Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

Кыргызстан-АКШ дипломатиясына 25 жыл


Декабрда Кыргызстан менен АКШнын ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлгөнүнө туура 25 жыл толот.

Чейрек кылымдын ичинде АКШ Кыргызстандын экономикалык, социалдык, билим берүү жана коопсуздук багыттарына жалпысы эки миллиард доллардык көмөк көрсөттү.

АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын мааракесин белгилөө максатында Борбор Азиядагы Америка университетинде атайын илимий конференция өткөрүлдү. Элчиликтин басма сөз боюнча кеңешчиси Кристин Маршалл иш-чара Тышкы иштер министрлиги менен бирге өткөрүлүп жатканын белгиледи:

- АКШ элчилиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен бирге кызматташтыктын 25 жылдыгына карата бул жыйынды уюштурду. Бүгүн бул конференцияга Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтниден тышкары, мурда Бишкектеги дипмиссияны башкарып турган Эйлинн Маллой, Жон Окиф, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтин өкүлдөрү, профессорлор жана студенттер катышууда.

АКШ менен алака кандай болушу керек?

АКШ менен алака кандай болушу керек?

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти мурдагы СССРге кирген мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстандагы демократияны колдоо максатында келерки жылы 4 миллиард доллардан ашык акча бөлүнүп жатканын маалымдады.

25 жылдын ичинде АКШнын Кыргызстандагы өнүктүрүү программасынын алкагында айыл чарба, экономика, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, демократиялык институттарды бекемдөө, коопсуздук, маданият жана билим берүү жаатында ири суммадагы долбоорлор ишке ашкан.

Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев мындан ары да кызматташтык жемиштүү уланарына ишенет:

- Кыргызстан АКШ менен кызматташтыкты жогору баалай турганын айтып кетүү керек. Бизди демократиялык баалуулуктарды бекемдөө бириктирип турат. Азыркы тапта эл аралык деңгээлдеги күн тартибинде турган экстремизм менен күрөшүү, террорчулукту жок кылуу жана демократиялык принциптерди чыңдоо жаатындагы маселелерден улам биздин ымалалар дагы да күчтүү болот.

2016-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Борбор Азиядагы сапарынан кийин C5+1 келишими түзүлгөн. Чөлкөмдөгү беш өлкө менен АКШнын ортосундагы муздап бара жаткан ымала дал ушул долбоордон улам кайрадан жанданары айтылууда. Ал арада АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни негизги саясат көз карандысыздыкты бекемдөө экенине токтолду.

- АКШнын Кыргызстанга карата саясаты өлкөнүн көз карандысыздыгын сыйлоого жана аны бекемдөөгө, аймактык бүтүндүгүн сактоого багытталган. Мындай багыттагы саясат чейрек кылымдан, же алгачкы элчилердин бири Маллойдон бери такыр өзгөргөн жок. Биздин максатыбыз өтө жөнөкөй жана бекем. Кыргызстандын ийгилигин гана максат кылабыз.

Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни.
Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни.

Эл аралык эксперттер Дональд Трамптын бийликке келүүсү менен тышкы донорлукка багытталган каражат да кескин азаят деген божомолду айтып келишет. АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы коопсуздук боюнча кызматташтык да акыркы жылдары кескин солгундаган. Трамптын позициясы кандай болот деген суроого коопсуздук маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытов мындайча жооп кайтарды:

- Дональд Трамптын айткандарын туура түшүнүш керек. Анын кескин түрдө каржылоону токтотом дегенине келсек, айрым өлкөлөрдө оппозиция күчтөрү эл аралык террорчулукту колдоп кетти. Ал мына ошону ачык айтып жатпайбы. Бир мамлекеттин ички ишине экинчи өлкө эмнеге кийлигишет? Эмнеге ички саясатына чейин кирип барат? Башка өлкөгө президентиңерди алып салгыла, парламентти таркаткыла деп айтканга эч кимдин акысы жок деп жатат Трамп. Мындай ойлорун менимче кайра колдош керек да.

АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1991-жылдын 27-декабрында башталган. Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги 1992-жылдын 1-февралында ачылган. 2014-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 237 миллион доллар деп эсептелген.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан АКШдан эң көп суммадагы жардам алгандардын сап башында турат. 25 жылдын ичинде 2 миллиард долларга чукул донордук жардам келип, 2016-жылы алынган акчанын суммасы эле 50 миллион долларды түзгөн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG