Линктер

"Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору дагы бир чууга жем таштады. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңеш депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов (КСДП), Жыргалбек Турускулов жана Таабалды Тиллаев ("Республика – Ата-Журт") сунуштаган мыйзам долбоорунун маалымат каражаттарын чет мамлекеттик негиздөөчүлөрүнүн үлүшүн чектөөгө байланышкан пункту олуттуу жана жөндүү сынга кабылды. Мыйзам долбоору шашылыш күн тартибине кириши, демилгечилер тарабынан кайра чакыртып алынышы да түшүнүксүз суроолорду жаратты. Мунун артында аны сунуштаган депутаттар турбайт, мыйзам долбоорунун чыныгы демилгечилери башкалар деген божомол да пайда болду.

Мыйзамдын зарылдыгы, максаттуулугу, ишке ашыра келгенде натыйжасы жана коомго пайдасы болууга тийиш. Бул мыйзам жаратуунун универсал эрежелери.

Ал эми массалык маалымат каражаттарындагы чет өлкөлүк негиздөөчүлөрдүн үлүшү 20 пайыздан ашпасын деген жобо эмне максатты көздөйт, кимге керек, кантип ишке ашат, кандай натыйжа берет, коомго пайдасы канчалык? Мына ушул суроолорго мыйзам долбоорунун демилгечилери негиздемеде да, кийин берген интервьюларында так жана ачык-айкын жооп да беришкен эмес. Демилгечилердин "мамлекеттик коопсуздук" деген өтө кылдат жана фундаменталдуу нерсени аргумент катары бетке кармашты. Мамлекеттик коопсуздук ар кимибиз баркын кетирип, ар бир аракетибизде көтөрө чапкан дүжүр нерсе эмес.

Бүгүнкү күндө планетадагы калктын 70 пайызы глобалдык интернеттин желесинде күн кечирет. Массалык маалымат каражаттары деген түшүнүк жалаң расмий телерадио каналдар же газеталар менен чектелбей калды. Британиялык “Прайсуотерхаус Кооперс” аудитордук компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, жылдан-жылга интернет булактарындагы рекламанын бюджети өсүп, телевидение менен радиону эбак артка таштады. Мисалы, Орусияда бир эле жылда телереклама 24% кыскарып, интернет-жарыя 16,2% өскөн. Фейсбук, Гуугл, Твиттер, Вконтакте, Яндекс сыяктуу тармактык гиганттардан тартып, ким уюштурганы белгисиз майда сайттарга чейинки ар кандай маалымат булактары биздин жашоонун ажырагыс көрүнүшү болуп калды. Ал эми кыргызстандыктар пайдаланган ири интернет компанияларынын кожоюндарынын дээрлик бардыгы чет мамлекеттик жарандар жана уюмдар. Көбү корпоративдик башкаруудагы трансулуттук медиа кампаниялар. Биздин депутаттар демилгелеп жаткан 20 пайыз үлүшүң менен иши да жок. Алар иштеп келген жана иштей бермекчи.

Мыйзам ишке аша келгенде аларга карата мамиле кандай болот? Мыйзам демилгечилеринин логикасын ээрчисек, анда "ошол медиабулактарда тигил же бул саясый күчтөрдүн, башка мамлекеттердин кызыкчылыктарын көздөгөн материалдар жокпу? Кантип жөнгө салабыз? Алардын ишмердүүлүгүн биз кантип көзөмөлдөйбүз?" деген суроолор чыгат. Демек бул демилге ишке ашары арсар мыйзамдын өзүн, аны чыгарган мамлекеттик бийликти дискредитациялайт, бийликтин баркын кетирет.

Айрым мамлекеттердин тигил же бул интернет булактарын жабуу аракеттери майнапсыз болуп келүүдө. Ошол эле АКШ, Кытай, соңку жылдардан бери Орусия интернет коопсуздугунун программаларын түзүп алышып, аны жүзөгө ашыруу аракеттерин көрүүдө. Биз да бул маселени ойлонгонубуз туура.

Экинчиден, массалык маалымат каражаттары жана реклама жөнүндө тиешелүү мыйзамдарга берүүлөрдүн, жарыяланган материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тууралуу өзгөртүүлөр тууралуу долбоор киргизсе жарандардын коопсуздугуна көбүрөөк пайдасы тиер эле. Аракеттеги мыйзамдарда материалдын мазмуну үчүн аны жарыялаган маалымат каражаттарынын жоопкерчилиги каралган эмес.

Мамлекеттик коопсуздукка шек келтирген чакырыктар, коомдук аң-сезимге терс таасирин тийгизген, экстремисттик маанай жараткан, радикал кыймылдарга үндөгөн, жаштарыбызды курал карматып, террористтик уюмдардын кучагына тарткан аракеттер түркүн жолдор менен ишке ашат. Бирок алар АКШ каржылаган “Азаттык”, Англия каржылаган ВВС же Орусия, Кытай мамлекеттеринин расмий каналдары аркылуу ишке ашкан жок да. Жанкечтилер, террористтер, экстремист зөөкүрлөр “Азаттыктын” телеберүүсүндө жана сайтында даңазаланбайт. Демек мыйзам долбоорунун демилгечилеринин коопсуздук боюнча аргументинин логикасы күмөндүү.

Коомчулукта 20 пайыздык чектөө боюнча мыйзам долбоору басма сөздү ооздуктоого, анын ичинде сөз эркиндигинин жарчылары жана алгачкы карлыгачтары, калк ичинде абройлуу, ишенимдүү “Азаттык” менен Би-Би-Сиге каршы аракет деген пикир пайда болду. Кыскасын айтканда, максаты белгисиз, ишке ашар-ашпасы күмөн, коомчулукка жакпаган, керексиз талкуу жараткан мыйзам долбоору парламентке аброй алып келген жок.

Алмаз Кулматов, комдук ишмер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG