Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

Тажикстан Кытайга ыктай баштады


Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын лидери Ци Сзинпин

Тажик президенти Эмомали Рахмон менен Кытайдын лидери Ци Сзинпин

Орусиялык "Обозреватель" интернет басылмасы Дүйшөмбү Кытайдын ишканаларына акысыз колдонууга жер берип жатканын жазды.

"Тажикстан Кытай тарапка ооду" деп жазат “Обозреватель” интернет басылмасы. Дүйшөмбү Кытайдын ишканаларына акысыз колдонууга жер берүүдө. Андан тышкары тажик парламенти ТВЕА (ТиБиИЭй), "Жунтай Хатлон Син Силу" жана "Ху Чан Гаюр Индастриал" ири кытай ишканаларын бир катар салыктардан бошоткон. Эксперттер мындай чечимден Тажикстандын жарандарына пайда болбой турганын, мамлекеттик бюджет 20 миллионго жакын долларсыз каларын айтышууда.

"Жунтай Хатлон Син Силу" кытай ишканасына Тажикстандын түштүгүндөгү 15 миң гектар жер 49 жылга акысыз ижарага берилген. Бул өзү Тажикстандын Жер кодексине каршы келет. Анда чет элдик жарандарга же юридикалык тараптарга жер эң узагы 20 жылга гана берилери көрсөтүлгөн. Ага карабастан тажик парламентинин депутаттары мындай жеңилдетүүлөр келечекте киреше алып келерин айтышкан.

Орусиялык көз карандысыз эксперт Игорь Панкратенко Тажикстан мурунтан эле Орусиянын таасиринен чыгып кетүүнү эңсеп жүргөнүн айтууда. “Кытайдын Тажикстандагы таасиринин күчөшү Москвага дагы, Вашингтонго дагы жакпайт. Бирок АКШнын колунда эффективдүү куралы жок. Орусиянын таасири 201-аскердик базасы жана эмгек мигранттарынын каражат которуулары менен гана чектелген”, - деп белгилейт Игорь Панкратенко.

"Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө 6 миллиард долларга жакын акчаны инвестициялоого даяр. Алар бул чөлкөмдөн Кытайга газ куурларын өткөрүүнү көздөөдө" деп айтылат макалада.

“Мигранттар сот иштерине тоскоол болушууда” деп жазат “Независимая газета” басылмасы. Орусиядагы соттор мыйзамсыз жүргөн мигранттардын айынан иштин көбөйгөнүнө даттанууда. Москва шаардык сотунун жетекчиси Ольга Егорова Орусиядагы миграциялык мыйзамдар катаалдагандан кийин соттордун иши кескин көбөйгөнүн айтууда. Былтыркы жылы Москва шаардык соту караган административдик иштердин 81 пайызы мигранттарга байланыштуу болгон. Жыл ичи 83 миң кылмыш иши каралган болсо, 68 миң мыйзам бузууда мигранттар катталган. Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын жарандарынын көбүнө айып пул салынып, 500 чет элдик жаран депортацияланган. Өткөн жылы жалпысынан Орусиядан 59 миң 192 чет элдик жаран чыгарылган. Ал эми жыл башынан бери 30 миңден ашуун иш каралып, алардын бардыгы боюнча мыйзам бузуучуларды Орусиядан чыгаруу чечими кабыл алынган.

Борбор Азияга коркунуч жараткан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Орусия менен АКШны кол кармашып кызматташууга түртүп жатканын жазат “Газета.ру” басылмасы. Макалада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик департаментинин башчысы Жон Керри менен жолугушуп, Борбор Азияга бүлүк салууну көздөп жаткан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы биргелешип күрөшүү жөнүндө сүйлөшкөнү айтылат.

“Америкалык кесиптештер менен кырдаалды жөнгө салуу боюнча биргелешип иштөө керек деген түшүнүгүбүз бар. ”Ислам мамлекети” тобуна каршы активдүү чаралар көрүлүшү керек”, - деген Орусиянын тышкы иштер мекемесинин башчысы Лавров. Буга чейин “Ислам мамлекети” радикал тобунун коркунучу тууралуу президенттер Владимир Путин менен Барак Обама телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Америкалык атайын кызматтар учурда Борбор Азиядан төрт миңден ашуун жаран Ирак менен Сирияда согушуп жүргөнүн аныктаган. Ал эми Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Антитеррдук борборунун маалыматы боюнча исламчылардын катарында 2 миңге жакын орус жарандыгы бар атуулдар жүрөт. Айрым маалыматтар боюнча алардын саны 5 миңге чейин жетиши мүмкүн.

“Ислам мамлекети” лагерлерин түзүп, согуштук арсенал менен камсыз болуунун жолдорун иликтеп жаткан маалда исламчыл экстремисттерге каршы бардык күчтөр бир жеңден кол чыгарышы керек деген корутунду чыгарылат макалада.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG