Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:05

Кызылсуулук кабылан Кыраанбек


Кыраанбек Макан уулу оюн учурунда.
Кыраанбек Макан уулу оюн учурунда.

22 жаштагы Кыраанбек Макен Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда туулган. Өзү айткандай, кесипкөй баскетболчу.

Кыраанбек 18 жашында Кытайдын тандалма жаштар командасына чакырылган. 2012-жылдан бери такай улуттук тандалма командада ойнойт. Коргонуу линиясынан чабуулду уюштурчу оюнчусу - shooting guard. Өз клубу - Үрүмчү шаарындагы “Шинжаңдын учкул жолборстору”. Бул команданы Шинжаң уйгур автоном району каржылайт. Кыраанбек азыр Бээжинде улуттук тандалманын баскетболчулары менен кезектеги машыгуудан өтүп жүрөт.

- Мен Шинжаңдын баскетбол командасында ойночумун, - деди телефон менен баарлашуу учурунда Кыраанбек.

- Кытайдын улуттук тандалма командасы ар жылкы мелдештер учурунда ар кайсы клубдагы жакшы ойногон топчуларды тандап алат. Улуттук тандалмага чакырылгандар чогуу машыгат. Улуттук лигада ойногонума үч жыл толду. Ага чейин 2010-11-жылдары өлкөнүн жаштар тандалмасында ойногом. Биздин командабыз - “Синьцзян Флайн Тайгерс” ("Шинжаңдын учкул жолборстору") быйыл эле сегиз мыктынын катарына кире албады. Акыркы чечүүчү таймашта командага жеңилип калдык.

- Баскетболду канча жашыңдан тартып ойнойсуң?

- 16 жашыман. Орто мектепте окуп жүргөндө Үрүмчүдөгү атайын коллежге тандап алып кетишкен. Кесипкөй баскетбол топчусу катары мелдештерге катышып жүргөнүмө жети жыл болду.

- Салмагың, боюң канча?

- Боюм 1 метр, 98 сантиметр, салмагым 96 килограмм. 1992-жылы 27-сентябрда туулгам. Аз күндөн кийин 23 жашка толом.

- Улуттук командада сендей бою бийик оюнчулар көппү?

- Менден эгиз (бийик) балдар көп. Эң бийиги 2 метр 20 сантиметр. Мен орто бойлуу оюнчумун. АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясындагы Майк Жордан, Коби Брайантты билесизби? Мен ошолор сыяктуу shooting guard (коргоочу чабуулчу) же small forward (бир аз алдыда, ортоңку линияда)* болуп ойнойм.

Кытайдагы баскетбол кабыланы Кыраанбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:06 0:00
Түз линк

Кыраанбек Макен 2014-жылы Азиянун кубогу үчүн мелдеште (Эл аралык баскетбол федерациясы - FIBA уюштурган) Кытайдын тандалмасындагы төрт мыктынын бири болду. Ал себетке топту ыргытуу жагынан экинчи натыйжалуу эсептелсе да жети беттешүүнүн жыйынтыгы боюнча аянтта башка 11 оюнчудан көп убакыт өткөрдү. (25, 3 мүнөт).

Улуттук баскетбол ассоциациясынын маалыматына ылайык, Кытайда баскетбол абдан популярдуу, кеминде 300 миллиондой адам ойнот. Кытай президенти Ци Сзинпин футболдун баш күйөрманы болгону менен булгаары топ тепкендердин саны баскетбол ойногондорго жетпейт. Мыкты командалардын оюнуна билет кеминде 30 доллар турат.

- Кытайда баскетболго абдан көп адам кызыгат. Улуттук лигага быйыл эки команда кошулуп, 20 команда болду. Биринчи лигада 16 команда мелдешет. Бизде мелдеш ар күздүн акыры 11-айында башталып, алты айга жакын уланат. Мелдештен соң мыкты оюнчулар тандап алынып, улуттук команданын курамында жарым жылдай жүрөт. Башкы командага кирбей калгандар, бир-эки айдай дем алып, акырында өз клубдарына кайтышат.

- Профессионалдык командада машыгуу оорбу? Баскетболчулар арасындагы атаандаштык да күчтүү болсо керек?

- Туура, машыгуу кызматтай эле да. Бир күндө эки маал саар (эртең) менен, анан түштөн кийин болуп, ар күнү кеминде беш саат, көп болсо алты саат машыгабыз. Атам Макен Султан кесиби боюнча өзүбүздүн Артыштан (Кызыл-Суу автоном облусу) сырт жерлерде волейбол ойногон. Анан Кызыл - Суу жакта волейбол тобунан машыктыруучу болуп, балдарды тарбиялап жүрдү. Ал 2008-жылы дүйнөдөн өттү. Апам кызматчы. Биз беш тууганбыз. Менден улуу төрт эжем бар. Мен жалгыз уулмун.

- Эжелериң да спортчуларбы? Алардын да бойлору узунбу?

- Алардын да бою бийик. Атамдын бою эгиз эле. Апам да анча пакене (жапыз) эмес. Эжемдер кызматчы. Спортчу болушпады.

- Мектепте кайсы тилде окудуң?

- Кичине чагымдан эле хансу (кытай) тилинде окугам. Бир аз англисче сүйлөй алам. Мени 6-класстан кийин боюң узун, баскетбол ойногонго жакшы дешип, Үрүмчүгө алып кетишкен. Ал Шинжаң боюнча 2-даражадагы коллеж.

Кыраанбек, өзү айткандай, кесипкөй баскетбол топчусу катары Кытайдын ар кайсы шаарларын көп кыдырат. Анткени, Улуттук лигада 20 команда болгондуктан, беттешүүлөр ар кайсы жерлерде өтөт.

- Биздин командабыз - “Шинжаңдын учкул жолборстору” - беттешүүлөрдү Үрүмчүдөгү “Хуншан Аренада” өткөрөт. Улуттук лигада 20 команда болгондуктан, 19 шаарды айланып ойнойбуз. Бир командада 12 негизги оюнчу жана такоолдо отурчу эки же үч жаш оюнчу болот. Ар командада чет элдик эки оюнчу бар. Өткөн жылы биздин улуттук команда Австралияга, Казакстанга барып беттешип келди. Жазда Орусия тандамасы менен Италияда таймашабыз.

- Кытайда баскетбол популярдуубу?

- Кытайда баскетболго эл көп барат. Эмнеге десеңиз, бою 2 метр 29 сантиметр, атактуу Яо Мин баскетбол тобуна кызыгууну арттырып кетти. Улуттук лиганын оюндарына эң арзан билет 50-80 гөй (юань, азыр 1 АКШ доллары 6, 2 юанга тете). Мыкты сегиз команда чемпиондук үчүн таймашчу оюндарды көрөм десеңиз, эң арзан билеттери 150 - 200 гөй.

Яо Мин 2011-жылы профессионалдык баскетболдон кеткен. Ал азыр Кытай компартиясынын алдындагы Элдик саясий консультативдик кеңештин мүчөсү.

Спортсмен курдаштары арасында Келанбайке (Макан) деген ат менен белгилүү Кыраанбектин айтканына караганда, кесипкөй баскетболчулардын көбү спорттук карьерасын 30 жаштан соң аста-аста (бара-бара) токтотушат. 40 жашында Улуттук лигада ойногондор аз экен. Баскетболчу жигит машыгуудан тыш көбүрөөк убактысы болсо, Артышка, апасы Сана Турган кызына жана эжелерине шашат.

- Убакыттын көбү машыгууга кетет. Музыка угуп, китеп окуганды, кыргыз элинин тарыхы тууралуу маалымат чогултканды жакшы көрөм. Убактым болсо эле Артышка апам менен эжелериме көрүшкөнү барам.

Кытайдын баскетбол тандалмасы Азиядагы мыкты командалардын бири. Бирок жалпы деңгээли жагынан АКШ жана Европанын мыкты командаларына жетпейт.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыраанбек Макел топту себетке жаңылбай таштаганга жетишсе, Кытайдын тандалма командасында алдына эч кимди өткөрбөгөн алтанына (туу көтөрүүчү) айлангандай дарамети бар.

XS
SM
MD
LG