Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Москва кемелерине Испаниядан май куюп алуу өтүнүчүн артка кайтарып алды


"Адмирал Кузнецов" крейсери
"Адмирал Кузнецов" крейсери

Орусия “Адмирал Кузнецов” крейсери башында турган учак ташыган кемелеринин Испания портунда май куюп алуусун суранган өтүнүчүн артка кайтарып алды.

Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады. Сеута-Марокконун түндүгүндөгү Испаниянын анкалавы. 2011-жылдан тарта ал жакка май куюу үчүн ондогон орусиялык аскерий кемелер токтоп келген. Маалымат каражаттарынын билдиришинче, Орусиянын кемелери бул жолу 26-октябрда да токтомок. Ал эми Мадриддин буга уруксат берүүсү НАТОго мүчө өлкөлөрдүн нааразылыгын жараткан. Көп өтпөй испан бийликтери бул суроону кайра караштырарын маалымдашкан.

“Адмирал Кузнецов” Орусиядагы учак ташыган кеме. Ал ондогон бомбалоочу учактарды алып жүрө алат. Кеме атомдук крейсердин жана төрт башка кеменин коштоосунда гана сууда жүрөт.

НАТОнун маалыматына ылайык, кемелер Алепподогу аба чабуулдар үчүн Сириянын жээктерине аскерий учактарды жеткизишүүдө.

XS
SM
MD
LG