Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Фракция жетекчилеринин жыйынына УКМК төрагасы катышууда


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Ушул тапта Жогорку Кеңеште фракция жетекчилери жана спикер Чыныбай Турсунбеков өткөрүп жаткан жыйынга УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев да катышууда.

Бул тууралуу парламенттен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышына байланыштуу кезексиз сессияга чогулуу маселеси талкууланып жатат. Жыйынга "Ата Мекенден" депутат Алмамбет Шыкмаматов катышууда.

Буга чейин Жогорку Кеӊеш кезексиз жыйынга бүгүн чогулары айтылган. Мындай сунушту кечээ «Ата Мекен» фракциясы жана башка фракциялардын айрым депутаттары сунуштаган. Алар күч органдарынын жетекчилери Текебаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылууда.

Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү "Манас" аэропортунан Стамбулдан Бишкекке келген маалда кармалган. Атайын кызмат ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга депутаттын партиялаштары, тарапкерлери нааразы болуп аны бошотууну талап кылып жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG