Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Обама Ирактагы согушту токтотобу?


Бүгүн таңкы “Азаттыкта” ЖК депутаты, социал-демократтар партиясынын мүчөсү, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева, саясатчы Токтогул Какчекеев жана саясат талдоочу Марс Сариев АКШдагы шайлоо тууралуу тегерек үстөлдө маек курушту.

Азаттык: -Урматтуу коноктор, эки талапкердин жакшы жактары, атаандашына караганда артыкчылыктары тууралуу кеп кылсак. Акыркы убактарда жүргүзүлгөн сурамжылоолор Барак Обама шайланып калса, АКШнын ички социалдык маселелерин чечүүгө көбүрөөк басым жасайт жана Орусия сыяктуу мамлекеттер менен АКШНын мамилеси жумшарат. Бул тууралуу ал шайлоо алдында убада кылган эле. Ал эми эс алуудагы аскер адамы, согуштун ветераны жана туткуну, бай саясий тажрыйбасы бар Жон МакКейн дүйнө түзүмүнө көңүл буруп, Орусия сыктуу мамлекеттер менен мамилесин ачыктап, Борбор Азия чөлкөмү сыяктуу өлкөлөрдө демократиянын орношуна басым жасайт турганы айтылган. Мына бул артыкчылыктары менен булардын кимиси америкалык шайлоочуларды ынандыра алды, деп ойлойсуз? Роза айым, сөздү сиз баштасаңыз.

Роза Отунбаева: -Биринчиден Американын президенттери шайлангандан кийинки алгачкы эки-үч, керек болсо төрт жылда жалаң ички иштер менен алек болушат. Бул аларда салтка айланган. Анткени көп убадалар берилген болчу. Мына ушундан кийин гана күчү болсо экинчи мөөнөткө шайланып, чет мамлекеттерди кыдыра башташат. Ошондуктан, экөө тең эле убадалуу болгону үчүн, булар көп социалдык-экономикалык убадаларды беришти. Анын үстүнө азыр дүйнөлүк экономикалык-каржылык кризис болуп атат, бул эң биринчи Америкада башталып, алар кыйрап, анан бизге тарап атат. Кимиси шайланбасын, алар ушуну менен алек болуп, ички фронтто көп иштешет. Америкада да жакырлар көп, муну биз тактап койолу. Алардын ичинде кара түстүүлөр, латынамерикалыктар бар. Алардын баары биздин кыргыздар Орусияга сүрүлгөндөй эле, латын америка элинин дээрлик жарымы Америкага сүрүлүп, ошол жерде кара жумушта иштеп жүрүшөт. Мына ушулардын добуштары менен Барак Обама президенттик таймашка чыгып отурат. Ал сөзсүз ошолордун социалдык проблемаларын демократиялык түрдө чечүүгө абзел.

Токтогул Какчекеев: -Американын саясий тарыхында өңү буруу адамдын президенттик орунга талапкер болушу алгачкы жолу. Бул өзүнчө дүйнөлүк саясатта да кызык көрүнүш болууда. Анткени өткөн кылымдын 60-жылдары расизмди, улутчулдук сезимди жойгон мамлекет бүгүнкү күндө Барак Обаманы алдыга өткөрөбү, деген арсар ой бар. Анткени көпчүлүк мигранттар добушка ээ боло албайт, экинчиден АКШда эгерде 200 миң долларлык менчигиң болбосо, добуш бере албайсың. Ал баягы туруктуу адамдын тоскоолдугу болуп эсептелет. Бирок бүгүнкү күндө Обаманын президенттикке талапкер болуп келиши Атлантик кеңешинин төбөлдөрүнүн оюнан чыккан, деп айтууга да болот. Анткени Американын эл аралык аброю кийинки он жылда аябай чөгүп кетти. АКШ бүгүнкү күндө баскынчылык саясаты менен Иракта, Югославияда, Корея (Түндүк –авт.) менен Иранга кылган мамилелери менен, андан тышкары Ирактын туткундарына жасалган мамилелер –Абугрейбде болгон окуялар американын сезимтал коомчулугуна өтө оор тийип атат. Ошондуктан, Обама ошол эле кара континетти, сары континентти жана калган КМШдагы аралаш континеттеги элдерди өзүнө тартууга кандайдыр бир кызыкдар кылат, деген саясат менен алдыга чыгарылып жатат, деген да жоромол да бар. Экинчи жагынан улутчул кыймыл жеке эле АКШ эмес, Европа, Орусияны камтып келе жатат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө аларда күч чоң жана ошого кызыкдар болгон трансконтиненталдык компаниялар Жон Маккейнди колдоп кетүүсү мүмкүн. Анткени курал-жарак чыгаруучу, аскерий компаниялардын баары республикалык партиянын мүчөлөрү болуп эсептелет. Анткени республикалык партия көбүнчө капиталды колдогон, чоң ишкерлердин партиясы деп койсок болот.

Марс Сариев: -Мен маектештердин пикирлерине толук кошулам. Бирок АКШнын башына Барак Обама келеби, Жон Маккейн келсе да, алардын артында бир чоң саясий институттар турат. Бул АКШнын системасы. Ошондуктан, бул келсе бул жакка, тиги келсе тиякка ооп кетет, деп ойлоо туура эмес. Американын эли улуттук азчылыктын өкүлдөрү Кондолиза Райс, Колин Пауэллдин ишин, аракетин, алардын натыйжасын көрдү. Алар расизмден кетүүнүн жолун, кантип өнүгүп кетүүнүн жолун издеп атышат. Америка мындай жол менен өлкөдө демократия бар экендигин дүйнөгө көрсөтүп атат. Мына кара түстөгү адам да президенттик шайлоого катыша алышат, расизм жок, англосакстардын теориясы да утуп кеткен жок, деп АКШнын аброюн дүйнөгө көтөрүүгө аракеттенип жатышат. Бирок бир нерсени билишибиз керек: АКШда система бар, мамлекет башына кокусунан эле бир адам келбейт.

Азаттык: -Расизм тууралуу кеп болуп жатат.Жаш, энергиясы ашып-ташып турган күчтүү саясатчы Барак Обама өңү кара тору болгону үчүн ак түстүүлөрдүн, ошол эле учурда кара торулардын ага ак адамдар сыяктуу мамиле кылгандыгы үчүн жеңишке жетпей калуусу ыктымалдыгы айтылууда. Тышкы саясатта тажрыйбасы бар, АКШда элчи болуп иштеп келген адам катары Роза айым, сиз айтсаңыз, АКШдагы бүгүнкү расизм өңү буруу адамдын мамлекет башына келүүсүнө тоскоол боло алабы?

Роза Отунбаева: -Мен 1992-жылы Билл Клинтондун шайлоосунда Америкада болуп калдым. Ошол жылы Вашингтондо Кыргызстандын элчилиги жаңы ачылган эле. Шайлоо учуру абдан бир толкундата турган мезгил Америкада. Мына быйыл да мен АКШга Улуттук демократиялык конгресске, б.а. демократиялык партиянын курултайына бардым. Элдин энтузиазмы укмуш –агыбы, карасыбы, латиносу болобу.. Латинос дегеним ошо мурдагы мигранттар жарандар болуп калышкан. Калифорния сыяктуу бир топ чыгыш штаттарында испан тили мамлекеттик тил болуп саналат. Расизм маселеси тууралуу сурап атасыз, бул шайлоодо ачык-айкын эле угулуп турду. Биз дайымы шайлоо учурунда муну айтуудан уялабыз же жашырабыз, орустар орустарга, кореецтер кореецтерге добуш бергенин. Бул жерде сектор менен бөлүп салган. Азыр деле мына шайлоону эсептеп отурганда латиностор канча пайыз берет, кара түстүүлөр бул штатта көбүрөөк деп, мисалы Калифорнияда, Иллинойсто деп бөлүп атышат. Республикачылардын талдоочулары ачык эле “Акүйдө эки кара чуркап жүрсө кандай болот?” деп ачык эле айтып атышат. Америка өз президентине ушунчалык карайт, көп көңүл бөлөт, анан булар ошол жерде отурса кандай болот, деп ачык айтып атышат.

Токтогул Какчекеев: -Расизм же улут кууган сезим –табигый нерсе. Мындан Америкада болобу, кичинекей Кыргызстанда болобу,

жаатташкан сезим саясатта, бийликте дайыма болгон. Бирок бүгүнкү күндө Америкадагы шайлоого кезек күткөндөрдүн көпчүлүгү –түстүү адамдар. Анткени булар айтып атат: Лютер Кингди атып кеткенден кийин бүгүнкү мөрөй, биздин талантуу Обамабыз бийликке келиши керек, анткени Америка –мигранттардын мамлекети, ошондуктан, Барак Обаманын президент болуу укугу бар, деп. Анткени кара түстүү адамдар 20 млн дун чегинде турат, 5-6 млну латын америкалыктар жана башкалар. Ошондуктан, бүгүнкү күндө расизм мурдагыдай баш көтөрө албай калганы менен бүгүн 80-90% капитал булардын колунда. Ошондуктан Америкада шайлоонун бюджети канча күч болсо, ошондой күчтүү иштер чектеле берет. Расизм бүгүн көмүскөдө болгону менен чоң шайлоого келгенде чоң бир коомчулуктар иштейт. Марс айтып кеткендей атайын система бар, Түндүк Атлантика кеңеши деп коет, булар президентти даярдап, ким президент болорун ошолор аныктап, ошолор чектейт. Ошолор түзгөн сценарийдин негизинде бийликке келүүчү адамдар болот. Ошондуктан, Барак Обаманын саясий дүйнөлүк аренага чыгарылышы –биринчиден АКШнын бошоп, төмөндөп кеткен аброюн Обаманын аркасы менен кайра көтөрүп, дүйнөлүк элдин көпчүлүк көз караштарын бурууга аракеттенип жатат, десек, бул стратегиялык ой туура келет деп айта алабыз.

Марс Сариев: -Бир нерсени айтып коюу керек: Американы эзелтен бери эле алтымыш үй-бүлө эле кармап жүрөт, деген сөздөр бар. Алар –Европадан, Англиядан келген англосакстар. Азыр болсо дүйнө өзгөрдү. Расалар аралык, улуттар аралык согуштар башталып аткан учурда, АКШда аны токтотуу үчүн чоң институт, лабараториялар изилдеп, буга каршы саясий концепцияларды түзүп атышат. Азыркы президенттик шайлоо да мына ушуга негизделген, деп айтууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Роза Отунбаева: -Расалык көйгөй -өтө сезимдүү көйгөй. Мен шайлоо убагында АКШда болдум. Бул демократтардын электораты –интеллигенция, өзгөчө жаштар. Жаштар мурда шайлоого барбачу. Жорж Буш 30 пайыздан кем эл менен шайланып эле сегиз жыл президент болуп отурду. Азыр болсо эл ушунчалык шайлоого дилгирлигин көрсөтүп атат. Мына 153 млн шайлоочу катышып атат. Бул менимче өтө кызык жараян болуп жатат. Биринчи жолу кара адам Американын башчылыгына шайланса –бул дүйнө жүзүнө өтө чоң сигнал. Биз бир тоскоолдуктан өтүп бара жатабыз. Мен айтат элем: Барак Обаманын шайлоого келиши жалаң эле жанагыдай Түндүк Атлантикалык схема менен болгон жок. Элдин өзүнүн демилгеси да абдан күчтүү болуп жатат. Дүйнө жүзүндө да. Азыр Кенияда, Африкада жана башка жактарда баары эле Обамага өз добуштарын берип атышат. Чындыгында эле дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекетте бийликтин чокусуна кара адам шайланып атат, деген –абдан чоң өбөлгө.

Азаттык: -Дүйнөдөгү ири өлкөнүн биринде болуп жаткан президенттик шайлоого кыргызстандыктар да терең көңүл буруу менен байкоо салып турушат. Анткени жаңы президенттин келиши менен АКШнын Кыргызстанга болгон мамилесинде да кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуусу мүмкүн деген пикирлер бар. Же бул мурдатан калыптанып келе жаткан система катары өзгөрүүсүз калабы? Токтогул мырза, АКШнын аскерий аба базасынын Кыргызстанда туруусуна каршылыгыңызды айтып жүрөсүз. Сиздин пикириңиз?

Токтогул Какчекеев: -Мен дайыма эле каршымын. Мага жеке эки талапкердин кимиси бийликке келет, баары бир. Анткени алар чоң “Борбор Азия” деген программаны түзүп койгон. Ошол программаны ишке ашырууга аракет кылышат. Обаманын келиши –кыргыз элине, түстүү элдерге бир аз жакынчылык кылат, анткени ал өтө дилгир, акылдуу адам. Ал мусулман диний маданиятын да, христиандык маданий мурастарды жакшы түшүнгөн адам. Ошондуктан, анын сөзү мына ушул Куран, Инжил, Тоораттагы баалуу баскычтарына, көз караштарына таянылып айтылып, элге жагып жатат. Ошол эле учурда ал жаңы саясаттын, жаңы көз караштын, жаңы нуктун чабарманы болуп, дүйнөлүк элге өзүнүн кызыкчылыгын тартуулап атат. Бирок АКШ баары бир өз кызыкчылыгын эч качан кое бербейт. Анткени анын күчү -17 триллион ички дүң продукциясында турат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк энергетика булактарынын 40%, минералдык ресурстардын 20% алар сатып алышат. Мындай күч менен Европа, Кытай же башка мамлекеттер барганда дүйнөлүк байлык көп болсо 15 жылга жетет. Ошондуктан, Обаманын да, Жон Маккейндин да кызыкчылыгы –капиталисттик мамлекеттин күчүн тайытпас үчүн болот. Кыргызстандын геостратегиялык жактан жайгашуусу АКШ үчүн өтө маанилүү.

Азаттык: -Эгер Барак Обама президент болсо Ирактагы согушту токтотот, деген пикирлер да бар. Сурамжылоолор учурунда айрым америкалыктар акыркы убактардагы экономикалык кыйынчылыктарга мына ушул согуштун кесепети тийди, деген ойлорун айтышкан. Эгер АКШ террорчулукка каршы күрөштү токтотууну чечсе, аскерий аба базасын алып чыгып кетсе, Борбор Азия аймагындагы террорчулук күчөшү мүмкүн, деген коркунучтар бар. Марс мырза, сиз кандай ойлойсуз?

Марс Сариев: -Токтогул мырзага кошулат элем. Ким келбесин, Обама келеби, Маккейн келеби, алар эң биринчи Американын кызыкчылыгын коргойт, дүйнөгө андан ары таасир этүү жактарын жылдырат. Кандайдыр бир учурлар, ньюанстар гана болушу ыктымал: Обама келсе гуманитардык жактан ньюанстар көбөйүүсү ыктымал, ал эми Маккейн келсе консервативдик жактан. Бирок экөөнүн тең эле мамилеси бирдей эле болот.

-Урматтуу маектештер, сиздерге чоң ыраазычылыгымды билдирем!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG