Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Каспийде мунайчыларды издөө уланууда


Каспий деңизинде тутанган өрт
Каспий деңизинде тутанган өрт

Мунай бургулоочу SOCAR Гүнешли платформасында дайынсыз жоголгон алты кишинин сөөгү табылды. Азербайжандын өзгөчө кырдаал министрлиги кырсык болгон жерден анча алыс эмес, 65-70 чакырым алыстан мерт болгондордун жасаттарын алып чыкты.

Куткаруучулар Каспий деңизинен алты мунайчынын жансыз денесин алып чыкканда жоголгон жыйырмасы тирүү болушу мүмкүн деген үмүт жалп өчкөнсүдү.

7-декабрь күнү табылган алты адамдын жасатына мурдагы эки киши кошулуп, бул окуя SOCAR Гүнешлинин тарыхындагы “ири трагедия” деп бааланды.

Жыйырмадан ашуун мунайчыны деңизден издөө иши уланып жатканда Азербайжандын өлкө башчысы Илхам Алиев баш болгон төбөлдөр маркумдар менен дайынсыз жоголгондордун жакындарын жооткото албай убара тартууда.

​Бийлик Азери-Чырак-Гүнешли платформасындагы өрткө катуу бороон себепкер болгонун ырастоодо. Кырсык жээктен 120 чакырым алыста, 4-декабрда болуп, алгач өрттөн 32 жумушчу куткарылган. Бирок кийин аларды ташып келе жаткан желим кайык деңизде аңтарылып кетип табылбай калышты.

Узаган апта соңунда Илхам Алиевдин расмий веб-сайтында жоголгондорду тирүү табууга кичинекей үмүт шооласы жанып турганы айтылган. Алиев мерт болгондордун жакындарына көңүл айтып, 6-декабрды аза күтүү күнү деп жарыялады. Өлкөдө туу түшүрүлүп, көңүл ачуу токтоду.

Маркумдардын айрым туугандары SOCAR компаниясы менен Азербайжан бийлиги куткаруу операцияларын тийиштүү деңгээлде аткара албай жатат деп сындашууда. Маселен, бир тууганынын жасатын деңизден таап чыккыа Тахир Тагиев аттуу жаран “Азаттыкка” минтип айткан:

- Жоголгон кишилерди издегенге чамасы жетпей, булар өрттү өчүрүү айласы менен убара. Куткаруу операциялары тийиштүү деңгээлде эмес, - деди.

Издөө жана куткаруу операциясына Азербайжандын Өзгөчө кырдаал министрлиги жети кеме, төрт тик учак, ошондой эле Каспий деңиз компаниясынын чоң кемеси тартылган. Каспий деңизине тийиштүү Казакстан, Орусия, Иран жана Түркмөнстанды да өз деңиз аймагынан азербайжандык мунайчыларды издөө суранычы жиберилген. Бороондон улам куткаруу иши солгундап жатканын бийлик өкүлдөрү айтышууда. SOCAR Гүнешлинин вице-президенти Халык Маммадов журналисттерге:

- Шамалдын ылдамдыгы жана толкундун бийиктигинен улам деңизге кулагандарды толкун алыска алып кетиши ыктымал. Сынган кайыктын бөлүктөрүн 50 чакырымдан байкадык эле. Бирок биз жеткиче жоголуп кетти, - деди.

Ал арада мунай платформасында өрт өчүрүү иштери дале уланууда. Прокуротура “өрт коопсуздугу сакталган эмес” деген жүйө менен кылмыш ишин ачты. Каспий аркылуу Батыш дүйнөсүн мунай менен камсыз кылган Азербайжандын мунай платформаларында акыркы жылдары адам өмүрүн алган кырсыктар тез-тез катталып келет.

2011-жылы бургулоочу платформа Орусиянын алыскы чыгыш жээгинде чөгүп, 53 киши набыт болгон.

2010-жылы British Petroleum иштеткен азербайжандык Deepwater Horizon платформасы Мексика кысыгында жарылып, 11 адам каза таап, миллиондогон баррель мунай деңизге төгүлгөн.

Азербайжандагы мунай бургулоочу жайда болгон кырсык бир ай мурда Бакуда 15 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгына улай болду. Ошондо да жакынынан айрылган эл бийликти катуу сындаган эле.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG