Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

“Нарынга көпүрө курсам дечү"


"Нарынга көпүрө курсам дечү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

"Азаттык" радиосундагы эң алгачкы аял алып баруучу - Майра Жакып келини 24 жылдай обого “Бактыгүл" деген ысым алдында чыккан. Бу жолку маегинде ал күйөөсү ыраматылык Төлөмүш Жакып уулун эскерип олтурду.

- Сиз “Азаттык” радиосунда баш-аягы 20 жылдан ашуун иштепсиз да?

- 1971-жылдан 1983-жылга чейин эркин кабарчы, же фрилансер болуп жүрдүм. 1983-жылы Төлөмүш ооруп калып, пенсияга чыкты. Экөөбүз тең иштеп жүргөндө радио берген үйдө турчубуз. Пенсияга чыккандан кийин азыркы турган үйдү сатып алдык. Карызга баттык дегендей. Ошондо жетекчилик жакшылык кылып, мени штаттагы кабарчы кылып алышкан.

- Ошондо 1971-жылы радиодо канча кыргыз бар эле?

Төлөмүш Жакып уулу иш учурунда (сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Төлөмүш Жакып уулу иш учурунда (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

- Башында Төлөмүш экөөбүздөн башка кыргыз жок болчу. Андан кийин түркиялык эки кыргызды: Мамашарип Казы менен Мехмед Аралды жумушка алышкан. Экөөнү тең биз тапканбыз. 1966-жылы кызыбыз Тилекти жакындарга таштап, Түркияга барган элек. Экөөнө ошол жерден жолугуп, алып келгенбиз. Түркияда төрөлүп-өскөнгөбү, башында кыргызча жакшы сүйлөй алышчу эмес. Радиого келгени көп нерсе үйрөнүштү.

- Аким Өзгөндү ким тапты эле?

- Аким Өзгөндү Азамат ага келгенден кийин жумушка алган. Төлөмүш ооруп калгандан кийин шеф-редактор болчу эч ким жок. Мен деле, Мехмед менен Мамашарип деле баарыбыз чала кыргызбыз. Анан Төлөмүш “Америкадан Азамат Алтайды чакыралы” деп сунуш кылды. Ошону менен ал киши Мюнхенге келип, дагы беш жылча иштеп калды.

- Төлөмүш агай жалаң эле кыргызча сүйлөсө керек, немисчени жакшы билчү беле?

- Немисчени аябай жакшы билчү. Биринчи аялы немис улутундагы аял болчу, ал 1961-жылы кайтыш болгон. Экөө жети жыл бирге жашаган. Ал аялынын мурунку никеден бир уул, бир кызы бар экен. Төлөмүшкө турмушка чыкканга чейин балдары барын жашырып, айтпай жүрүптүр.

Үйлөнгөндөн кийин “уулум бар эле” десе, Төлөмүш “алып кел” дейт. Эки-үч жыл өткөндөн кийин “кызым да бар болчу” дейт. Төлөмүш аны да алдыртат. Мүнөзү ачык-айрым, кең пейил киши эле да. Колунан келген жакшылыгын аячу эмес. Ал уул-кызы көзү өткөнгө чейин “аталап” келип жүрүштү. Бир жолу конокко келишиптир, ойной турган мышык көтөрүшүп. Аталап жатышса, Тилек “силердин атаңар эмес, менин атам” деп жатпайбы кызганып (күлүп). Андан кийин азыраак келип калышты. Бирок көзү өткүчө кол үзүшкөн жок. Кызы мугалим болчу.

Биринчи аялы Төлөмүшкө “сенин балаң болбойт” деп айта берчү экен эмнегедир. Ошол сөз жедеп кулагына сиңип калыптыр. Үйлөнгөндөн кийин боюмда болуп, сүйүнчүлөсөм “жок, менин балам болбойт” деп чочуган. Мен аябай ызаланып, энеме айтып ыйласам, “төрөлгөндөн кийин көрөсүң, өзүнө окшош кыйшык көз болуп туулат” деп жооткоткон (күлүп).

Майра апа күйөөсү Төлөмүш жана кызы Тилек менен.
Майра апа күйөөсү Төлөмүш жана кызы Тилек менен.

- Сиз радиодо Бактыгүл деген ат менен чыгып жүргөндө, Кыргызстандагы кишилер сизди жакшы көрүп угарын билчү белеңиз?

- Ошол кезде уккан эмесмин. 1992-жылы Кыргызстанга барганда билдим. Бир жума Ысык-Көлдө, Чолпон-Атада эс алганбыз. Мейманканада жатсак, кыргыздар келип кызыбыз Тилек менен сүйлөшкүлөрү келди. Тилек болсо кыргызча да, орусча да билчү эмес. “Ой, сен кандай немесиң?” дешкенинен “Ал Германияда туулган, ошон үчүн билбейт” деп жооп бердим. “Сиз кимсиз?” дешкенинен “Бактыгүлмүн” десем эле курчап калышты. Угушат экен...

- Мага кийин да айтып жүрүштү. Үнү таттуу Бактыгүл деген кабарчыңар бар эле, көрүнбөй калды дешип. Чындап эле сизди жакшы көрүшчү экен. Эмне жөнүндө кабарларды окучу элеңиз?

- Дүйнөдө болуп аткан бардык эле жаңылыктарды окугам. Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарды да. Баары эсимде жок.

- Америкага барганда архивден үнүңүздү таптым эле. Рахманкул хан тууралуу кабар окуган экенсиз?

- Рахманкул ханга Түркияга барганда жолукканбыз. Ван чөлкөмүнө атайын барганбыз. Кыргыздар кыйналып жашаганын көргөн элек.

- Өзүңүз үй-бүлөдө жалгыз бала турбайсызбы?

- Крымдын Феодосиясында туулгам. Согуш башталганда коңшу айылдагы таекемдикине кеттик. Атамды урушка кеткен боюнча көргөн жокмун. Кара кагаз келген. Апам болсо 51 жашында, Тилек төрөлөргө бир жума калганда көз жумду. Бардык чыгымын Төлөмүш өзү көтөрдү. Далай акча коротту. Ушундай жакшы, мээримдүү киши болчу агайыңар. Мен андан кийин анчалык мээримдүү адамды көрбөдүм. Мага аябай жакшы мамиле кылчу.

- Кыргызстанды сагынчу беле?

- Абдан сагынган. Кийин туулуп-өскөн кыштагына барганда бала кезиндегидей жерге оонады. Мекенин көрүп кеткенине сүйүнөм, арман кылбай. Чет өлкөгө кыргыздар келди дегенде жетип барчу. Ыңгайы келсе, өз чөнтөгүнөн сыйлап, бапырап кетчү. Кыргызды, Кыргызстанды өмүр өткүчө сүйүп жашады. Радиодо иштегенине 25 жыл толгондо алтын саат беришкен. Ошону дайыма “кийин муну Кыргызстандын музейине бер” деп айтаар эле. Саат азыр деле менде турат.

- Төлөмүш агай менен белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин таанышканы дагы деле аңыз болуп айтылып жүрөт.

- 1966-жылы Германияда кинофестивал өткөн. Ага Төлөмүш Океев да келген экен. Ошондо барып таанышып келген. Эки жылдан кийин Океев Швейцарияга келгенде бизге кат жазып, чакырды. Лугано шаарында экен, биз барганда сыртта күтүп олтуруптур. КГБдан коркпогон жакшы жигит эле. Көп эле киши КГБдан коркуп бизден оолактап кача турган ал кезде. Кийин Төлөмүш андан Нарындагы ата-энесине белек берип жиберди. Аны Океев жеткирип берген экен. Төлөмүш келди дегенди уккан эл чогулуп калыптыр да. Караса эле башка Төлөмүш дейт. Ошондон кийин бат-бат жолугуп турдук. Болот Миңжылкиев, Чыңгыз Айтматовдор менен да жакшы мамиледе элек.

- Асек Жумабаев менен да жолуккан деген чынбы?

- Ал киши досу жана тууганы болчу. Тагдыр экен, согуш чыгып, көп жыл көрүшпөй калышты да. 1992-жылы Кыргызстанга бардык. Нарындан кийин Чолпон-Атага, анан Бишкекке бардык. Ошондо экөө Асектин Бишкектеги үйүндө таң аткыча кобурашып, комуз чертип түнү бою олтурушкан.

- Советтер заманында Германияда жүргөндө артынан аңдуулар болду беле?

- Андай деле болгон жок. Бирок Кыргызстандагы гезиттер, “Ала-Тоо” журналы баш болуп “саткын, чыккынчы, атасы өлсө келген жок” деп жазаар эле. Аны окуганда аябай капа болчу. Комуздун күүлөрүн коюп алып таң аткыча ошону тыңшап отурчу. 1990-жылга чейин тууган-туушкандары менен көрүшкөн жок да. Кийин эки иниси келди.

1983-жылы ооруп, пенсияга чыкканда Түркиядан үй сатып алганбыз. Ошондо “ушул үйдү бекер алдык, байбиче, туура эмес кылдык” деп бушайман болду. Кийин Кыргызстанга барганда, “баягы акчаны коротпой турганда ушул айылыма көпүрө салдырып бербейт белем” деп терең өкүнгөнүн айтпа. “Сат анда үйдү” дедим, бирок ал тилегине жетпей калды. Айылына барып келгенден кийин көп узабай эле өтүп кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG