Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Апта: Телефонгейт, убактысын созгон убактылуу президент...


Жалал-Абаддагы тополоң, 2010-жылдын 19-майы.
Жалал-Абаддагы тополоң, 2010-жылдын 19-майы.

Жалал-Абадда улут аралык кагылышуу коркунучу чыкты. Конституциянын долбоору жарыяланды. Убактылуу өкмөттүн декрети менен Роза Отунбаева 2012-жылга чейин Кыргызстандын президенти боло турган болду.

Жалал-Абадда кырдаал курчуду

19-майда Жалал-Абадда кырдаал кескин курчуду. Улут аралык кагылышуу коркунучу пайда болду. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Жалал-Абаддагы кырдаалдын күчөшүнө бакиевчилер күнөөлүү деген билдирүүнү таратып жиберишти. Көчөгө чыккан калк аны кескин четке кагып, алардын талаптары башка экенин айтып чыгышты.

Кырдаал кескин курчуган күнү Жалал-Абадка коргоо министри Исмаил Исаков келип, аксакалдар жана көчөгө чыккан адамдардын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кырдаал тынчтык нугуна бурулду.

Митингге чыккан элдин талаптары тууралуу Исмаил Исаков буларды билдирди:


- Негизги талап Кадыржан Батыровго байланыштуу болду. Анын сүйлөгөн сөздөрү, жасаган иш-аракеттери кыргыз улутундагы кээ бир адамдардын намысына абдан катуу тийген экен. Анын туура эмес иштерине тартип коргоо органдары мыйзам чегинде чара көргөн эмес. Мына ошондуктан тергөөчүлөр текшерүү иштерин жүргүзүп, ошол жерде мыйзам бузууларды далилдеген фактылар бар экени тууралуу айтышты. Кылмыш иши козголуптур. Күнөөлүүлөрдү табуу жана тергөөнү жүргүзүү боюнча прокуратура тарабынан тапшырма берилиптир.

Жалал-Абаддагы кырдаал жалпынын үрөйүн учуруп жаткан күнү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чогулуп, өткөөл мезгилдин президенти жөнүндөгү декретти талкуулашты. Соңунда чечим кабыл алынды. Ага ылайык 2012-жылга чейин Роза Отунбаевага президент жана өкмөт башчысынын ыйгарым-укуктары берилди.

Талдоочулар баамында, мындай чечимди кабыл алуу менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү буга чейин берген убадаларынан тайды. Анткени алар быйылкы жылы күзүндө президенттик да, парламенттик да шайлоо болоорун билдиришкен. Анын үстүнө Убактылуу өкмөт мүчөлөрү 27-июнга белгиленген референдумга Роза Отунбаеванын маселесин экинчи пункт катары киргизүүдөн баш тартууда.

Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин катчысы Данияр Нарынбаев:

- Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда жана Конституцияны ишке киргизүү боюнча мыйзамында бул өзүнчө жобо болуп кирди. Бирок референдумга бир гана суроо чыгат.

Роза Отунбаевага президенттик ыйгарым-укук берүү маселеси Конституция долбоорунун ичине катылышы менен Убактылуу өкмөт 27-июнда легитимдүүлүк маселесин референдумда чечип алуудан тайсалдоодо.

Ошондуктан референдум бийликтин легитимдүүлүк маселесин чече албайт дейт “Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязов:

- Легитимдүүлүк дейт бир жагынан, бул легитимдүү боло албайт. Анткени легитимсиз жол менен келген. Ошол референдум өткөн күндө да Убактылуу өкмөттүн ичинде биримдик жок. Ал оркоюп эле көрүнүп турат. Биримдиги жок бийликтин келечеги да жок. Аны биз түз айтып коюшубуз керек. Азыр сый сүйлөп отуруу жарашпай элибизге. Чындыкты, ачыгын айтышыбыз керек.

Эл аралык адистер да Убактылуу өкмөттүн мындай чечими легитимдүүлүк маселесин пайда кылаарын белгилешти.

Ошол эле мезгилде президенттик жана парламенттик шайлоону бир убакта өткөрүү туруксуздукту башынан кечирип жаткан өлкө үчүн өтө опурталдуу экени да айтылууда.

Телефонгейт


Узаган жумада Убактылуу өкмөттүн аброюна шек келтирген эки окуя катталды. Анын биринчисинде Алмазбек Атамбаев менен
Азимбек Бекназаровдун үнүнө окшош кишилер бажы кызматынын жетекчилигине дайындоодо 400 миң доллар акча алуулар жөнүндө сөз кылышкан:

А. Бекназаров:- Мына кечээ күнү Сооронбай ыйлап аткан адамдан да 400 миң доллар алып, башка кишини коюпсуңар.

А. Атамбаев: - Эгерде алган киши болсо, анда кама алган кишини.

А. Бекназаров:- Камайбыз.

А. Атамбаев: - Камагыла. Мен, мисалы, эч кимден бир тыйын алганымды билбейсиң.

А. Бекназаров: - Силер ушинтип эле ыңкылапты жалгыз жасап эле, көрүнгөн жерге силер коюп калдыңарбы. Биздин да мээнет бар...

Ушундай эле жаңжалдуу окуя Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жарыяланышы менен чыкты. Ал сүйлөшүүдө Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин эки орун басары 1 млн. доллардын ордун кантип толтуруунун жолун издешкен:

Т. Сариев:-Жо-ок, ал жакка кагаз керек да. Суммасы канча ал жерде? 19 млн. 600 миң дейт, анда 18 млн 600 миң деген сумма деген кагазды бериш керек да тиги жакка.

А. Бекназаров:- Ооба. Кубан сенде отурабы азыр?

Т. Сариев:- Ии менде отурат.

А. Бекназаров: - Экөөң кеңешип ушул ишти жасагыла. Биз мындайда жашыруун чечим чыгарып коебуз. Ага биздин укугубуз бар да.

Т. Сариев: -Ошон үчүн эгер бизге өткөрө турган болсо бирин минус деп өткөрүп бериш керек.

А. Бекназаров:-
Мейли минус деп өткөргүлө. Ошол минус болгонуна булар токтом чыгарат.

Бул сүйлөшүүлөр жарыяланып кеткен соң Убактылуу өкмөт билдирүү менен чыгып, сөз болуп жаткан акчалар тынч эмес убакта коопсуздукту камсыздоо үчүн жумшалганын билдирди.

Ал эми “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов мындай түшүндүрмө суу кечпешин айтып, Убактылуу өкмөт каражаттар жөнүндө кеңири маалымат бериш керектигин билдирди.

Ошентип президенттин да, өкмөттүн да, парламенттин да, башкы прокуратуранын да ролун өздөрүнө алган Убактылуу өкмөт өз дарегине олуттуу сын-пикирлерди жаратууда.

Мына ушундай жаңжалдарга улаалаш Убактылуу өкмөт Конституциянын долбоорун кабыл алып, ал 27-июнда референдумга коюларын жарыялады.

Конституциялык кеңешме, анда кийин Убактылуу өкмөттө каралган долбоордо 26-апрелде Өмүрбек Текебаев сунуштаган долбоордун негиздери сакталган. Бирок айрым өзгөртүүлөр киргизилген. Маселен, Текебаевдин алгачкы долбоорунда “светтик” деген термин жок болсо, акыркы вариантта андай сөз киргизилген. Президенттин кызматтык мөөнөтү бир жылга узартылып, 6 жыл деп белгиленген. Президент Башкы прокурор, Коргоо министрин жана Коопсуздук кызматынын жетекчисин дайындоо укугу так жазылган.

Ал эми Жогорку Кеңеш 120 депутаттан туруп, 100% партиялык тизме менен шайланат. Бирок кайсы партия болбосун, канчалык көп добуш албасын ал 65тен ашык мандатка ээ боло албайт.

Сотторду дайындоодо Сотторду тандоо боюнча кеңеш, Жогорку Кеңеш жана президент негизги ролду ойнойт.

Бул Конституция 27-июнда элден колдоо тапса, анда Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу системасы орноорун адистер белгилөөдө.

Чек ара ачылды

20-майда Казакстан Кыргызстан менен болгон чек арасын ачты. Эки өлкөнүн жарандары "Ак жол", "Чалдыбар" жана "Чоң-Капка" өткөрмө
пункттары аркылуу ары-бери өткөнгө мүмкүнчүлүк алышты. Казакстан чек арасын 7-апрелдеги кандуу окуялардан кийин жапкан эле.

Кыргызстанда толук туруктуулук орномоюнча чек ара ачылбайт деп жаткан Казакстан эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз. Расмий маалыматта чек аранын ачылышы коомчулуктун кайрылуусу жана гуманитардык себептерге байланыштуу экени айтылды.

Талдоочулардын баамында, Астананын чек араны ачуусуна башка себептер дагы жок эмес. Биринчиден, чек ара 19-майда Жалал-Абадда улут аралык жаңжалдын чыгуусу менен улаалаш ачылды. Муну менен Нурсултан Назарбаев көңүлү ким тарапта экенин билдирип, кыргыз калкынын алдында кете түшкөн кадырын калыбына келтирүү максатын көздөгөндөй.

Андан сырткары чек аранын жабылышынан Казакстан өзү жабыркап, баалар өстү. Кыргызстан дагы жообун даярдап, суу берүүнү токтотту. Жамбыл облусунда эгин күйүп кетүү коркунучуна кабылды. Мына ушул факторлор да чек араны ачууга себепкер болушу ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG