Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

ОРУСИЯ: КСЕНОФОБИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ МАМЛЕКЕТТИН МИЛДЕТИ ЭМЕС


Муса Мураталиев, Москва Быйыл Орусияда улутуна карап же диний көралбастыктан улам өлтүрүлгөн кишилер эсеби жетимиштен арткан, жарадар болушкандар эсеби 120 кишиге жеткен. Мындай маалыматты Москвадагы адам укугун корогоо бюросунун жетекчиси Александр Брод “ИНТЕРФАКС” аркылуу таркаткан. Башка жылдарга салыштырганда улуту башкаларга кол салуу Москва жана Москва облусунда көп орун алган. Андай кол салууларды ашынган улутчулдар тобу жасашуда. Адам укугун корогоочу уюмдар маалыматы боюнча Орусияда азыркы тушта, 70 миң скинхед бар, алар баарыдан мурда Кавказ, Орто Азиядан ооп келгендерге кол салышууда.

«Эркин Европа» жана «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинда Москвадагы «Сова» анализдөө борборунун жетекчилеринин бири Галина Кожевникова – ушул эле жылы Орусияда кылмыштуулуктун болуп көрбөгөндөй өсүшүн белгилеген. Андай маанайдын жарлышына өлкөдө славян эмес өңдүүлөргө ким-кимдин болбосун кас мамиле жасоосунан дейт. Ал эми өлкөдө неофашизмдин өрчүп баратышына орусиялык бийликтин көрсө көрмөксөнгө салган мамилеси ал кыймылдын тегирменине суу куюуда.

Оруска өңү окшобогондорду кемсинтүү, аларды жок кылуга шуңшурулуу улутчулар алдына койгон башкы милдет болуп калгандай. Ырасмий булактар маалыматында болсо былтыр, 2007-жылы бир эле Маскөө шаарында ашынган орус улутчул жаштар 5439 жолу чукулку жана алыскы чет элдик атуулдага кол салуу жасашкан. Алардын арасынан абдан көп жарадар болуп же мерт болушкан адамдар Өзбекстан, Украина, Тажикстан жана Кыргызстандан келгендер экен.

Улутуна карап киши өлтүрүү Орусияда айрыкча Мамдуманы жана президентти шайлоо учурунда күчөгөнүн анализчилер белгилешет. Анын тенденцияга айланып баратышы жакында Маскөөдө кайра-кайра орус жана кавказдан чыккандар жааташып мушташуусу айгинелеп тургандай. Андай мушташтардын бери дегенде үчөө коомчулукка кеңири белгилүү. Маселен, акыркысы ушул эле демалыш күнү колуна темир таяк, бычак алып, ар тараптан жыйырмадай уландар метронун «Бабушкинская» станциясынын алдында беттешишкен. Үчөө жарадар болуп ооруканага түшүп, бешөө жеңил жарадар болуп, таркашкан.

Былтыр, 2007-жылы 2-сентябрда, «Азаттыкка» берген маегинде (ДПНИ) мыйзамсыз келген мигранттарга каршы кыймылдын лидери Александр Белов (Поткин) айткан пикиринде, ал жетектеген кыймыл жүргүзүп аткан аракетке бийлик табакташ болуп алганын мындайча билдирген:

- Бийлик биздин тилибизди туурачу болду. Мыйзамсыз келген мигранттар эми бийлик үчүн да башкы коркунуч болду, аларды душман катары кабылдачу болду, улутчулдук саясий көрүнүш болуп кызмат өтөй баштады.

Кайсы бир анализчилер баамында бийликтин кыйладан бери улутчулдукту ооздуктоо мамлекеттин иши эмес деп ага көңүл бурбай келатышы ашынган улутчул жаштар кыймылын жаратты дешет. Экинчи бирөөлөр калк арасында оруска окшобогондордон коркуп-үркүп, аларды жоо саноо артып бартат, ошонун таасири жаштарга тийүүдө дешет. Чын эле, «Левада борбору» жүргүзгөн сурамжылоо жыйынтыгы, азыркы тушта калктын 58 пайызы орустун гана бийлиги орношун каалашат.

Жакында Орусиянын президенти Дмитрий Медведев учурдагы эң олуттуу маселелердин бири экстремизм, ксенофобия жана фашизм менен күрөш болорун эскертти. Эксперттер болсо Кремлдик кожоюндун сөзүнүн турмушка ашып же ашпашын убакыт көргөзөт дешет.

18-июнда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү Уран Шамшиев билдиргенге караганда, Маскөө, Маскөө обулусу жана Санкт-Петербург аймактарында улутчулдар колунан курман болушкан: А.Жаркынов, К.Жусупов, Р.Эркинбаев, А.Ашыров, М.Эргешов, М.Мамытов, К.Жороев, Б.Темиржанов, Э.Мамасаитов иликтөөлөрүндө жылыш бар экенин билдирген. Ал маркумдарга бычак сайгандар колго түшүрүлүп, айып тагылып аткандар үстүнөн тергөө жүрүп атканын айткан.

XS
SM
MD
LG