Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:38

(Жаңы жуурканга оронгон эски жомок)


Үңүрөйгөн калайык улам көбөйүп бейитке чогула берди. “Ала-Арча” көрүстөнү эмес, Байтиктин Бас Бөлтөгүнүн күңгөй ыптасы болсо да, калайык арасында аткаминерлер, эл акындары, эл жазуучулары, эл окумуштуулары, эл өнөрпоздору арбын экени оркойуп байкалып турду.

Арасында таяк таянган бир-эки Баатыр да жүрдү.

Кантсе да, токсонго карай тоголонуп баратып капысынан мүрт кеткен кемпир чогулгандар үчүн ардактуу чоң эне, кадырман байбиче, интеллектуалдык каймактар тооп кылган “жө-өн эмес” инсан болгондой.

“Бишкектин четиндеги үйдө булар эмне митингге жыйыла калды экен” деп таң калып келип, калайыктан суурулуп чыга албай калып, көрүстөнгө чейин чогуу сүрмө топ менен келген бир жаш кабарчы ар кимдин оозуна элейип карап, айткандарын жазып алууга тырышып жатты.

- Эсил кайран энекем, ырларымдын грамматикалык, стилдик каталарын өзү эле оңдоп койчу эмес беле! – деп бир эл акыны буркурап жатты.

- Менин романымдын чийки жерине бир бөлүктү өзү эле сомолой коюп, мамлекеттик сыйлыкка чейин жеткирди эле, байкушум! – деп ботодой боздоду бир эл жазуучусу.

- Жарыктык, жанда жок асыл зат эле! Менин диссертациямды басып бүтүрүп жатып, анын эсебинде ушундай эки эмгек акыркы он жылда жакталганын айтып, “эптеп Алматыга жет, ал жакка эки жылкылык казы-картасын, чучугун ала бар. Ошол жактан жактабасаң, бирөөгө жаздырган эмгегиң талаага кетет” деп мени Умай энедей сактап калды эле! – деп эчкирген бир экс-министр бир четте турду.

- Айла-найын, бир керемет киши болчу. Бир келесоолордун орто мектептердин орто класстары үчүн жазган окуу китептерин сыдыргыга салгандай кайра басып, арасындагы жаш балдарга арналган суроолорду сулата чаап, жаңы сүрөттөрдү жабыштырып берди эле, тим эле жогорку окуу жайлар үчүн жап-жаңы окуу китеп болуп калган. Китептин сүрүнөн өзүм да чочулагам. Энекебиздин эмгеги болбосо кайдан академияга мүчө кабарчы болот элем, - деп бөйрөгүн таянып шолоктоп дагы бири жүрдү.

- Кызыктай бир кемпир болчу. “Интегралдардын түрлөрү” деген темада студенттер үчүн китепче жазып келсем, катасын оңдоп жатпайбы. “Машинка басканды үйрөткөн кесиптик окуу жайын бүткөн Сиз билесизби, же универдин мехматын бүткөн мен билемби?” – деп ачуулансам, алдыма далил катары “Википедиянын” тийешелүү макаласын таштап койбоспу! Ой тоо-бо! – деди бир жаш доцент.

- “Балдарым, аман-эсен кезимде көркөмдөп чыгарма жазып, илимге салым кошуп, ишиңерди жактап, турмушуңарды баптап алгыла! Шордууларым, мен жокто эми кантээр экенсиңер!” деп калчу эле, байкуш энеке! – деп башка бири ботодой боздоп турду.

Алиги жаш кабарчы мунусунун адистигин тактап алайын деп анын кимдигин сурап жатканда, ары жактан бир ичке үн чыкты.

- Туугандар! Калайык!

“Дүйнөдөн өткөн чоң эненин чөбөрөсү экен” деген күбүр-шыбыр угулуп жатты.

- Чоң ата, чоң апалар! Папалар, мамалар!

- Ок! “Папа-мама” дебей, “ата-апа” эле деп айт! – деп жакыныраак турган бири күбүрөнө уланды түздөдү.

- О кей, ошолор!.. Ата-апалар! Бир жакшы кабар айтайын. Чоң энемдин керээзин аткардым эле.

- И-и, айта кой, балам! Тынчтангыла, угалы.

- Чоң энемдин айтуусу боюнча бир жалпы алгоритм жасагам. Өзү өлсө да, иши өлбөсүн дегем. Бирок бир эле нуска болуп калды. Муну ким колдонсо, чоң энемдин усулуна салып каалаган ырды, драманы же романды башкача оңдоп жаза алат, каалаган диссертацияны оңдоп-түзөй алат.

- Оп баракелде! Бар бол, айланайын!

- Мен өзүмдүн ноу-хаумду да коштум, - деди тиги улан.

- “Новухавусу” эмнеси? – деди бири чекесин кашып.

- Ал - өзү ойлоп тапкан ыкмалары дегени. Маселен, сен ыстакан жокто бир балаа кылып, картондон идиш жасай калып арак куйчу элең го, ошону да “ноу-хау” дейт.

- А-а, түшүнүктүү. Жөндүү кеп экен. Айта гой, айланайын, ал кандай ноу-хау экен?

- Чоң энем текст менен эле иштечү. Мен мултимедия усулун коштум. Эми обончулар, композиторлор да чеке тердетпестен, бир секундда мексикалык, индиялык, түркиялык же башка обондорду кыргызчалата алышат. Ан үчүн ушул универсал алгоритм жазылган табакчаны колдонсо эле жетиштүү. Көркөм тасмалар да чыгарса болот. “Аватардын” ыкмаларын оңой-олтоң колдонуп, “Эр Төштүк” дастанын эки саатта көркөм филм кылып чыгара алабыз.

- Айла-ана-йын! Келе, мага бер, ошол табакчаңды.

- Жок, мага бер!

- Мага!

Уланды карай жулкунган калайык алеки заматта ыңкылап маалындагыдан да кубаттуу толкунга айланды. Жаш кабарчы тебелендиде кала жаздап, эптеп сырт жакка ойт берип кутулду.

Тызылдай качкан уландын артынан сая түшүп, котологон калайык Бас Бөлтөктүн күңгөй ыптасынан ары жылып, заматта көздөн кайым болду.

Жакын тууган-туушканынан тышкары, илим, өнөр, чыгарма менен иши жок бир ууч киши калган экен, анысы аз келгенсип, баары тең ак кол немелер экен, кемпирдин сөөгүн эптеп күүгүмгө чейин жашырып араң кайтышты.

- Алгоритм чыгарбай кара жерге кир! – деп улам бири алиги уланды жекирип баратты.
XS
SM
MD
LG