Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:22

Айтматов ааламы жана Аринбасарова


Наталья Аринбасарова Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган Москвадагы көргөзмөдө, 24-октябрь, 2013.

Наталья Аринбасарова Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган Москвадагы көргөзмөдө, 24-октябрь, 2013.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган фильмдерде Алтынайды, Жамийланы ойногон белгилүү актриса Наталья Аринбасарова соңку жылдары орган музыкасынын коштоосунда Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, концерт коюп келатат.

“Биринчи мугалим” тасмасындагы Алтынайдын ролу үчүн 1966-жылы Венеция кинофестивалында баш байгени жеңип алган актриса бул жаңы концерттик программасы, Чыңгыз Айтматов менен болгон жолугушуулары тууралуу айтып берди.

- Биринчи концерт Астанада, абдан кооз залда өткөн. Андан кийин Калининградда, Красноярскиде койдук. Эми москвалык көрүүчүлөргө тартуулагым келип жүрөт. Бул оюм ишке ашаарына ишенем. Биз азыр концерттик залында органы бар шаарлар менен гана кызматташып жатабыз.

“Азаттык”: Бишкектеги филармонияда да орган бар. Ал жакта концерт берүү планыңыз барбы?

- Бизди бул программа менен Бишкекке чакырышат деп үмүттөнөм. Бирок бул оңой-олтоң чечилчү иш эмес. Мындайда баары акчага такалат, андан тышкары сүйлөшүү жүргүзүп, уюштура билүү керек. Татарстан, Түштүк Корея, Америка, Жапониядан органист кыздар ойношот, алар мыкты музыканттар болгондуктан, чеберчилик менен аткарган чыгармалары угармандарга жылуу маанай тартуулады.

Сахнага улам чыгаар алдында кайра бир сыйра апкаарып, сүрдөп жаттык (күлүп). Бул мен үчүн ишмердүүлүктүн жаңы формасы болду окшойт. Мындай музыканттар жаныңда турганда бийик деңгээлди кармагың келет экен. Бирок элге аябай жагып атты. Орган музыкасы тандалма угуучулар үчүн гана эмеспи. Музыканттар мага периште сымал сезилип жатты. Ушундай назик, үлбүрөгөн аялдардын килейген зор инструменттен керемет музыка чыгарып жатканына бир эсе тан бердим. Бирок жашоодо алар кадимкидей абдан карапайым, шайыр, ачык адамдар.

“Азаттык”: Концерттик программа жалаң Айтматовдун чыгармаларынан турабы?

- Жок. Мен “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн” жана башка чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуйм. Айтматов сенин алдыңда зор дүйнөнү ачып берет эмеспи. Ал жер менен асмандын чегинен ашкан, адам мамилесинен, жан дүйнөсүнөн куралган түбөлүктүү дүйнө. Ар бир чыгармасында адамгерчилик темасы өмүр менен өлүм түшүнүгүн ачуу аркылуу таасын берилет. Мунун баарын ажайып музыка коштоп турат.

Концертте музыканттар Микаэл Таривердиевдин, Римский-Корсаковдун, андан тышкары жапон, казак композиторлорунун чыгармалары аткарылат.

“Азаттык”: Чыңгыз Айтматовго алгачкы жолу жолукканыңыз, таанышкан учурлар эсиңиздеби? Кыргыз угармандарына кызык болсо керек.

- Албетте эсимде, аны кантип унутасың? Тасмага тартылаар алдында кантип сынактан өткөнүмө чейин көз алдымда. Мен актриса болууну анчейин деле каалаган эмесмин. Укмуштуудай сонун балеттен сууруп чыгышып, заматта салбыратып кийинтип коюшкан. Бир сөз менен айтканда, кебетем келише түшкөн. Тасмада өгөй апанын ролун аткарган кайталангыс чынчыл актриса Даркүл Күйүкова мени бир боо куурай менен сабап жаткан жери бар го. “Биринчи мугалимде” бул дубль кайра-кайра тартылган. Аягында чыдабай режиссерго даттанып баргам. Мени чындап сабашты деп ыйлап ийсем, “бул кино, анда бардык кыймыл нукура көрүнүшү керек” деп гана жооп берген. Баары бүткөндө денеме сайылган тикенди бирден тергенбиз.

Көркөм кеңештин мүчөлөрү пробаны көргөнү кетишкенде, апам экөөбүз “Кыргызфильмдин” алдында күтүп отурдук. Бөөдө таяк жегенимди көрүп, каршы чыккан апам негедир “өтпөй калбасаң экен” деп санааркап жатты.

Бир маалда залдан жаш, сулуу, шыңга бойлуу жигит чыга келди. Ал Айтматов болчу. Андрей Кончаловский жаныма басып келип, мени Алтынайдын ролуна бекитишкенин угузду. Анан “Кичине арыкташың керек экен, болбосо эки бетиң артыңдан да көрүнүп турат”, - деди тамаша-чыны аралаш. Балетте жүргөнүмдө да мага минтип эч ким айткан эмес!

Көп өтпөй Кончаловский тиги сулуу жигитти ээрчитип келди да, “Тааныштырып коёюн, бул – Чыңгыз Айтматов” деди. Мен абдан тартынчаак кыз элем. Жазуучунун көз карашынан тайсалдай түштүм. Бүт жан дүйнөмдү аңтарып окуп жаткансып тиктеген. Ошол эле маалда олуттуу, мээрим толгон көз караш болчу. Адамдын жүзүн минтип мыкты режиссер же мыкты жазуучу гана теше тиктейт . Албетте, ал мени ушинтип тиктемек, анткени анын Алтынайын кандай кыз ойнорун билгиси келген да.

Биз анда эмне тууралуу сүйлөшкөнүбүз толук эсимде жок. Мен эмне айтаарымды билбей, оңтойсуз абалда турдум. Кийин съемка учурунда байма-бай келип турду, көбүнчө режиссер менен сүйлөшүп кетчү.

Тасма тартылып бүткөндө, Кыргызстан аны көпкө кабыл албады. Чыңгыз Төрөкулович аны коргош үчүн аябай аракет кылды. (Андрей Кончаловский өз китебинде Кыргыз ССРинин партия жетекчилери кыргыз элин жапайы, маданиятсыз эл катары көрсөткөн деп тасманы кабыл албай койгонун жазган. Бир жылдан кийин гана, качан КПСС БКнын идеологдору кийлигишкенде, Михаил Суслов менен Айтматов өзү көзмө-көз жолуккан соң тасма экранга чыккан. – ред.)

“Азаттык”: Андан кийин үй-бүлөлүк карым-катышта болуп, бат-бат жолугушуп турчу белеңер?

- Ынак достордон болчубуз деп айта албайм. Жазуучу биздин үйдө болгон, дачабызга конокко келип калчу. Аны кайнатам Сергей Владимирович Михалков жакшы көрүп, өтө таланттуу жигит деп эсептечү. Айтматов анда 35 гана жашта эле. Сиз муну элестете аласызбы?

“Азаттык”: Кыргызстанда көптөн бери болбосоңуз керек?

- Кыргызстанга барбаганыма көп болду. Акыркы жолу Айтматовдун 75 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкам, же 70 жылдыгы беле? Мен анын повесттери боюнча тартылган “Биринчи мугалимде” Алтынайды, “Жамийлада” башкы каарманды ойногом да кантсе да. Баса, 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгы белгиленгенде да барган элем.

“Азаттык”: Айтматовго сиздин аткарган ролдоруңуз жакты беле? Пикирин айтты беле?

- Ал мага бул тууралуу эч нерсе айткан эмес. Оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн уяңыраак киши эмес беле. Жамийланын ролуна бекигеним эсимден кетпейт. Бул образга Чыңгыз Төрөкулович аябай астейдил мамиле кылып, кадр артындагы автордун сөзүн өзү окуган. Айтматовдун чыгармаларындагы эң күчтүү образдардын бири эмеспи. “Жамийла” тасмасы абдан мыкты чыккан. Ирина Ивановна Поплавская аны “Мосфильмде” тарткан. Бирок тасманы эмнегедир теледен көп көргөзүшпөйт, буга аябай таң калам.

“Азаттык”: Сиздин ойногонуңуз өзүнө канчалык жакканын Айтматов эч качан айтпаган тура?

- Ар кандай маданий кечелерде, фестивалдарда жолукканда абдан жакшы мамиле кылаар эле. Ишим, балдарым тууралуу сурганда кандайдыр бир жылуулукту, боор тарткан жакындыкты сезип турчумун.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG