Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Француз министри: "НАТО аскерлерин Өзбекстан аркылуу чыгаруу кымбатка түшөт"


Франциянын коргоо министри Жерар Лонге НАТОнун Ооганстандагы аскерлерин Өзбекстан аркылуу чыгарып кетүү “өтө эле кымбатка түшөөрүн” айтты. Бул тууралуу француз министри "L'Orient-Le Jour" басылмасындагы маегинде билдирди. Министр ал үчүн расмий Ташкен канча акча сурап жатканын тактаган жок. Учурда Өзбекстан жана Тажикстан менен аскерлерди алардын аймагы аркылуу чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын гана кошумчалады.

Коалициялык күчтөрдүн Ооганстандагы аскерлери Пакистан аркылуу деле чыгарылса болоорун, бирок соңку кездерде бул өлкөнүн жетекчилиги менен мамиле бузулуп кеткени буга жол бербей жатканын да кошумчалады министр. АКШ ооган жериндеги аскерлерге жүктү темир жана автожолдор менен Өзбекстан жана Тажикстан аркылуу ташыйт. Ал үчүн, министр Жонгенин айтымында, Американын өкмөтү жылына Борбор Азиядагы мамлекеттерге жарым миллиард доллар сарптайт.

НАТОнун жетекчилигиндеги коалициялык күчтөрдүн аскерлери Ооганстанга 2000-жылдардын башында жайгаштырылган жана 2014-жылдын аягына чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек.

XS
SM
MD
LG