Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Апта: Сохтун соңу, АУБдун адвокаттары, бийлик кумары...


Сох чатагы басылды. Түштүк боюнча өкүл Исмаил Исаков түштүктө кырдаал турукташканын билдирди. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү шайлоо алдында кызматын тапшыруу-тапшырбоо маселесин чечүүдө. Кошмо Штаттар Транзиттик борбордун учактары үчүн Кыргызстандан май куйбай турган болду.

Сох келишимин аткаруу кыргыз жарандарынын жабырлануусу менен коштолду

Май айынын соңунан тарта Баткен облусунун ичиндеги Сох анклавынын айланасында кырдаал курчуду. Ага жайыт маселеси себеп болгон. Кыргыз жайыттарына мурункудай бекер малын жая албай калган өзбек атуулдары кыргыз айылдарына баруучу сууну, жолду тосуп, жүргүнчүлөрдүн айрымдарын таш бараңга алышкан. Кагылышуу коркунучу күчөшүнө жараша өзбек тарап Сох анклавына ири күчтөрдү алып кирген.

Маселени чечүү максатында 1-июнда кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын жетекчилиги жолугушуп, келишимге жетишти. Баткен районунун акими Хаит Айкыновдун айтымында, келишимге ылайык жолдор ачылып, сууулар бериле баштады:


- Чарбак жана Согмент айылдарына карай кеткен жол тосулган эле. Келишимге ылайык бардыгы ордуна келди. Алар өздөрү жолду ачып беришти. Суу түтүктөрүн бузушкан, аларды да ордуна келтиришти. Биз да кыргыз тараптан аларга өтүүчү суугат суусун бердик.

Өзбек атуулдары кыргыз жайыттарынын белгиленген бөлүгүндө, акы төлөө менен малын жайууга уруксат алышты.

Ошол эле учурда өзбек тарап Сохтон оор аскердик техникаларын чыгарып кетти. Ал техникалар анклавдын ичине Баткен окуялары учурунда, 1999-жылы киргизилген.

Оңой менен ийге келбеген Ташкен эмне себептен мындай кадамга барды деген суроо туулат? Талдоочулардын баамында, бул жерде кыргыз тарап кабыл алган геосаясий чечимдери жана Өзбекстандын өзүнүн да кызыкчылыгына төп келген маселелер жатышы ыктымал.

Биринчиден, кыргыз тарап америкалыктардын 5.5 млн. доллар каражатына аскердик машыгуу борборун Баткенде эмес, башка жерде курууну сунуштап жатат.

Экинчиден, Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси татаал жана курч бойдон калууда. Ошондуктан Ташкен оор техникаларын ыңгайдан пайдаланып чыгарып, керектүү жерге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк алууда. Бирок Ташкен аскер техникасын түз Риштанга карай кеткен жол аркылуу эмес, айланма Айдаркен, Кадамжай аркылуу алып чыгып, жолдо айрым унааларды басып кеткен. Андан оор жаракат алган кыргыз жарандары болууда. Ошондой эле оор техника жолдорду бузуп, электр зымдарына да зыян келтиргенин жергиликтүү тургундар кабарлоодо.

4-июнда Убактылуу өкмөт алдындагы Масилет кеңеште дал ушул түштүктөгү кырдаал жана референдумга даярдык маселеси талкууланды.

Түштүк боюнча өкүл Исмаил Исаков түштүктө кырдаал турукташканын билдирди. Ал эми кеңештин мүчөсү Орозбек Молдалиев кырдаалды турукташтыруудагы Исаковдун ролун оң баалады:

- Мына бул Исмаил Исаков жакшы жасап койду. Чынын айтыш керек. Аброю чоң киши экен, ошонун пайдасы тийди. Бирок чатактар Ош, Жалал-Абад менен бүтпөйт. Башка жактарда да болот. Ошон кандай чараларды иштеп чыгышыбыз керек? Мисалы, Коопсуздук кеңешин түзүү боюнча сунуш киргизгем. Аны түзбөсөк болбойт.

Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймактары делимитацияланып бүтө элек. Сох анклавындагы чатак көрсөткөндөй ал ар кандай чатактардын булагы болушу толук мүмкүн.

Ошондуктан чек араны аныктоо боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгы келип чыгууда. Азыркы мезгилде Убактылуу өкмөт чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын курамын өзгөртүү алдында турат. Белгилүү болгондой бул ишке жооп берген өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов комиссия жетекчилигинен четтетилди. Бирок анын ордуна келе турган киши аныктала элек. Аламановдун айтымында, чек ара маселесин чечүүдө эмоцияга алдырбоо зарыл:

- Мындай нерсени саясий жактан жана эмоция менен карабайт эч убакта. Бул дайыма эксперттик деңгээлде терең иликтенип, ошого кылдат мамиле жасалып, айтылыш керек. Эки мамлекеттин башкы бийликтери чек араны тактоонун принциптерин макулдашып алса, анда эксперттер ошол макулдашуунун негизинде ишти чечип кетиши мүмкүн.

Кетем-кетпейм...

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шайлоо мезгилинде кызматтан кетиш керекпи же ордунда калыш керекпи деген маселени 3-июнда кызуу талкуулашты. Жыйында Топчубек Тургуналиев жана Абдыганы Эркебаев убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шайлоого бара турган болсо, кызматын таштоого тийиштигин кескин айтышты. Маселен, Абдыганы Эркебаев мындай деди:

-Эл нааразычылыгы абдан көп болуп атат, чынында эле. Эгерде Убактылуу өкмөт чындап кысымсыз, таза шайлоо өткөрөм десе, эч кандай партиялык диктат, административдик ресурс болбош керек. Мен чакырар элем. Референдумдан кийин Роза Исаковна шайланат. Бүт баары бу кишиге мүмкүндүк берип, шайлоого катышам дегендин баары ушу референдум өткөндөн кийин кетиш керек.

Ал эми Темир Сариев жана Азимбек Бекназаров кызматтарды тапшырып, бирок өкмөт мүчөлөрү катары калышарын айтышты.

Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева мындай чечимдин максатын “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындайча түшүндүрдү:

-Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөлөрү бир эле учурда өкмөт мүчөсү, ошол эле учурда булар депутат катары иштеп
атышат. Анткени биз декреттерди чыгарып атабыз. Декрет болсо мыйзамга барабар. Мына ошентип булар өкмөт мүчөлөрү катары кетет, бирок бир айдын ичинде шайлоо өтүп аткан маалда булар мыйзам чыгаруучу адамдар катары 14 кишинин тобунда кала берет, булар келип турушат. Кырдаал ар кандай болуп кетет, өйдө-төмөн болот. Биз керек болсо саясий кеңешпиз, биз 17-марттан чыкканбыз өзүбүздүн талаптарды коюп. Анан кийин 7-апрель болду, анан биз элге берген убадаларыбызды ишке ашырышыбыз керек. Анан кийин алар кеткенде мен азыркы тилге салганда техникалык өкмөт менен иштейм.

Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев шайлоого барбастан, ордунда калып иштерин буга чейин жарыялаган. 1-июлдан тарта кызматын тапшырып, шайлоого аттанарын Азимбек Бекназаров да ачыктаган.

Бирок жогоруда белгиленгендей азыркы учурга карай башка жагдай түзүлүүдө. Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат ордун сактап калуу аракетин түшүнүүгө да болот. Анткени бир жагынан алганда жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин жоопкерчилик мына ошолордун мойнунда турат.

Ошол эле мезгилде аларды айыптоого болот. Себеби ушул эле саясатчылар Курманбек Бакиев президенттик шайлоого барганда кызматын таштоого тийиш деп чыгышкан. Эми бийлик рычагдарын колдорунан өздөрү чыгаргысы келбей турат.

Парламенттик шайлоо болсо расмий жарыялануу алдында турат. Белгилүү болгондой 27-июндагы референдумдан кийин парламенттик шайлоо жарыяланат.

Талдоочулардын баамында, саясий партиялар жана саясатчылар биригүү, команда түзүү жараянын жүргүзүүдө.

Азыркы мезгилге карай “Ата мекен” партиясы өз тизмеси менен шайлоого барары айкын болууда. Ал эми Азимбек Бекназаров Бириккен Элдик кыймылды саясий партияга айлантуу, ошол аркылуу парламенттик шайлоого баруу жагын караштырууда.

Лидерлери шайлоого баруудан баш тарткан социал-демократтардын административдик ресурстары жетиштүү болгон менен кашкая көрүнгөн лидери жок. Ошондуктан алар БЭК аркылуу же “Ата мекен” менен баруунун жолун карап жатышкандай.

Булардан сырткары “Ак шумкар” партиясы активдүүлүктү көрсөтүп, Темир Сариев президенттик шайлоого өз алдынча баргандай эле парламенттик шайлоого да өз алдынча аттанууга камданууда.

Шайлоого камылгасын “Бүтүн Кыргызстан” партиясы да көрүп, курултайын өткөрдү. “Атажурт” партиясына Өмүрбек Суваналиев, Айгүл Рыскулова сыяктуу инсандар кошулду. Суваналиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, “Атажурт” партиясынын беш тең төрагасы болду. Алар: К.Ташиев, Ө.Суваналиев, А.Келдибеков, А.Рыскулова жана С.Жапаров.

Айный түшкөн америкалыктар

Ички саясий айдыңда мына ушундай жараяндар жүрүп жаткан жумада тышкы саясатка байланыштуу иштерде да айрым өзгөрүүлөр орун алды.

"Манас" аба майданындагы АКШнын Транзиттик борбору Кыргызстандан күйүүчү май алууну токтотту. Мындай маалыматты Бишкектеги Транзиттик борбордун Коомчулук менен байланыш күчтөрүнүн башчысы, АКШнын аба күчтөрүнүн майору Жон Илоф да тастыктады:

-Кыргызстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталмайынча КС-135 үлгүсүндөгү күйүүчү май куюучу учактары убактылуу башка жакка которулду. Ал эми “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор Ооганстандагы коалициялык аскер күчтөрүн колдоо боюнча иштерин улантууда.

Убактылуу өкмөттүн атын атагысы келбеген жогорку даражалуу өкүлүнүн айтымында, америкалыктар Кыргызстандан күйүүчү майды буга чейин кошумча нарк салыгын жана акциз төлөбөй алып жатышкан. Бул жагдай Москванын да каршылыгын пайда кылып, Кыргызстанга келе турган күйүүчү майга орус тараптын кошумча бажы төлөмүн киргизүүсүнө себеп болгон. Ошондуктан кыргыз тарап америкалыктарга кошумча нарк салыгын жана акцизди төлөөнү сунуштаган. Ошого байланыштуу АКШ тарап күйүүчү майды башка жактан алууну чечкен.

Ал эми Транзиттик борбордун тагдырын болсо жаңы өкмөт жана парламент чечери буга чейин айтылган.

Чет өлкө жарандарына, тагыраак айтканда “Азия универсал банкка” байланыштуу чечимдер Убактылуу өкмөттө да даярдалып жатканы маалым болду. Маалыматка караганда, кезинде Россия тарап арам акчаны адалдаган деп айыптаган "Азия универсал банк", 7-апрелдеги окуялардан кийин 6-7-8-апрелде Кыргызстандан 12 млрд. сом, Улуттук банктан 3 млрд. 225 млн. сом чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бирок ага карабай Улуттук банк жана Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү "Азия универсал банктын" системалык мааниси бар деген кыязда аны реабилитациялоо аракетин көрө баштаган. Буга кескин каршы чыккан өкмөттүн айрым мүчөлөрү "Азия универсал банкты" мамлекетке кайтаруу демилгесин көтөрүп чыкты.

Бул маселеде азыркы мезгилге карай бир жактуу чечим кабыл алына элек.

Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөштөрүнөн болгон Михаил Надель Убактылуу өкмөттөн жаны өнөктөштөрдү тапканбы деген күмөндүү суроолор туулууда.

Жаңы өнөктөштөр маалымат каражаттары аркылуу “системалуу банкты ишке киргизүү боюнча “пиар” өнөктүктөрдү ургаалдуу жүргүзө баштады...
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG