Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

Азия куралдануудан Европадан озууда


Кытай боштондук армиясынын танктары КЭРдин 60 жылдыгына арналган Тянанмен аянтындагы парадда. Бээжин. 1-октябрь, 2009

Кытай боштондук армиясынын танктары КЭРдин 60 жылдыгына арналган Тянанмен аянтындагы парадда. Бээжин. 1-октябрь, 2009

Быйыл Азия өлкөлөрү каруу жаракка жана аскерге бөлгөн каражат боюнча Европа Биримдигинен озот. "Азаттыктын" апталык "Өңүт" программасынын атайын иликтөөсү.

Кээ бир талдоочулар Азиянын аскердик чыгымдарынын өсүүсүн региондун дүйнөлүк экономиканын борборуна айланып баратканынын дагы бир далили катары баалашат.

Биз эбак башталган тенденциянын жыйынтыгын көрүүдөбүз. Аскерий кубат Европадан Азияга жылууда. Кытайдын аскерий чыгымдары чындыгында жарыялангандан алда канча көп. Себеби Бээжин куралдуу күчтөргө жумшалган бардык акчаны көрсөтпөйт.

Аскердик иштерге бөлгөн каражат жагынан Азия мамлекеттери быйыл эмес, бир нече жыл мурда Европаны артка калтырган. Мындан тышкары Азияда аскер адамдарына Европадагыдан бир кыйла аз каражат сарпталат. Антпесе, Азия өлкөлөрүнүн армияга короткон каражаты алда качан эле Европадагыдан жогору болмок.

Жалпылап айтканда, дүйнөнүн борбору - экономикалык жана аскерий жактан алып караганда, Азияга ооду. Анын артынан саясий борбор да Азияга табигый түрдө жылат.


Азиянын аскердик кубатынын өскөнү - биринчи кезекте Кытайга байланыштуу. 2012-жылы Кытайдын куралдуу күчтөргө бөлгөн чыгымдары Азия регионунун коргонуу бюджетинин 30% ашыгын түзөт. Быйыл Бээжин аскердик иштерге 106, 4 миллиард доллар чегерди. Бул былтыркыга салыштырганда 11, 2 % көп.

Лондондук аскерий эксперт Сара МакДовал айым Кытай армияны модернизациялап куралданууну 20 жылдай илгери баштаганын белгилейт:

- Кытай армиясын 20 жылдан ашык убакыттан бери кубаттандырып келатат. Кытайдын экономикалык дараметинин өскөнү өкмөттүн куралдуу күчтөргө бюджеттен улам көп каражат чегергенге мүмкүнчүлүк берүүдө. Аскердик чыгымдын көбөйүүсү - бул армияны заманбап модернизациялоо программасынын алкагында жүрүп жаткан жараян. Аскерий күчтөргө өлкөнүн деңиздеги жана кургактагы кызыкчылыктарын мыктылап коргоо максатында астейдил көңүл бурулууда. Менимче, Кытайдын аскердик бюджетти көбөйтүүсүнө жана саясий-аскердик көз карашына Вашингтондун региондогу ордун күчтөндүү боюнча стратегиясы таасир этпей койбойт. Бирок муну Кытайдын куралдануусунун бирден бир фактору деп ойлобойм.

Сара МакДовал IHS Jane эл аралык корпорациянын Азия боюнча башкы талдоочусу.

“The Financial Times” гезитинин жазышынча, Евробиримдик 2008-2010-жылдардагы финансылык кризистин кесепетинен аскердик бюджетин аргасыз азайткан. Анын натыйжасында НАТОго мүчө 16 өлкөдө армияны каржылоо 10% төмөндөгөн. Уюмдун беш мүчөсү гана: АКШ, Британия, Франция, Түркия жана Грекия алиге чейин ички дүң жыйымдын кеминде 2% коргонууга сарптайт.

Кытай коңшуларын жарыша куралданга түртүүдө

Серепчилер 1,3 миллиард элдүү Кытайдын аскердик жактан кубаттанашына коңшулаш өлкөлөр жарыша куралдануу менен жооп берет дешет. Александр Храмчихиндин пикирине караганда:

- Кытайдын аскерий кубатынын өсүүсү - Кытайга коңшулаш жайгашкан бардык өлкөлөрдү армияга бөлгөн каражатты көбөйтүүгө аргасыз кылаары турган иш. Башкача айтканда, региондо озуна куралдануу башталат. Ошентип, Азиянын аскердик кубатынын артышы тез арада куралдуу күчтөргө бөлүнгөн чыгымдардын көбөйүүсүнө алып барат. Кайталап айтам, Европа кызматтагы аскерлерге өтө көп акча кетирет. Ошон үчүн Европанын коргонууга жумшаган чыгымы армиянын чыныгы потенциалына салыштырганда бийик.

Бул пикирди Сара МакДовал да колдоду. Ал Кытайга коңшулаш мамлекеттердин кооптонуусуна Бээджиндин деңиздеги жана кургактагы жерлерге болгон дооматы менен түшүндүрдү:

- Менин оюмча, Азия мамлекеттери Кытайдын аскердик чыгымынын көбөйүп жатканына бир кыйла кооптонуу менен карашууда. Бир жагынан, Кытай чоң экономикалык оюнчу болгондуктан, коргонууга кирешесин батыл жумшоодо. Экинчи жактан, акыркы айларда Кытайдын деңиз сууларына жана кургактагы жерлерге ээ чыгуусу же дооматы көбөйүүдө. Жапония менен Кытайдын ортосунда талаштуу Дяоютай-Сэнкаку аралдары бар. Кытай Түштүк Чыгыш Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинде Бруней, Филиппин, Тайван, Вьетнам менен деңиз сууларындагы аймактарды талашып жүрөт.

Спратли жана Парасел аралдары да талаш. 1974-жылы Кытай аскерлери Парасел аралдарынын батыш бөлүгүн Вьетнмадан тартып алып, 1988-жылы Вьетнамдын төрт кемесин чөктүрүп жиберген. Спратлей аралдарына Кытай менен Вьетнмадан башка Тайван, Малайзия, Бруней жана Филиппин көз артып турат.

Кытайдан башка Азиядагы чоң өлкөлөрдү алсак, быйыл Индиянын аскердик чыгымдары 10%, Индонезияныкы 53%, Вьетнамдыкы 25% көбөйөт.

Кытайдын Индия менен талаштуу да жерлери бар. Ошон үчүн Бээжиндин Түштүк Кытай деңизиндеги мунай бар деген архипелагдарга болгон дооматына, Индиянын тегерегиндеги коңшуларынын деңиз портторун инвестициялоосуна, өзгөчө, Пакистандын Гвадар портун тең орток пайдаланууну Бээжинге сунуш кылганы Жаңы Делини тынчсыздантпай койбойт. Себеби эки арадагы Кашмир штаты боюнча Индия менен Пакистан ондогон жылдардан бери араздашып келет.

Түштүк Кореянын деңиз күчтөрү машыгуу кезинде. 20-февраль 2012

Түштүк Кореянын деңиз күчтөрү машыгуу кезинде. 20-февраль 2012

"Кытайдын аскердик бюджетин көбөйтүүсү көпчүлүк Азия өлкөлөрүн тынчсыздантат деп ойлойм. Айрыкча, Кытайдын Түштүк кытай деңизиндеги жерлерге ээ чыкканы Индияны кооптондурганы талашсыз. Жаңы Делиде Кытайдын стратегиялык чалма-кадамдарына чочулоо күчтүү. Мындай чочулоо Бээжин Пакистандын Гвадар портун кеңейтип өнүктүрүүгө, Шри-Ланкада Хомбай Тота портун, Бангладеште Читигонг портун, Мянмарда Ситуе портун курууну инвестициялоосуна байланыштуу болууда.

Кытай ошентип Индиянын ныптасындагы океандагы коңшуларында деңизге чыкчу туруктуу порттордун жабдууларын өнүктүрүп жатканы да Жаңы Делини кооптондурууда. Кытай-Индия арасында Прадеш боюнча жыл сайын өткөрүлчү сүйлөшүүлөрдөн улам кичинейкей жылыштар болду. Быйыл январда Бээжин жана Жаңы Дели талаштуу маселени жөндөө боюнча байланыш тобун түзөлү деп макулдашты. Бирок аскерий сүйлөшүүлөр өз ара шектенүүлөргө менен ишенбөөчүлүккө байланыштуу алга жылбай турат",
- дейт Jane изилдөө борборунун улук адиси Сара МакДовал.

Ар бир өлкөнүн коргонуусун чыңдап, армияны күчтөндүрүүсүнүн өз жүйөсү бар. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун талдоочусу Рой Чодеринин “Индепендент” гезитине айтышынча, Кытай АКШнын аскерий чыгымын дүрбү салып турса, Индия жана Жапония Кытайдын, ал эми Пакистан Индиянын куралдануусун кунт коюп байкап турат.

Бул жараянда Филиппиндин мурдакы президенти Фидел Рамос айткандай, Кытайдын глобалдык саясаттагы маанисинин өсүшү жана армиясын модернизациялап жатканы, ага кошумча Азиянын экономикалык өсүүсү коңшу өлкөлөрдү куралданганга түртүүдө.

Кытайдын глобалдык саясаттагы маанисинин өсүшү жана армиясын модерниязалап жатканы, ага кошумча Азиянын экономикалык өсүүсү коңшу өлкөлөрдү куралданганга түртүүдө ...

Кытай жетекчилиги армияны куралдандыруу улуттук коопсуздукту камсыздоону гана көздөөрүн жана башка өлкөлөргө эч кандай коркунуч туудурбайт дейт. “China Daily” гезити 12-марттагы санында Азиянын аскердик чыгымдарынын өсүүсү - “глобалдык экономика Чыгышка жылганын чагылдырат” деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда Кошмо Штаттардын Европадан чыгарган аскерлерин Азия-Тынч океан регионуна жайгаштыруусу да курладанууга өбөлгө болгонуна ишаара кылды.

IHS Jane изилдөө борборунун эсептөөлөрүнө караганда, 2015-жылга барып, Кытайдын аскерий чыгымдары НАТОго мүчө сегиз чоң өлкө: Германия, Франция, Британия, Италия, Түркия, Канада, Испания жана Польша коргонууга чегерген каражатынан ашып түшөт. Бирок дале АКШга жетпейт. Вашингтон былтыр аскерий иштерге 693 миллиард доллар короткон.

Сара МакДовал айымдын пикиринче, “2012-жылдын аскерий балансын” көргөндөн кийин Азия өлкөлөрү Бээжиндин мүмкүн болчу аскердик кысымынан коргонуунун чарасын издээри талашасыз.

Айтмакчы, Кытайдын региондогу аскерий чыгымдардагы үлүшү 30% жогору кеткенде, Жапониянын үлүшү 20%, Индияныкы 10% түштү.

Кыргызстан эмне кылууга тийиш?

Борбор Азияга келсек, Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун маалыматына ылайык, 2011-жылы Казакстандын аскерий чыгымы 157%, Тажикстандыкы 120% Кыргызстандыкы 173% көбөйдү. Башкача айтканда, Казакстан армияга 1,74 млрд. доллар, Тажикстан 72 млн. доллар жана Кыргызстан 33 млн. доллар бөлгөн. Өзбекстан боюнча маалымат жок.

Александр Храмчихин Орусия сөзсүз түрдө Азияда жана дүйнөлүк масштабда кураладануу улантаарына токтолду.

Кыргызстан куралдана албаса, эч кандай блокторго кошулбай, бейтарап позицияны кармануусу керекпи?

"Бейтарап же нейтралдуу позицияны кармануу - куралсыздануу дегенди түшүндүрбөйт. Себеби бейтарап Швейцариянын армиясы өз учурунда Европадагы эң күчтүү армиялардын бири болгон. Бүгүн да ошондой. Анткени ал нейтралдуу. Ал эми Европа мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүнүн акыркы жыйырма жылдагы өнүгүүсүнө байкоо салсак, бейтарап өлкөлөрдө куралсыздануу жараяны НАТОго мүчө өлкөлөргө караганда бир кыйла жай жүргөнүн көрөбүз. Ушун үчүн бейтарап болуу куралдуу күчтөрдү ылдам өнүктүрүү дегенди түшүндүрөт", - деди Храмчихин.

Азия континентиндеги куралданууга эмне түрткү болууда? Кыргызстандын аскердик доктринасы кандай болуу керек?

Бул тууралуу Кыргыз парламентинин Коопсуздук жана коргонуу комитетинин башчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытов "Азаттыктын" кабарчысы Кубанычбек Жолдошевге төмөнкүлөрдү айтты:



Cөз соңу: Азия өлкөлөрүнүн куралданууга өзгөчө маани берүүсү үч жагдайга байланыштуу. 1) региондун экономикалык өсүүсү; 2) Түштүк Чыгыш Азия, Түштүк Азия жана Чыгыш Азияда талаштуу территориялар; 3) Европадагы экономикалык кризис.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG