Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

Сизди бирөө тамашага салып, “үйүң бузулсун”,  же ачуусу келип, “Жараткан үйүңдү уратсын” деп каргаса кандай акыбалда калаар элеңиз?

Кызыгы Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада жайгашкан араб өлкөлөрүндө бул күнүмдүк турмушта айтылчу жөн эле сөз. Жаштар бири-бирин, “үйүң бузулсун” (эхриб бейтак) деп тамашага сылышса, улгайган адамдар каарданып, бирөөгө ачууланганда “Алла үйүңдү бузсун” (Аллах эхриб бейтак) деп калышат.

Тамаша тамаша менен го, бирок бул сөздүн чыныгы маанисин бүгүнкү күндө көптөгөн араб өлкөлөрүндөгү акыбал көргөзүп тургандай. Айтор, Жараткан бул каргыш аралаш тамашаны кабыл алып, бири-биринин тилектерине жооп кайтаргандай. Араб дүйнөсүндө Ливиядан тарта, Йемен, Ирак, Судан жана Сирия сыяктуу өлкөлөрдө ар кандай согуш, саясий тирешүүлөрдүн натыйжасында миллиондогон жарандардын үйлөрү бузулуп, туулуп-өскөн жеринен айрылып, дүйнөнүн төрт бурчуна бозгун болуп кетишти.

Убагында миллиондогон калк жашап, гулдөп өсүп, байыркы цивилизациянын борборуна айланган Алеппого окшогон шаарлар азыр асмандан жааган бомбадан кийин таанылгыс болуп талкаланды. Учурда согуш дагы канча уланары, бул өлкөнүн келечекте тагдыры кандай болору эч кимге белгисиз. Бириккен Улуттар Уюму баш болуп, Америка жана Орусияга окшогон дүйнөлүк державалардын тынымсыз жолугушууларды өткөрүп, тынчтык жолун издегендери менен бүгүнкүгө чейин эч кандай майнап чыга элек. Ошол эле БУУнун эсебине ылайык, Сириядагы жаңжалдан каза тапкандардын саны төрт жүз миңди чапчыса, үйүн таштап өлкөдөн чыгып кеткендердин саны беш миллионго чукулдап, ички качкындардын саны 23 миллион калкы бар өлкөнүн жарымына барабар.

Бүгүнкү ааламдашкан доордо Сириядагы жаңжалдын кесепеттери көптөгөн өлкөлөргө тийди. Европанынын жүрөгү болгон Париж менен Брюсселден тарта Анкара, Стамбулда террордук чабуулдар биринин артынан бири болуп, Кыргызстанга окшогон чакан өлкөлөрдөн Сирияга согушка кеткендердин саны жүздөп саналат. Чындыгында учурда Сириядагы согушка кимдер гана катышпай калды? Америка, Орусия, Британия жана Францияга окшогон ири өлкөлөр глобалдык өз таасирин коргошуп, түздөн-түз аскерий операцияларды өткөрүп жатышса Сауд Арабия, Иран жана Түркияга окшогондор региондогу саясий-экономикалык кызыкчылыктары менен бирге өз чек арасын сактоо үчүн согушка катышууга аргасыз болушту. Бирок жаңжалдын бүтөйүн деген түрү жоктой. Тескерисинче, жаңжал улам татаалдашып, XXI кылымдын эң көйгөйлүү катастрофасына айланды.

Согуш эмне менен аяктаса да Сирия мурунку акыбалына эч такыр кайтпасы айдан ачык болуп калды окшойт. Бул көп этностуу жана диний көз караштары бири-бири менен төп келишпеген, ар кандай топтор жашаган жерде мамлекетти бир туунун астында кармап калуу ары бүдөмүк, ары абдан татаал маселе.

Күн өткөн сайын Сирияда саясий өңүттө тутанган согуш бир гана бул өлкөнү баспаганын көрсөттү. Канча айдан бери Орусия менен Кошмо Штаттар ок атышууну токтотуу боюнча бир пикирге келе албай жатканы бул жаңжалдын дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечилерине ишенбестикти жаратты. Ошол эле маалда аскерий жол менен чечүүгө күмөн санагандар дагы арбын. Орусия Сирия өкмөтүнүн өтүнүчү менен ири аскерий операцияларын баштаганына толук бир жылдын жүзү болсо дагы согуш талаасында көп деле өзгөрүүлөр болгон жок.

Ар кыл маалыматтарга ылайык, Орусия куралчан оппозициялык күчтөрдөн жана “Ислам мамлекети” атыккан террор тобунан Сириянын беш эле пайыз территориясын кайтарганга жардам бере алган. Демек, тынчтыкты камсыз кылуу жолун сүйлөшүүлөр аркылуу издөө зарыл. Бирок бул оңойго турчу маселе эмес.

Америка баштаган Батыш өлкөлөрү президент Асад жана террорист деп саналган “Нусра Фронту” же “Ислам мамлекети” менен сүйлөшүү таптакыр мүмкүн эместигин карманса, Орусия менен Иран Батыш өлкөлөрү колдогон куралчан оппозиция күчтөрүн террористтик уюм катары көрүшөт. Согуш ушул бойдон улана берсе, бүгүнкү күндөгү кырдаал көргөзүп тургандай, Жакынкы Чыгышта бүтүндөй региондун дестабилдешип кетүү коркунучу өтө жогору.

Канткенде дагы беш жыл бою согуштан тажаган калктын абалы күн өткөн сайын оорлошуп барат. Азыр Сириядан башка өлкөлөргө чыгуу мүмкүн эмес. Коопсуздук чараларына байланыштуу бардык коңшу өлкөлөр өз чек араларын жаап алышкан. Гуманитардык жардам жеткирүү татаалдашып, Алеппого окшогон ири шаарларда 250 миңден ашуун калк эки айдан бери тамак-аш, дары-дармексиз күн көрүүдө.

Данияр Матиканов, конфликтолог

PS: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG