Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

БҮГҮН МАМЛЕКЕТТИН СИМВОЛДОРУ КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик символика күнү алгачкы ирет өткөрүлдү.

Мамлекеттин символдору Кыргызстан эгемендик алгандан кийин көп узабай (желек жана гимн 1992-жылы, герб 1994-жылы) кабыл алынган. Аларды белгилөө Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык мааракеси кеңири белгиленген соң, быйыл биринчи жолу уюштурулду.

Жума күнү премьер-министрдин маалымат катчысы Курманбек Раматов «Азаттыкка» бул жаңы жөрөлгө тууралуу мындай деп түшүндүрдү:

- Символика күнү Кыргызстандын бардык аймактарында белгиленет. Бишкектин «Алатоо» аянтында мамлекеттик желекти көтөрүү салтанаты болот. Улуттук гвардиянын жаңы аскерге чакырылган жоокерлеринин ант берүү аземи өтүп, салтанаттын катышуучулары Кыргыз Республикасынын гимнин хордун коштоосунда ырдашат .

Ала-тоо аянтындагы салтанатка өкмөт башчысы Николай Танаев, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жана башка жооптуу адамдар катышты. Жер-жерлерде желектер көтөрүлүп, гимн ырдалгандан кийин, өлкөнүн атуулдары өздөрүнүн иштеген же окуган жерлерине кайтып барышып, мамлекеттик символика тууралуу кошумча маалымат алышты. Ошондой эле «Демократиялык кодекс» боюнча сабактар өткөрүлөөрү да каралган. Мындай иш-чаралар өлкөнүн көп улуттуу калкын, өзгөчө жаш муундарды патриоттук сезимде тарбиялоого чоң өбөлгө болоору айтылууда.

XS
SM
MD
LG