Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Египет: Кризистин учу-кыйыры көрүнбөйт


Египеттин бүгүнкүсү менен эртеңи. Каирдин Тахрир аянтындагы ата-эненин баласы, 2011-ж.февралы
Египеттин бүгүнкүсү менен эртеңи. Каирдин Тахрир аянтындагы ата-эненин баласы, 2011-ж.февралы

Египетте оппозиция менен бийликтин сүйлөшүүлөрү өттү, ага буга чейин тыюу салынган «Мусулман агаиндер» исламчыл кыймылы да катышты.

Оппозиция бийликтин сунуштары саясий кризистен чыгара албастыгын айтууда. Жекшембиде өткөн сүйлөшүүдө вице-президент Омар Сулеймандын конституциялык реформа боюнча комитет түзүү сунушуна оппозиция ишенбөөчүлүк менен кароодо. Оппозициялык лидерлердин бири Мухамед эл-Барадейи сүйлөшүүлөрдү «чийки» деп баалап, өзү катышкан жок.

Каирдин борбордук Тахрир аянтында нааразычылыкка чыккан миңдеген адамдар жекшембиде дагы турушту. Алардын айрымдары кырка тизилген аскердик танкалардын жолуна отуруп алса, кээ бири өздүк документтери жок тосмолордон өтө албай жатканын бир катар сыналгы каналдары көрсөттү.

Египеттеги 15 күнгө чукулдап калган толкундоолордун илеби акырындап сууй баштагандай. Тахрир аянтындагы күндөп-түндөп тургандар сээлдеп, үй-жайына тарап жатат. Ошол эле учурда “Мубарак кетмейинче турабыз”, деген өжөрлөр дагы эле миңдеп саналат.

Миңдеген митингчилер дагы эле Тахрир аянтында калууда, 2011-ж. 7-февралы

Бийлик менен оппозциянын сүйлөшүүлөрү башталганын жергиликтүү медиа каражаттары кеңири чагылдырууда. Египеттин мамлекеттик сыналгысы вице президент Омар Сулейман оппозициялык топтордун, анын ичинде буга чейин тыюу салынган “Мусулман Агаиндер” кыймылынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө отуруп, конституциялык реформа боюнча комитет түзүүгө макулдашканын жарыялады.

Ошол эле учурда айрым чет элдик маалымат каражаттары Египеттеги оппозиция лидерлери бийликтин мындай сунушу канчалык чын ыкластан экендигине бүшүркөп тургандыгын билдирет.

Мамлекеттик сыналгы Египеттин ички саясатына тышкы күчтөрдүн катышуусуна каршы экенин ачыктап, өлкө тагдырын египеттиктер гана чечээрин, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү жараяны башталганын маалымдады.

Сүйлөшүүлөргө оппозициядан сырткары Египеттеги кадыр-барктуу коомдук ишмерлер, белгилүү инсандар дагы катышууда. Ал эми Нобел Тынчтык сыйлыгынын ээси, батышчыл көз карашты карманган оппозиция жетекчилеринин бири Мухамед эл-Барадейи сүйлөшүүлөргө барган жок. Жекшембидеги бийлик-оппозиция диалогунун алгачкысын “чийки” деп сындады.
Президент Хосни Мубарак жана оппозициялык лидер Мухамед эл-Барадейи

Дээрлик 15 күнгө чукулдап калган массалык толкундоолор башталгандан бери айрым батыш лидерлери президент Мубаракка эми ыбаа тарта баштаса, экинчилери баштагыдай эле аны токтоосуз бийликтен кетүүгө чакырууда.

АКШ президенти Барак Обама америкалык “Фокс Ньюс” агенттигине сүйлөп жатып, Египет мурда болуп көрбөгөн өзгөрүүлөргө бет алганын, ага эки жумадан бери уланып жаткан массалык нааразылык митингдери түрткү болгонун айтты:

- Египетте бийликти өткөрүү жараяны азыр башталышы керек. Мубарак кийинки шайлоого барбайт, ушул жылы анын мөөнөтү бүтөт. Биз болсо Египетте бардык топтор биргелешип, бийликти тынч жол менен өткөрүүнү ишке ашырып жатканына өлкөнүн калкы күбө болуусуна тилектешпиз.

1-февралда Египетте массалык толкундоолор күчөп турганда Хосни Мубарак улуттук сыналгы аркылуу элге кайрылып, кийинки шайлоого барбай тургандыгын айткан. Бирок ал сентябрга чейин кызматта туруп, өлкөдө баш-аламандыкка жол бербей, тартип менен коопсуздукту камсыздоого убада берди.

15 күнгө чукул толкундоолордун борборуна айланган Египетке дүйнө тыкыр назар салууда. Ошол эле учурда Египеттин саясий кризистен чыгуу жолдору боюнча дүйнө лидерлеринин көз карашы түрдүү тейден калууда.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG