Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиев менен интервьюсу жарыяланды. Беларустан башпаанек тапкан мурдагы президент 2010-жылкы Апрель окуясы жана анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп берген.
Сыртынан 30 жылга кесилген мурунку президентке мындай деңгээлде аянтча уюштурулуп жатканын апрелчилер кескин сындап, "Бакиевдерди актоо аракети" деп сыпатташууда.
Бакиевдин актануусу
2010-жылы элдик толкундоолордон кийин бийликтен кетип, Беларустан башкалка тапкан Бакиев 50 мүнөттүк интервьюда өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланышы жөнүндө суроолорго да жооп берди. Ал ошондой эле 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сотко Беларустан онлайн катышууга даяр экенин айтты.
"Ачык сот процесси болсун. Кыргызстанда сот, прокурор жана каалоочулар катышсын, мен катышайын. 2010-жылы төңкөрүштөн кийин 8-апрелде Жалал-Абадга барганда эле айткам, эл аралык иликтөө кылалы деп. Ошол жерде тогуз күн жүргөндө толук ишенгем, бул төңкөрүш тышкы мамлекеттин жардамы менен болгон", - деген Бакиев 2010-жылы 7-апрелде "атайын даярдалган төңкөрүш болгон" деп, бирок аны кимдер ишке ашырганын ачык айткан жок.
Ошондой эле ал өлкөнү башкарып турган маалдагы буюртма адам өлтүрүүлөр жөнүндө суроого жооп берип, аларды криминалга, баңги соодасына байланыштырып, "саясатка тиешеси болгон эмес” деп айтты.
"...актоо, мактоо деген жок"
Бакиев ысымын атагандардын бири - Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Жыргалбек Сурабалдиев 2005-жылы 10-июнда Бишкектин так борборунда киши колдуу каза тапкан. Анын кызы Элвира Сурабалдиева дагы учурда парламентте депутат. Ал соңку учурда Бакиевдин актануу аракети күчөдү деген нааразы пикирин билдирди.
"Мен аябай таң калып жатам, Аксакалдар кеңешинин төрагасы эмнеге маектешип жатат? Таң калычтуу болуп жатат. Өз бийлигин сактайм деп 100 кишин атып, ага чейин саясатчыларды өлтүрткөн. Эми аны криминалга шылтап койду. Кудайды карап калп айтсын", - деди Сурабалдиева.
Апрель окуясынын катышуучусу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев "учурда Бакиевди өлкөгө алып келүүнү, актоону көздөгөн саясий күчтөр бар экенин" айтып, коомчулук ага жол бербей турганына токтолду.
"Эл чыгып Бакиевдерди кубалап жиберген. Эл жакыр жашап, чыдамы кетип көчөгө чыккан. Аларды айтпай баягы эле жомогун айтып жатат. Мунун баары өзүн актоо аракети. Азыркы бийликтегилерде аны актоого кызыктар адамдар бар. Аларды баарыбыз билебиз. Дубайда Атамбаев жолтоо болуп калган. Эми ошонун экинчи этабы кылып Бакиевди актоо аракети жүрүп жатат", - деди Мискенбаев.
Интервью уюштурган Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев "Бакиевди актоо аракети" деген пикирди четке какты. Ал журналисттик милдетин аткарып, мурдагы бардык президенттер менен интервью уюштуруп, атайын долбоор менен мамлекеттик телеканалардан көрсөтүүгө макулдашып жатканын “Азаттыкка” билдирди.
"Болгонун болгондой эле айткан маектешүү болду деп ойлойм. Журналисттик принципти сактадым. Ал эми коомдо кайсы бир президентти актоо, мактоо деген жок. Кыргыз демократиялуу элбиз. Сынды деле, мактоону деле катырабыз", - деген Кошалиев учурда Улуттук телеканалда иштеп жатканын айтты.
Дубайдагы жолугушуу
18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы беш президенттин башын бириктиргенин Фейсбукка жазып, эл-жердин ынтымагын ойлоп, мурдагы мамлекет башчыларды чогултканын түшүндүргөн. 21-февралда Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда "Бакиевге сот чечими чыкканын, Кыргызстанга келсе камакта олтурушу керектигин" айткан.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Миңден ашуун адам жарадар болуп, кийин аянтта каны төгүлгөндөрдү кошкондо 150дөн ашуун киши каза тапты.
Соттун чечими менен Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.