Кыргызстанда бажы системасында коррупциялык схемаларды уюштурду деп табылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго 260 миң сом айып салынып, эркиндикте калды. Бул кызматка жаңыдан киришкен Садыр Жапаров жемкордукка күрөштү күчөтүүгө убада берген учурга туш келди. Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында Борбор Азия мамлекеттери коррупция кеңири тамыр жайган өлкөлөрдүн катарынан чыккан эмес. Жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнөн кандай жыйынтык күтсө болот? Бул суроолорду “Биз жана дүйнө” программасында талкууладык. Талкууга Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Максат Оморов, жарандык активист Бекжан Рысмендеев жана Transparency International уюмунун Борбор Азия жана Чыгыш Европа боюнча аймактык кеңешчиси Алтынай Мырзабекова катышты.
Жемкорлук желесинде калган Борбор Азия
Чыгарылыштар
-
Май 09, 2024
Сахалин: Жоголуп бараткан эки элдин тагдыры
-
Май 03, 2024
Европада чемпион болгон кыргыз чабандестер
-
Апрель 27, 2024
Германияда кыргызча жашаган немистер: Таласым такай түшүмө кирет
-
Апрель 18, 2024
Украинаны коргогон чечен жоокерлери
-
Апрель 12, 2024
Экстремисттик топтун торуна түшкөн борбор азиялыктар