Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:57

Таймаштар курчуп баратат


Бразилия -- Нидерланды менен Чили командаларынын ортосундагы таймаш, 23-июнь, 2014.
Бразилия -- Нидерланды менен Чили командаларынын ортосундагы таймаш, 23-июнь, 2014.

Кечээ Бразилияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында эмки айлампага Франция, Аргентина, Швейцария жана Нигерия чыгышты.

Комментаторлор белгилешкендей, шаршембиде Европанын намысын Франция менен Швейцария коргоп калышты. Алдынкы күндөрү эски континенттин көрүнүктүү өкүлдөрү, мурдагы чемпиондор Испания, Англия жана Италия мелдештен чыгып калып, европалык футболдун кризиси жөнүндөгү талкууларга жем ташташкан.

Шердан Шакири Гондурастын дарбазасына киргизген 3 гол Швейцарияны чемпионаттын эмки айлампасына алып чыкты. Буга чейин эле плэйоффто өзүнө орун камсыздаган Франция Эквадор менен 0-0 ойноп, Е тобунда биринчи орунду сактап калды. Эми алар дүйшөмбүдө Нигерия менен, швейцарлар шейшембиде Аргентина менен беттешет. Аргентина ошол эле күнү Нигерияны 3-2 эсеби менен жеңди. Ошол эле Босния Герцеговина Иранды 3-1 утканы менен эки команда тең турнир менен коштошту.

Франция-Эквадор таймашы аяктаары менен Мараканадагы стадиондо отурган 73 миңдей көрүүчү ышкырып, нааразылыгын билдиришти. Айрым комментаторлор даңазалуу стадиондогу ал оюнду мыкты делген 5 жылдыз ресторандагы супсак тамак менен салыштырышат. Башкалары Эквадордун командасына карата мындай мамиле адилетсиз болду дешет.

Экинчи таймдын башында азчылыкта калган эквадорлуктар гол киргизе алышпаса да, атаандашына да андай мүмкүнчүлүк беришкен жок. Дарбазачы Александр Домингез 9 жолу топту кармап калып, матчтын эң мыкты оюнчусу деп аталды.

Француз ышкыбоздору болсо улуттук команданын акыркы оюну купулуна толбогонун айтып, Швейцарияга 5 гол киргизгенден кийин өздөрүн чемпион сезип калышты деп сындашууда.

Машыктыруучу, дүйнө жана Европа чемпиону Дидье Дешам сынчыларга: “Биз эмки айлампага чыкчу 16 команданын катарына кирүү максатыбызга жеттик”, - деп актанып, ошол эле маалда гол киргизилбегени өкүнүчтүү деди. Плэйоффтогу атаандашы Нигерияны Дешам өтө ылдам, коргоочулары, дарбазачысы мыкты команда катары сыпаттап, Аргентинага аларга каршы ойногондо оңой болбогонун эске сала кетти.

Ал тапта Европанын дагы бир сыймыгы, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Италияны жеңип алган Уругвайдын улуттук командасы менен фанаттары чабуулчу Луис Суарести коргоп, ФИФА дисциплинардык иликтөө баштаганы менен, ага сөз тйигизгилери жок.

Ал оюнда Суарес Италия командасынын коргоочусу Жоржио Кьеллинини ийининен тиштеп алган. Жадакалса өлкө президенти Хосе Мухика: "Мен анын кимдир бирөөнү тиштегенин байкаган жокмун. Бири-бирин катуу тебишкен. Ошондо жаракат алышса керек", - деп шейшемби күнкү окуяны комментарийледи. Уругвай футбол федерациясынын төрагасы Вилмар Валдез болсо Суарести жазалоо үчүн “жетиштүү далилдер жок” деп эсептейт.

Маалыматтарга караганда, ФИФА Англиянны Ливерпуль клубунда ойногон форвардга катаң санкция колдонушу мүмкүн.

“Дисциплинардык комитеттин колунда кандай материалдар бар экенин айтууга укугум жок. Далилдер чогултулуп жатат. Комитет маселени тезирээк чечүү, баа берүү зарылдыгын түшүнөт, себеби Уругвай мелдешти улантып жатат”, - деди ФИФАнын медиа өкүлү Делиа Фишер.

Уругвайдын капитаны Диего Лугано Суарес маалымат каражаттарындагы каралоо кампаниясынын курмандыгы болуп калды деп Дaily Mail, басылмасы жазганына караганда, пресс-конференцияда ал окуя тууралуу суроо берген кабарчыга: "...Муну менен гезиттерди көбүрөөк сатууну көздөйсүңөр. Сен Уругвайдын утканын көрө албай турасың, маңдайыңда жазылып турат", - деп кадимкидей кекетти.

Ал эми бүгүнкү оюндарга келсек, G тобунда Португалия-Гана, АКШ-Германия, H тобунда Алжир- Орусия, Түштүк Корея-Бельгия беттешет. Эң кызыгы бүгүнкү оюнда бир кездери Германиянын машыктыруучусу болгон, азыр АКШ командасын жетектеген Юрген Клинсманн жана анын мурдагы жардамчысы, немистердин машыктыруучусу Йиоахим Лөв каршы тараптарда болушат.

Эки өлкөнүн тең эмки турга чыгуу шанстары бар, андыктан айрым адистер көшөгө артында макулдашуулар, сүйлөшүүлөр жүргөн жокпу? - деген собол коюшат.

XS
SM
MD
LG