Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Ооганстан: талип коркунучу, ооган кыргыздары


Алыскы тоолуу айылдарга шайлоо бюллетендери эшекке жүктөлүп жиберилди. 23-март, 2014-жыл
Алыскы тоолуу айылдарга шайлоо бюллетендери эшекке жүктөлүп жиберилди. 23-март, 2014-жыл

Чет элдик аскерлер кетээрдин алдында Ооганстанда мамлекет башчы алмашууда. Президенттик шайлоону уюштуруудагы кыйынчылыктар, "Талибандын" кайтып келүү коркунучу, улуттук азчылыктар, анын ичинде ооган кыргыздары менен аялдардын абалы кандай?

Өлкөдөгү жогорку кызматка сегиз талапкер ат салышууда. Алардын ичинен негизги атаандаштар катары мурдагы тышкы иштер министри, тажик тектүү Абдулла Абдулла, мурдагы каржы министри Ашраф Гани Ахмадзаи жана мурдагы тышкы иштер министри Залмай Расул аталууда. 2001-жылы бийликке келип, эки мөөнөт өлкөнү башкарган Хамид Карзай кийинки мөөнөткө бара албайт.

Чет элдик аскерлер чыгарыла турган жылы өтүп жаткан шайлоо көпчүлүктүн көңүлүндө болуп турганы таң калыштуу эмес. Бийликтер талиптердин коркутуусуна карабастан, шайлоого эл күжүрмөн катышат деген ишенимде. АКШ 2001-жылы Ооганстанда анти-террордук операция баштагандан кийин бийликтен кулатылган талиптер шайлоону үзгүлтүккө учуратарын эскертишкен.

Айткандай эле 2-апрель күнү кеминде 15 кишинин каны төгүлдү. Анын ичинде алты тартип коргоочуну Кабулда жардырып, жок кылган жанкечтини талиптер «биз жибердик» деп жарыялашты.

Кабулдун тургуну Вакас Ария жардыруу Ички иштер министрлигинин жанында болгондугун айтып, кырдаал турукташпаса, элге добуш берүү кыйын болоорун белгиледи.

Ал эми АКШнын Мамкатчысы Жон Керри Ооганстандагы президенттик шайлоо «өлкөнүн демократияга өтүшүндөгү» бурулуш болуп калат деген ишенимин билдирди. НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен болсо соңку чабуулдарга карабастан, "Ооганстанда зомбулуктун масштабы акыркы эки жылдагы эң төмөнкү деңгээлде экени чын", деп бышыктаган.

Борбор Азиянын коопсуздугу

Бейстабилдүүлүктүн тереңдеши, ошондой эле терроризм жана баңги аткезчилигинин күч алыш коркунучунан улам, Ооганстандагы шайлоо Борбор Азия үчүн да чоң мааниге ээ. Бирок байкоочулар башкы коркунуч талиптерден мурда, аларга таламдаш борбор азиялык террор топторунан болоорун белгилешүүдө.

Кыргызстанга келген пакистандык белгилүү саясий баяндамачы Рашид Ахмеддин пикиринде, америкалык аскерлер кеткенден кийин, талиптер Ооганстандын түштүк-чыгыш аймактарын басып алышы мүмкүн. "Азаттыкка" берген маегинде Ооганстандын түндүгүндө талиптерге каршы, бирок мамлекетке баш ийбеген бир топ куралдуу күчтөр да бардыгын, алар менен катар талиптерге ыктаган борбор азиялык террор топтору күч алышы ажеп эмес экендигин белгиледи:

- Талиптер Борбор Азияга коркунуч келтирет деп ойлобойм. Бирок Борбор Азиянын өзүндө да мурдатан келаткан айрым радикал күчтөр, алсак, Өзбекстан ислам кыймылы бар. Алар он жыл мурдагыга караганда кыйла күчтөнүп алышты. Мына ушул топтор талиптер же “Ал-Каида” менен биригип, Борбор Азияга коркунуч келтириши мүмкүн.

Бишкекке "Роза Отунбаеванын демилгеси" корунун чакыруусу менен келген Ахмед Рашид «Талибан: Күжүрмөн Ислам, Нефть жана Борбордук Азиядагы фундаментализм» деген белгилүү изилдөөнүн автору.

АКШдагы Жеймстаун изилдөөлөр корунун Евразия боюнча аналитиги Жейкоб Зенн да Ооганстандан башкы коркунуч Кыргызстанда тыюу салынган "Жайшүл-Махди" өңдөнгөн борбор азиялык уюшкан куралдуу топтор аркылуу болоорун, баңги аткезчилиги күч алаарын, кытайлык уйгур сеператисттери да талиптер менен коюн-колтук мамиледе экендигин белгилейт.

Анын айтымында, ооган шайлоосундагы талапкерлердин бири да талиптерди колдобойт, бирок аларды тынчтык процессине аралаштырууну жактагандар бар. Жейкоб Зенн талиптер чет элдик күчтөр жыл этегинде чыгарылгандан кийин, айрым чабуулдар болушу мүмкүн деди. Изилдөөчүнүн пикиринде, Борбор Азияга коркунуч келтирүүчү коркунучтар бир нече жылда барып күч алат:

Жакынкы мезгилдерде бул уюшмалар көргөзмө үчүн чукул чабуулдарды жасашы толук ыктымал. Маалымат каражаттарында көрүнүп коюш үчүн ошентишет. Бирок бул узак мезгилдүү процесстин башталышы гана болуп калат.

Ооган кыргыздары

Ооганстанда саясий кырдаалдын курчушу өлкөдөгү азчылыктарга да көп оорчулук алып келет. Өлкөдө аз сандагы ооган кыргыздарынан сырткары, хазарлар, өзбек, түркмөн жана башка көптөгөн элдер бар. Ооган кыргыздарынын Кабулдагы өкүлү, парламенттин экс-депутаты Турдакун ажы Атабек уулу кыргыздардын камын ойлогон киши бийликке келет деп үмүттөнүп, "Памырлык кыргыздар да добуш бергени жатышат. Аларга элдин, мамлекеттин абалын ойлогон адамдарга добуш бергиле" дегенин айтты.

Ооган кыргыздары жашаган Вакхан тилкеси Ооганстандын Бадахшан провинциясына карайт. Өткөн айда Бадахшан дубанында болгон изилдөөчү Жейкоб Зенн Тажикстан менен чектеш бул аймакта талиптер пайда болгондугун эскертти. Анын көз карашында, талиптердин күч алышы бул аймактагы улуттук азчылыктар үчүн өтө чоң коркунуч жаратат:

- Бадахшанга талиптер да келип калган. Мында исмаилиттерге окшогон диний азчылыктар жашайт. Эгер Бадахшанда талиптер бийликке келсе, диний азчылыктар үчүн өтө коркунучтуу болот. 2001-жылга чейин кыргынга учураган хазарлар сыяктуу, исмаилиттер да апаатка туш келиши мүмкүн. Буга чейинки согуштарда ооган кыргыздары өтө бийик жашагандыктан, талиптер аларга жете алган эмес, бирок Тажикстан менен Кытай чек аралары жабык экендигин эске алганда, өрөөндүү аймактарда талиптердин бийлиги орносо, кыргыздар такыр эле соода-сатык жүргүзө албай калышы мүмкүн. Бул Памирдеги гуманитардык кризисти ого бетер курчутуп, олку-солку абал создугуп кетсе, кыргыздар Пакистан аркылуу качышы ажеп эмес.

"Азаттык" менен маегинде Турдакун ажы ооган кыргыздары арасында Кыргызстандан көмөк болбосо, Түркияга кетебиз деген маанай бар экендигин четке каккан жок:
Турдакун ажы Атабек уулу, Бишкектеги "Азаттыктын" студиясында
Турдакун ажы Атабек уулу, Бишкектеги "Азаттыктын" студиясында

Ооганстанда өкмөтүбүз түбөлүгүбүзгө, келечегибизге жакшы болбой кетсе, кантебиз дейбиз. Жолубуз курулбайт, балдардын билим алуусуна шарт начар, оорукана жок. Кыргызстан кайрылышпаса, тилибиз, уруубуз жоголсо да, Түркияга кетип калганыбыз туура болот дегендер болуп жатат.

Турдакун ажы мурдагы маектеринде Кыргызстан кур дегенде тажик, ооган бийликтери менен сүйлөшүп, кышкысын малчылардын Мургабда же Алайда кыштоосуна сезондук жол ачтыруусу максатка ылайык экендигин айткан эле. Бир миң чакты ооган кыргыздары арасында мал-мүлкүнөн ажырап калууну каалабаган оокаттуу адамдар Кыргызстанга көчүп кетүүдөн чочулашаары айтылып келет.

Ооган кыргыздары Ооганстанда атайын макамга ээ – алардын балдары аскерге алынбайт жана салык төлөшпөйт. Өлкө үчүн стратегиялык маанидеги чек ара аймагындагы кайгуул кызматында деп саналып, аларга ооган парламентинде бир мандат берилген.
Памирлик кыргыздардын өкүлү Абдилмиталип Сиражидин "Азаттыкка" маек курду. (13.03.2014)
Памирлик кыргыздар элчи жиберди
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:08 0:00

Ал арада ооган бийликтери учак, машиналарга жүктөп, жер-жерлерге шайлоо бюллетендерин жөнөтүүдө. Памир сыяктуу өтө алыскы аймактарга адатта тик учмалар жиберилет. Мүмкүнчүлүк чектелүү болгондуктан, алыскы айылдарга бюллетендерди эшекке жүктөп жиберип жатышат.

Шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Нур Мухаммад Нур 50 чакты алыскы ооданда жергиликтүү тургундардан үч миңдей эшек ижарага алынганын бышыктады. Өлкө боюнча бардыгы болуп 30 миңдей шайлоо бекети болсо, алардын 10 пайызга жакыны кол салуу коркунучунан улам шайлоо күчү ачылбайт деп болжолдонот.

Ооган жергесинде бул шайлоодон жүрөк заада болгон азчылыктардын арасында үч миңдей сикх да бар. Диний дискриминацияга жана зордук зомбулукка кабылып келген бул элдин саны тынч замандарда 100 миңге жетчү. Алар «бизди өкмөт ойлобойт» деп нааразы болуп, 5-апрелдеги шайлоону бойкоттоону чечишти.

55-жаштагы Гужрат деген киши "Азаттыкка" корбашылар согуш мезгилинде алардын жерлерин тартып алгандыктан, сикхтер жада калса өлгөндөрдү да өз салты менен жерге бере албай тургандыгын билдирди. Өткөн жылдын этегинде ооган парламенти сикхтер менен индустарга бирден депутаттык мандат берүү сунушун четке каккан эле. «Биздин кызыкчылыгыбызды эч ким коргобосо, шайлоого катышып эмне убара?» дейт Кабулдун дагы бир тургуну Шарма.

Ооган аялдары

Ооганстандагы дагы бир аярлуу топ - аялдар. Аялдардын укуктарынын чектелиши жагынан аларды өзгөчө категорияга киргизсе болот. 70 жаштагы Шугуфа 1-апрелде таң заарынан туруп, Кабулда өзү жашаган Карте Сех шайлоо бекетине барды. Бир саат жөө басып келип, саат сегизде кеңсе ачылганча күттү.

Ал кийинки күнү да келип, бир нече саат узун кезекте турду. Акыры байбиче добуш берүүчүнүн картасын алып, көңүлү тынды. Ооганстанда быйыл шайлоо тизмесине катталууга шашылгандардын арасында аялдар көп. Шайлоо комиссиясынын маалыматында, 5-апрелдеги шайлоого төрт миллиондой жаңы шайлоочу катталса, алардын үчтөн экиси аялдар болду. Узун кара хижаб кийген Шугуфанын өмүрүнө коркунуч келсе да, добуш берүү ниети бар:

– Бизде аялдардын билими жок, ошондуктан үнү да угулбайт. Канча жылдардан берки согуштан улам ушундай болду. Эгер кол салып, кишилерди өлтүрүшсө, анда мен да өлүп берем. Бирок шайлоого катышам. Эмнеге катышпайт экенмин.

Ооганстандагы аялдардын көбүндөй эле Шугуфа акыркы жылдардагы жылыштардан кол жууп калуудан кооптонот. Чет элдик аскерлер кете электе эле жергиликтүү бийликтер аялдардын өкүлчүлүгүн кыскартып, аларды ташбараңга алып жазалоону кайра киргизишти. Эгер күйөөсү сабаса, даттануу укугун алып салышты.

Ошол эле убакта президенттик талапкерлердин көбү аял шайлоочулардын маанисине басым жасап, үчөө алтургай вице-президенттикке айымдарды тандап алышты. Алардын ичинен Хабиба Сараби кийинки айлампада да болсо жеңип чыгат деп күтүлгөн Залмай Расулдун экинчи вице-президенттигине талапкер.
Хабиба Сараби
Хабиба Сараби

57 жаштагы Сараби кесиби боюнча фармаколог, 2005-жылы Ооганстандагы биринчи аял губернатор катары таанылган. Талапкер Ашраф Ганинин аялы Рула да күйөөсү менен кошо ондогон шайлоо жыйындарына катышты.


Шайлоо өнөктүгү мезгилинде ошондой эле миңдеген аялдар менен кыздар талапкерлердин жыйындарына жабылып келип, аларга өз демилгелери менен жардам көрсөтүштү. Албетте, Ооганстандагы азчылыктардын келечеги өлкөнүн шайлоодон кийин кайсы багытка кадам таштаарына жараша болмокчу.
Герат провинциясындагы добуш берүү бекети
Герат провинциясындагы добуш берүү бекети

2001-жылы талиптердин бийлиги кулагандан бери үчүнчү жолу өтүп жаткан шайлоо ооган элининин келечегине бурулуш жасайт деген үмүт чоң. 30 жылдан ашуун согуш отун кечкен өлкөдө бийлик биринчи жолу демократиялык жол менен алмашканы турат.
XS
SM
MD
LG