Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Грузия Олимпиаданын Сочиде өткөрүлүшүнө каршы


Грузия Эларалык Олимпиада комитетин коопсуздук жүйөөлөрүнөн улам 2014-жылкы кышкы оюндарды Сочиден башка шаарда өткөрүүгө үндөдү. Тарыхта Олимпиаданы башка шаарга же өлкөгө которуу учурлары болду беле?

Россиянын Сочи курорту 2014-жылкы кышкы Олимпиаданы өткөрүү укугун былтыр жеңип алган.

Грузиянын Олимпиада комитети шаршембиде Эларалык комитетке кайрылып, оюндарды башка шаарга которууну өтүндү. Кырдаал, алардын ырастоосунда, өтө кооптуу жана оюндар спортсмендер үчүн коопсуз жерде өткөрүлүүгө тийиш. Мындай билдирүү орус-грузин согушунан 3 ай өткөндөн кийин жасалууда.

Буга чейин да Олимпиаданы Сочиде өткөрбөө талаптары айтылды эле. АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Билл Шустер жана Эллисон Шварц Конгресске аткарылышы милдеттүү эмес резолюция долбоорун сунуш кылышкан. Документ Эларалык Олимпиада комитетин 2014-жылкы кышкы оюндарды Сочиде өткөрбөөгө үндөйт.

Тарыхта Олимпиада оюндарын башка жерге которуу же оюндар таптакыр болбой калган учурлар катталды беле? Биринчи Дүйнөлүк согуш маалында, 1916-жылы жайкы оюндар, ал эми Экинчи Дүйнөлүк уруш учурунда, 1940 жана 1944-жылы жайкы жана кышкы оюндар өткөрүлгөн эмес.

Олимпиада оюндары боюнча адис, тарыхчы Стэнли Гринберг оюндардын бир шаардан же өлкөдөн башкасына которуу учурлары орун алганын айтат:

- Адатта, саясий же финансылык себептерден улам, кимдир бирөө оюндарды уюштура албай калабыз деген эскертүү жиберсе, алар башка жерге которулат.

Ошентип, 1904-жылы Олимпиада АКШнын Чикаго шаарында эмес, Сент-Луисте өткөн. Эмне дегенде ал жылы Сент Луисте Дүйнөлүк жарманке өткөрүлгөн. 1908-жылы болсо оюндар Римдин ордуна Лондондо болгон.

Везувий атылып, итальян өкмөтү көп чыгымга туш болгондо, Рим оюндарды башка бирөө уюштура алабы деп кайрылган.

Жакыңкы тарыхка кайрылсак, 1980-жылы, кансыз согуш өкүм сүрүп турган чакта жайкы Олимпиада оюндары Москвада өткөрүлгөн. 1979-жылдын этегинде болсо Советтик аскерлер Ооганстанга басып кирген. АКШнын ал кездеги президенти Жимми Картер оюндарды Греция же Канада өңдүү башка өлкөгө которууга үндөп келген. Ошентсе да, Олимпиада СССРдин баш калаасында өттү, бирок бир катар өлкөлөр оюндарды бойкоттошкон. Ага жооп катары социалисттик лагердин айрым мамлекеттери 1984-жылы Лос Анжелес оюндарына спортсмендерин жибербей коюшкан.

Быйылкы Бээжин Олимпиадасынын алдында да бойкот чакырыктары айтылып келди.

Олимпиданын Хартиясында оюндар өлкө милдеттенмелерин бузса гана аны башка жерге которсо болот деп жазылган.

Грузиянын Улуттук Олимпиада комитети бул маселени Стамбулда Европанын Олимпиада комитетинин жума күнкү жыйынында козгошу мүмкүн. Сочи оюндарын уюштуру комитети болсо даярдыктар кызуу жүрүп жатканын маалымдоодо.

XS
SM
MD
LG