Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:29

Балбандардын мамлекетке таарынычы


Олимп оюндарына катышкан курама команданы тосуп алуу аземи. Ала-Тоо аянты. 7-август, 2021-жыл.
Олимп оюндарына катышкан курама команданы тосуп алуу аземи. Ала-Тоо аянты. 7-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын Күрөш федерациясы спорттун бул түрүнө мамлекеттен жетиштүү колдоо болбой жатканын айтып, кайрылуу таратты.

Токиодогу жайкы Олимп оюндарында ийгилик жараткан балбандарды тарбияланган Күрөш федерациясынын өкүлдөрү мелдешке чейин ар кандай кыйынчылыктар болгонун, көйгөй азыр да чечилбей жатканын айтып чыгышты.

Федерация орус тилинде жарыялаган кайрылуусунда “Ийгилик жараткан спортчуларга мамлекет канчалык көңүл бөлгөн?” деп суроо салган.


“Кыргызстан Олимпиададан алтын күттү... Бирок аны алуу үчүн эмне кылды? Балбандарга спорт комплекс тургай машыгуу залы жок. Курама команда жеке залдарды ижарага алат. Түштүк аймакта спорт интернаты жок. Машыктыруучулардын айлыгы аз. Өспүрүм жана кадеттер чемпионаттарга баруу үчүн демөөрчүлөрдөн акча издейт. Мамлекеттик казына 3-5 адамдан сырткары камсыздай албайт.

Эмнеге Олимпиададагы 5-7 орунду алып келгендерге акчалай сыйлыкты алып салышты? Мисалы, Айпери Медет кызы дүйнөдөгү 16 мыктынын ичинен татыктуу күрөшүп, бешинчи орунду алды. Бирок анын бул эмгеги эмнеге бааланбашы керек?

Федерация спортчуларды кымбат дарылар менен камсыздайт. Вице-президенттин, мүчөлөрдүн жеке каражаты менен сапарларды каржылап, Дүйнөлүк күрөш уюмуна жана калыстардын лицензиясы үчүн жылына акча төгүп, курама команданын бардык кошумча чыгымдарын өзү жаап келет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев кайрылуу бийликти сындоо үчүн эмес, кийинки Олимпиадага даярданууда мамлекеттин көңүлүн бурдуруу максатында жазылганын билдирди. Бекбоев бул тармактагы көйгөйлөрдү айтып, агынан жарылды.

“2024-жылга даярдануу үчүн көйгөйлөрдү чечүү керек. Бизге алтын медал керекпи? Анда ойлонолу. Азыр жаштар курама командасы Уфадагы (Орусия) дүйнөлүк чемпионатка кетти. Олимпиадада ошолор күрөшөт. Аларга жана машыктыруучуларга азыртадан көңүл буруп, шарт түзүп берүү керек. Федерацияга мамлекеттен бир тыйын бөлүнбөйт. Чыгымдарыбыз аябай көп, ишибиз бааланбайт”, - деди Алмаз Бекбоев.

Бекбоевдин айтымында, Дүйнөлүк күрөш уюму ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында мелдеш өткөрүүгө уруксат берген. Бирок кендирди кескен каражаттын айынан чемпионат болбой калды. Өлкөнүн күрөш курама командасында жүргөн атын атагысы келбеген спортчулар федерация көтөргөн маселелер туура экенин айтышат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Күрөш федерациясы тараткан кайрылууга жооп болбой турганын билдирди. Дегеле, жылына спорттун күрөш түрүнө мамлекеттен канча акча сарпталары тууралуу дагы маалымат берген жок.

Спорт жана чыгымдар

2016-жылы Бразилияда өткөн жайкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү боюнча күч сынашкан Арсен Эралиев бир спортчуга кеткен чыгымды санап өттү.

Арсен Эралиев коло байге үчүн таймаш учурунда. 15-август, 2016-жыл. Рио-де-Жанейро. Бразилия.
Арсен Эралиев коло байге үчүн таймаш учурунда. 15-август, 2016-жыл. Рио-де-Жанейро. Бразилия.

“Мисалы, Кыргызстандын ичинде машыгууларга барсак, бир спортчуга мамлекеттен күнүнө 2 миң сомдон бөлүнөт. Ал эми эл аралык машыгууларга күнүнө 70 доллар. Машыгуу 15 күн болушу мүмкүн. Андан сырткары кымбат дарыларды алат. Аларды бир сайганы 4000 сомдой болот. Ошондо чоң мелдеш алдында тынымсыз машыгуу үчүн бир спортчуга болжол менен айына 2 миң доллар сарпталат”.

Кыргызстанда спортчулар өз даражасына ылайык ар кандай өлчөмдө стипендия алат. Бирок 2020-жылы мамлекет канча спортчуга стипендия бергени тууралуу маалымат жок. Буга чейин 2019-жылы спорт агенттиги 1480 спортчуга 36 миллион 220 миң сом өлчөмүндө стипендия берилгени кабарланган.

Каржы министрлигинин сайтындагы 2021-жылга республикалык бюджеттин бекитилген долбоорунда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине 2021-жылга 862,9 млн. сом каралганын көрүүгө болот.

Мунун ичинен Түркиядагы IV дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимп оюндары үчүн 105,0 млн. сом каралган. 2020-жылы 954,9 млн. сом бөлүнгөн.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик академиясынын ректору, эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы калыс, Саитдин Азизбаев мамлекеттен бөлүнө турган каражаттын маселеси чечилсе, кийинки Олимпиадада күрөштөн оңго чейин медал алууга мүмкүнчүлүк барын белгиледи.

“Айрым учурда мамлекеттен акча дароо бөлүнбөйт. Машыктыруучу акча издеп алаксыбай өз ишин кылышы керек. Биринчи көйгөй эле акча. Тажрыйба топтоо үчүн эл аралык мелдештерге көбүрөөк чыгышы зарыл. Бардык шарт түзүлсө, келечекте 6-10 медал менен келет”, - деди Азизбаев.

Жапониядагы Жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова дагы күмүш, Мээрим Жуманазарова коло байге алды.

Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө 7 миллион сом, коло үчүн 5 миллион сом сый акы убада кылган.

Байкоочулар бул жолку Олимпиадада кыргыз спортчуларынын сапары байсалдуу болгонун, эгемендик алгандан бери өлкөдө алгачкы жолу кыз-келиндер күрөшүнөн тарых жаратылганын баса белгилеп жатышат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG