички күчтөрдү гана колдоно берсек, анын деле кесепети болот. Анткени бизде ар кыл этникалык топтор бар. Ошолор, бийликти сындап аткан оппозиция кыйкырып чыгат. “Өлтүрдү, кырды” деп кыйкырып атып күчөтүп жиберишет. Эгерде үчүнчү күчтөр арачалай турган күчтөр болсо, аларды туура тандай турган болсок, анда аларды эч ким сындай албайт эле.


Ошондой эле А.Мамбеталиевдин пикиринде, Убактылуу өкмөттө кырдаал боюнча чар-жайыт саясат жүрүп атканы, бири-бирин укпагандыктары жана толук легитимдүү бийликтин жоктугу кошул-ташыл болуп, дал ушул себептен улам кырдаалдын мындан ары жайгарылышына ишеним аз болууда. Андыктан референдумду өткөрүп, жаңы баш мыйзамдуу, жаңы президенттүү болуу зарыл болуп турат.
Сырт жактан күч киргизүүнүн кажети жок. Анын үстүнө аларга болгон мамиле кандай болот? Коомчулук аларды тынчтыкты орнотуучулар келди деп кабыл алабы же баскынчылар келди деп кабыл алабы?... Б.Бөрүбашев


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму болсо Кыргызстанга тынчтыкты орнотууга көмөктөшүү максатында эл аралык полиция күчтөрүн жиберүүнү сунуштоодо.

Кыргызстанда иш-сапары менен болгон ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын атайын өкүлү Киммо Килюнендин айтымында, эгер эл аралык полиция күчтөрү келе турган болсо жергиликтүү күчтөргө кеп-кеңеш жагынан чоң көмөк кылышмак. Бирок К.Килюнен эл аралык полициялар куралсыз келиши керектигин айтууда.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү башында апкаарып калганы менен азыркы тапта тышкы эл аралык күчтөрдү, полицияларды Кыргызстанга киргизүү боюнча шашылбай турат.

Дагы бир саясий серепчи Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, ушул тапта Кыргызстанга эл аралык күчтөрдү киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Эң оптималдуу жол – ички күчтөрдүн эсебинен кырдаалды толук жөнгө салуу керек:

- Сырт жактан күч киргизүүнүн кажети жок. Анткени ал күч кирсе, ал кандай шартта кирет? БУУнун мандаты менен киреби? ЖККУнун мандаты менен киреби? Болбосо ири державалар сүйлөшүп туруп полициялык же армиялык күчтөрдү киргизеби? Буларды киргизүүнүн шарты болот. Ал аскерлердин макамын тактап, далилдеп беришибиз керек. Анткени алар кандай кызмат аткарарын аныктоо, тактоо өтө оор маселе. Анын үстүнө аларга болгон мамиле кандай болот? Коомчулук аларды тынчтыкты орнотуучулар келди деп кабыл алабы же баскынчылар келди деп кабыл алабы?

Ошол себептүү өз күчүбүз менен басуубуз керек. Буга күч жетиштүү. Анткени мобилизация жүрүп, запастагы аскерлер чакырылып, куралдуу күчтөр чыңала баштады. Бирок мындай шартта легитимдүү жолго тезирээк түшүп, булардын үстүндө катуу иштөө керек.


Ошондой эле талдоочулардын пикиринде, учурдагы бийлик маалымат каражаттарынын, кырдаалды түшүнгөн эксперттердин, эл аралык уюмдардын кызматынан пайдаланып, түшүндүрүү иштери аркылуу абалды турукташтырууга зор күч жумшап, тышкы күчтөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн акыркы орундарга жылдыруусу керектей.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG