Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

АКШ 2011-жылы да Борбор Азияны унутпайт


АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк жана Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, Бишкек, 14-апрель, 2010-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Роберт Блейк жана Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, Бишкек, 14-апрель, 2010-жыл

15-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк борбор азиялык журналисттер менен биринчи жолу телефон аркылуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Роберт Блейк жылды жыйынтыктап, АКШнын Борбор Азиялык өлкөлөр менен мамилесиндеги урунтуу учурларга токтолду.

Телефон аркылуу өткөн конференцияга боробор азиялык 5 журналист катышып, ар бир өлкө өзү кызыккан суроосун узатты. Эң негизги суроолор Кыргызстандагы америкалык базага, региондогу адам укуктарынын сакталышына жана WikiLeaks сайтына байланыштуу болду.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк алгач ушул жылы АКШнын Боробор Азиядагы саясатындагы негизги жетишкендиктерине токтолду.

- Америка Кошмо Штаттарынын Боробор Азиядагы бардык өлкөлөр менен болгон баарлашууну кеңейтүү аракеттеринин үзүрү өтүп бара жаткан жыл ичи көрүнө баштады. Тагыраак айтканда, биз жыл сайын өтчү эки тараптуу кеңеш берүүчү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Быйыл мындай форматтагы сүйлөшүүлөр бир гана Кыргызстан менен өтпөй калды. Ага – Бакиевдин өкмөтү Отунбаева жетектеген убактылуу өкмөт менен алмашуусу себеп болуп, сүйлөшүүлөр жылдырылган эле.

Конкреттүү жетишкендиктер тууралуу кеп салсак, биз борбор азиялык өнөктөштөрүбүз көрсөткөн колдоого аябай ыраазыбыз. Себеби алар коалициянын Ооганстандагы аракеттерине зор жардам берүүдө.

АКШ мындан тышкары Кыргызстандын парламенттик демократияга өтүшүн колдооодо чоң рол ойноп жатат. Мамлекеттик качы Хиллари Клинтон өткөн айда Борбор Азиядагы сапары учурунда Кыргызстандагы башкаруу системасынын алмашуусун “батыл аракет” катары баалаган.

Ошондой эле Америка 100 миллион доллардан ашуун акчаны жардам катары Кыргызстанга жөнөттү. Бул акча өлкөнү калыбына келтирүү, гуманитардык жардам жана кырдаалды турукташтырыш үчүн берилди.

Хиллари Клинтондун региондогу сапары дагы бир ирээт АКШнын Борбор Азия өлкөлөрү менен бекем кызматташтыкта экенин далилдеди жана биз бул ишти 2011-жылы да улантмакчыбыз.

Кыргызстандык журналист "Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камыздоочу “Мина Корп” компаниясынын ачык иштешине чындап эле ишенесизби деген суроо узатты.

- АКШ “Манас” транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздоо жолдору ачык болушуна болгон аракетин жумшайт. “Мина Корп” компаниясы менен келишим ачык өткөн тендерден кийин гана түзүлдү. Ошол эле убакта кыргыз өкмөтү өз иликтөөсүн жүргүзүп жатат. Биз бул боюнча кабардарбыз жана иликтөөнүн жыйынтыгын колдойбуз. Клинтон айым айтып өткөндөй, биз азыр кыргыз өкмөтүнө жаңы ишкана түзүүгө көмөк көрсөтүп жатабыз. Тагыраак айтсак, бул ишкана транзиттик борборго керектелчү күйүүчү майдын 50 пайызын камсыздайт. Биз ушул механизмдин түзүлүшүн каалап жатабыз жана жаңы ишкана Кыргызстанда түзүлүшү керек.

Казакстандык журналист Роберт Блейк мырзага “Wikileaks сайтында чыккан маалыматтар – бул Кошмо Штаттардын өзүнүн атайын ойлоп табылган программасы. Бул программанын максаты – кээ бир өлкөлөр арасында, анын ичинде Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн өз ара уруштуруу деген пикирлер бар, сиз кандай ойдосуз?”, - деген суроо узатты.

- Жок, бул атайын жасалган оперция эмес,-деп жооп кайтарды Роберт Блейк. - Тескерисинче, ушундай документтердин ачыкка чыкканы – аябай өкүнүчтүү. Викиликстин АКШнын кээ бир өлкөлөр менен мамилелерине залакасы аябай эле тийди. Биздин айрым дипломаттарыбыздын иши да бир топ кыйындады. Бирок ошого карабастан биздин элчиликтер өз нугунда иштей беришмекчи.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG