Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

“Асманды” коё туруп, Баткенден баштайлы


Баткендин Ак-Сай айылы. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткендин Ак-Сай айылы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Авазбек Жусупбековдон келген материалды сунуштайбыз.

Алгачкы ажобуз такка отурганда кандай сүйүндүк элек. Шапкелерди көккө ыргыттык элек го. Ананчы, асмандагы айга-күнгө окшош жүзүнөн нур чачырап турса, өзү академик болсо, Кудай берди дедик. Өлкөбүз кибернетика, электроника, санарип боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөргө кошулат деп ишендик. Жапан өлкөсүнөн ашпасак да тең тайлашабыз деп калганбыз. Өзгөчө жаштарыбыздын үмүтү зор эле. Мына, эми, чыныгы “кайра куруу” процесстери мектептерден жана жогорку окуу жайларынан башталат деп чыдамсыздык менен күттүк.

Ташынабы!? Агартуу айдыңы унутта калды. “Кайра куруу” жапырт таламайдан, менчиктештирүүдөн башталды. Приватизация “прихватизацияга” айланды. Буга коррупция баш болгон “побочные” жугуштуу илдеттер кошулду. “ЭсЭсЭсЭр” аттуу державаны ураткан Михаил Горбачев айткандай: “Процесс пошел!” Анан токтотуп көр! Ошондон бери тормозу иштебей калган поюздга окшоп ылдый эле шукшурулуп келатабыз, аркырап эле түшүп баратабыз...

Жыйырманчы кылымдын аягында мектепти аяктаган балдар-кыздар, мына, алды мамлекеттик кызматтарга келишти, элди башкарып атат. Аскар агайдын “реформасынан” таалим алгандардын айрымдары “мыкты адистигин” иш жүзүндө көрсөтүүдө. Көпчүлүгү коррупцияны өркүндөтүп, Сапар Исаковго окшоп Алмазбек Атамбаев сыяктуу устаттарын бага баштады. Агартуу жааты, ошол “айдай болгон” академиктин айынан кулагандан кулап, оогондон ооп келатат. Убагында Чынара Жакыпова деген агартуу министр кызыбыз катуу киришкен эле, аны көп узабай алып ыргытты.

Көрсө, ажобуз эл үчүн күйүп-бышкан мыктыларды коркутуп-үркүтүп, саясий аренадан тындым кылуу иши көнүмүшкө айланыптыр. Биринчиден, казынадан ичип-жегенге, коррупцияны өркүндөткөнгө жолтоо болбойт, экинчиден, эмки шайлоодо, бийликке аттанганда атаандашбасын деген максатта. Исхак Раззаковго окшоп иштеп келаткан Насирдин Исанов “ким билди” болгон соң, Чынара кызыбыз эмне болуп калыптыр?

Кыскасы өлкөнү паракорчулук, талап-тономой, жемкорчулук, тууганчылык, аягында коррупция деген сазга белчеден батырды. Саз соро берип аягында кекиртекке жетти. Баш-отубуз менен чөккөнгө аз калганда, элибиз чыдабай, “солнцеподобный” ажо менен ачык сүйлөшөлүк деп, Ак үйгө кирип барышса, аныбыз артын карабай кошуна мамлекетке кире качыптыр. Эми, ошол жакта университетте сабак берип, дагы деле уялбай жаштарга тарбия берип жүрөт дейт.

Тилекке каршы, кийинки ажолорубуз да ушундан сабак алган жок. Тескерисинче, кылыктары кайра жаман күчөдү, өркүндөдү. Эч нерсе көрбөгөндөй майкандашты, ичип-жешти, баш көтөргөн азаматтардын башын алды, тойгончо жеп, өлгөнчө карганышты, каалаганын кылышты, аягында, элдин каарынан коркуп экинчиси да качып кетти. Үчүнчү ажобуз түрмөдө. Кечирим сурайм, төртүнчүсү.

Алар эми өлө өкүнүп жүрүшсө керек. Бир тууганына келип топурак салалбайт деген не шумдук!?

Буларды эмнеге айтып жатам? Мен буларды, Нургожо уулу Садыр мырза, Сиз үчүн айтып жатам. Элдин чама-чаркы чегине жетти, эми акыркы үмүттү актаңыз! Азыр сизди сындагандар да, жамандагандар толтура. Чыдаңыз. "Бийликке келдим, эми байлык топтойм" деп Сиз да жаман жакка барбаңыз. Барсаңыз, анда бүттү.

Кыргызстан кыйрайт, анархия башталат, өлкө ыдырап сөгүлөт. Ошону каалап, көздөп, галстук тагынып, жаныңызда кошомат кылып жылмаңдап жүргөндөр толтура. Алар, тез арада Кыргызстанды жети-сегизге бөлүп, ар бири өзүнчө талаа-командири, кара-полковник, күрөң кардинал, корбашы болгусу келип турат, бөрк ал десе баш алуучулар, баш кесерлер. Сиздин ишиңизге байкатпастан тымызын бут тосуп жаткандар да ошолор. Сак болуңуз, Садыр мырза! Карапайым элдин, чыныгы кыргыздардын жалгыз үмүтү, акыркы үмүтү, Сиздин колуңузда. Эч кимге алданбаңыз, тилин албаңыз. Терең ойлонуп иш кылыңыз. Кийин өкүнүп калбаңыз, мурдагы ажолорго окшоп. Нургожо атанын чыныгы уулу болуңуз!

Азырынча, Сиз тараптан аракеттер абдан жакшы. Коррупция менен күрөштү күчөтө бериңиз. Ошону абдан туура кылып жатасыз. Жакпагандар айта берет, аларды да угуңуз... бирок, жыйынтык чыгарыңыз.

Эми, эгемендикти бекемдеш үчүн эмне кылуу керек?

1. Кадр маселесин чечүү керек. Жакшы, мыкты, чет өлкөдөн окуп келген улан-кыздар, адистер чакырылсын. Ар бир кызматка тандоо жүргүзүлсүн. Алгач, ошол тандоону жүргүзгөн адистердин өзүлөрүн да кылдаттык менен текшерүү керек. Тааныш-билиш, тууганчылык, куда-сөөк мына ошолордон башталат. Мамлекеттик кызматтарга тандалган жалаң жаштар коюлсун. Бул жагынан Грузия өлкөсүнөн, жакшы жактарын үйрөнсөк.

2. Инвесторлор чакырылсын, айыл чарба азыктарын иштетүү, автоунааларды, зер буюмдарды чыгаруу жагына көңүл бурулсун. Элдин саламаттыгына, экологияга зыян алып келбегендей болсун.

3. Кен байлыктарын казууну тартипке салуу керек. Өзүбүз иштетүүнү колго алалык. Же ниети таза инвесторлорго берилсин. Чет өлкөлүк адистердин айтуусу боюнча Кыргызстан кен байлыктарынан тапкан пайдадан эбак эле алдыңкы өлкөлөргө теңелмек.

4. Алгач билим берүү тармагын реформалоо керек. Мугалимдер, окутуучулар, илимдин кандидаттары жана докторлору аттестациядан сөзсүз өткөрүлсүн. Илимий мекемелердин натыйжалуулугун карап чыгуу зарыл. Агартуу тармагына олуттуу көңүл бурулсун. Сабатсыз өлкөнүн келечеги жок.

5. Бюджетте отурган мекеме-уюмдар азайтылып, кызматкерлер кыскартылсын. Адистер аттестациядан жыл сайын өткөрүлсүн. Мыкты кызматкерлердин айлыктары көбөйтүлсүн. Ар бир мекеменин натыйжалуулугу каралсын. Максатсыз чыгымдар токтотулсун, чет өлкөлүк иш сапарлардын отчеттору кылдат текшерилсин.

6. Укук, коргоо органдарындагы алынган чиндерди, мамлекеттик наамдарды, илимий даражалардын баарын кылдат карап чыгуу керек. Өтө жогору суммадагы пенсиялар текшерилип, көлөмү аздардыкы көбөйтүлсүн.

7. Чек ара маселеси жакын арада бүтпөйт. Кыргызстан Баткенден башталат эмеспи. Менимче, Ысык-Көлдөгү Асман шаарын коё туруп, Баткен жергесинде жаңы борбор куралык, ордо калаасын ошол тарапка көчүрөлүк. Ооба, антпесек чатактар, кан төгүүлөр, согуштар улана берет. Тажик чек арасы аз келгенсип, Оогандан от, өрт жакындап келатат. Келечекте, Баткендеги жаңы борбордо жалаң башкаруу органдары орун алат. Алгач, Коргоо министрлиги көчсүн, анан президенттик администрация, өкмөт аппараты, калган министрликтер жана Жогорку Кеңеш. Чакан, таза, ыңгайлуу, бүгүнкү заманга жооп берген чыныгы ордо калаа, “акылдуу шаар” болсун. Плансыз курулуштардын айынан (коррупциянын айынан) Бишкек калаабыз этек-жеңи жыйналбай, борборго эч ылайыгы жок, түтүнгө ышталган чоң кыштакка айланды. Жакында чоң полигонго айланат, таштанды төккөн.

8. Кыргыз тили кыйрап барат. Эне тилдин кадыр-баркын көтөрбөсөк коомчулук акырындап экиге бөлүнөт, кыргызча сүйлөгөндөр жана сүйлөбөгөндөр (шаардыктар жана айылдыктар, карылар жана жаштар, кыргыздар жана киргиздер) болуп. Мамтил боюнча Улуттук комиссиянын укугу күчөтүлсүн, атүгүл, керек болсо тил полициясы түзүлсүн. Мекенди сүйүү, патриоттуулук - эне тилден башталат.

9. Байлар менен кедейлердин ажырымы да күчөп барат. Мындай көрүнүш жакшылыкка алып келбейт. Бул деген байкатпастан барып жарылуучу бомбага окшош. “Жоголсун байлар!” деп кыйкырбайлык. “Жакырчылык жоюлсун!” деп чакырык жасайлык.

10. Эң башкысы, баарынан жогору мыйзамдуулук турушу керек. Мыйзам алдында баарыбыз баш ийгенде гана өлкө оңолот. Ал үчүн ар бир жаранды бала бакчадан тартып, пенсия курагына чейин тарбиялашыбыз керек. Мыйзамдарды колдонууну үйрөтөлүк, окуталык, элдин аң сезимин мыйзам менен сугаруу зарылчылыгы келди.

Негизинен менин айтайын дегеним ушулар.

Авазбек Жусупбеков

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG