Добуш берүү күнүндөгү техникалык мүчүлүштүк, үзгүлтүккө учуроолорду жөнгө салуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр, шайлоо комиссиялары боюнча республикалык штабдын башчысы Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.
Анын белгилешинче, республиканын бардык аймактарындагы шайлоо бекеттеринен маалымат чогултулууда.
Пресс-конференцияга каттоо, коопсуздук, электр жарыгы, жылуулук, өзгөчө кырдаалдар боюнча жооптуу мекеме башчылары да катышып, маалымат беришти. (RK)