Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:11

Добуш берүүгө шайлоочулардын 82 пайыздан ашыгы катышкан. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Шайлоонун алдын ала расмий жыйынтыгы эртең, 2-мартта чыгарылмакчы.

Тажикстанда бүгүн парламенттин төмөнкү палатасынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Добуш берүүгө шайлоочулардын 82 пайыздан ашыгы катышкан.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шермухаммад Шохиён кечки саат сегизде добушканалар жабылгандан кийин добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

“Шайлоо участкалары 20:00дө жабылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоочулардын 82 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышкан. Бул алдын ала маалыматтар, сандар өзгөрүшү мүмкүн” деди Шермухаммад Шохиён.

Тизмеге кирген шайлоочулардын саны өлкө боюнча 4 миллион 318 миң адам болчу. Шохиёндун айтымында, добуш берүү тынч, мыйзамдар талап кылгандай өттү жана шайлоочулар активдүү катышты. Шайлоонун жүрүшүндө жазуу түрүндө арыз-даттануу түшкөн эмес.

“Партиялардан оозеки он арыз түштү, бирок андагы дооматтар ошол замат чечилди” деди Шохиён.

Бирок «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы добуш берүү учурунда бир эле адам бүткүл үй-бүлөсү үчүн добуш бергенин, шайлоо бекетинде үгүт жүргүзүү өңдүү мыйзам бузуу көрүнүштөрүн документтештирди.

Президент Эмомали Рахмон саат 10:30да борбор калаадагы №15 шайлооканада добуш берди. Бирок коопсуздук кызматтары көз карандысыз жана чет элдик журналисттерге Рахмондун добуш берүүсүн чагылдырууга уруксат берген жок.

Бул шайлоонун жыйынтыгында кайра эле президент Рахмондун партиясынан чыккан талапкерлер жеңишке жетээри күтүлүүдө.

Шайлоого чейин оппозициячыл партиялар өнөктүгүнүн жүрүшүндө аларга бийлик тарабынан түрдүү бут тосуулар, анын ичинде үгүт баракчалары жапырт айрылган учурлар болгонун билдиришкен эле.

Оппозициядагы Социал-демократтар партиясынын лидери Рахматулло Зоиров “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын шайлоо алдындагы кырдаалды баалаган жана үгүт өнөктүгүнүн жыйынтыгын чыгарган тегерек үстөлүндө төмөнкүлөргө токтолгон эле:

- Бул шайлоо 2009-жылкы шайлоодон айырмаланат. Эсиңерде болсо керек андагы шайлоо Рогун ГЭСинин акцияларын сатуу менен башталган. Бул шайлоонун айырмачылыгы-буга чейин атаандаштык ачык жүрдү эле. Азыркы шайлоодо болсо жергиликтүү бийликтен тартып, жогорку эшалонго чейинки мамлекеттик органдар, анын ичинде мамлекеттин стратегиялык изилдөөлөр боюнча борбору да бийликтеги Элдик - демократиялык партиянын пайдасы үчүн иштешти.

Социал-демократтар партиясынын лидери Рахматулло Зоиров добуш берип чыккандан кийин, "эгер бүгүнкү парламенттик шайлоо жок дегенде жарым жартылай адилет жана бурмалоосуз өтсө, анын партиясы парламентке келүү мүмкүнчүлүгү бар" экенин айтты.

Рахматулло Зоировдун добуш берүүсү

Мечиттеги саясий үгүт

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, өнөктүктүн акыркы күнү, Рашт деген райондо мечиттеги жума намаздан кийин жергиликтүү диниятчылардын тобу президент Рахмондун сүрөттөрүн жана Тажикстандын желектерин көтөрүп чыгып, 1-марттагы шайлоодо “Улуу урматтуунун” партиясы үчүн добуш берүүгө чакырышты.

Рашт районундагы диниятчылар бийликтеги партия үчүн добуш берүүгө үндөп жатышат. 27-февраль, 2015-жыл.

Рашт районундагы диниятчылар бийликтеги партия үчүн добуш берүүгө үндөп жатышат. 27-февраль, 2015-жыл.

​Тажикстандагы мечиттердин имамдарына жума намаздан кийинки кутпа айтуу учурунда бийликтеги Элдик демократиялык партиянын оң, ал эми Ислам кайра жаралуу партиясынын терс жактарына көңүл буруу жөнүндө нускоо берилген.

Тажик өкмөтү алдындагы Дин иштери боюнча комитеттин басма сөз катчысы Афшин Мукими “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде бул аптадагы жума намазга “Исламдагы шайлоо” деген темада кутпа даярдалганын ырастады.

Мукими кошучалагандай, кутпанын мазмунуна конкреттүү кайсыл бир партияга добуш берүү жөнүндө чакырык, саясий пропаганда камтылган эмес, болгону ал мечиттерге сунуш иретинде гана жөнөтүлгөн.

Бирок сунуш кылынган кутпанын текстинде: “Бүгүн ким партиянын атын чийсе, исламды чиет деген добуштар чыгып жатат. Бул апырткандык. Бул сөздөрдү элди дин, кудай жана пайгамбар менен коркутуп, исламды өзүнө ыйгарып, жеке максатына жетүү каражатына айланткандар айтууда”, - деп көргөзүлгөн.

Мында Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы эске алынып жатат окшойт.

Оппозициядагы бул саясий уюмдун лидери Мухиддин Кабиринин ырастоосунда, аларды дискредитациялоо жана Ислам кайра жаралуу партиясынын активисттерине кысым көргөзүү аракеттери шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда да уланды.

Бирок Кабири Ислам кайра жаралуу партиясы баары бир парламентке кирет деген ишенимде:

Мухиддин Кабири

Мухиддин Кабири

- Менимче, бийликтин мындай аракеттери жана биздин партияны каралоо жараяны оң жыйынтык берген жок. Ислам кайра жаралуу партиясы парламент сыртында калбайт. Анткени, парламентте күчтүү оппозициялык партиянын болушу ошол парламенттин демократиялуулугунун күбөсү. Экинчи жагынан Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердиги улуттук элдешүү келишиминин натыйжасы, ага Тажикстандын бүткүл калкы добуш берген. Анда тараптар, жигитче кол кармашып, бири-бирин урматтоону убада кылган. Менимче, коомубузда бири-бирин урматтоо жана улуттук мунаса өкүм сүргөн шартта, биздин партиянын өкүлдөрү парламентте болот.

Бошоң өнөктүк

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Парвиз Мулладжановдун баамында, Тажикстандын шайлоого аттанган саясий партиялар арасынан үгүт учурунда көбүрөөк активдүүлүктү бийликтеги Элдик-демократиялык жана Ислам кайра жаралуу партиялары көргөздү, бирок жалпысынан өнөктүк мурдагыларга салыштырмалуу солгун болду:

Душанбедеги шайлоо баракчалары. 27-февраль, 2015-жыл.

Душанбедеги шайлоо баракчалары. 27-февраль, 2015-жыл.

- Менимче пассивдүүлүк саясий партиялар парламенттеги турумун чыңдай аларына анчалык деле үмүттөнбөгөнүнө байланыштуу болсо керек. Саясий апатия деп да койсок болот. Мында мен саясий партиялар парламент азыркы абалынан көп деле өзгөрбөйт деп эсептешкенин эске алып жатам. Менимче, жалпысынан төрт же беш партиянын өкүлдөрү болот. Албетте, орундардын эң көбүн Элдик - демократиялык партия ээлейт. Кайсыл бир партия азыркы орундарынан бир - экөөн гана көбүрөөк алса керек. Андан жогору эмес.

Жалпысынан Тажикстандын бул жолку шайлоосунда парламент мандатын сегиз партиянын 288 талапкери талашууда. Азыркыга чейин төмөнкү палатадагы 63 депутаттык орундун 55ин президент Рахмондун Элдик - демократиялык партияларынын мүчөлөрү ээлеп келди.

Жекшембидеги добуш берүүгө 500дөй шайлоочу байкоо салары айтылган. ЕККУ уюму буга чейин тажик шайлоолорунун бирин да эркин жана адилет, эл аралык стандарттарга шайкеш келет деп тапкан эмес.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG