Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Каримов: Өзбекстан СССРге окшогон уюшмаларга кошулбайт


Президент Ислам Каримов
Президент Ислам Каримов

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов өз өлкөсү СССРге окшогон бирикмелерге эч качан кошулбай турганын билдирди. Өткөн айда шайланган парламенттин төмөнкү палатасынын алгачкы жыйынында сүйлөп жатып, айрым өлкөлөр “СССРдеги Ленин менен Сталиндин учурун кайтарууга аракет кылып жатат” деген президент Каримов Өзбекстан мындайга эч качан барбай турганын белгиледи.

Каримов кыйыткан Евразия экономикалык союзу 1-январдан тарта иштей баштады. Ага Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения мүчө. Кыргызстан бул бирикмеге май айынан тарта толук кандуу кошулат.

Борбор Азиядагы калкы эң көп өлкөнү 25 жылдан бери башкарып келаткан Каримов Орусиянын пост-советтик өлкөлөргө таасирин күчөтүп жатканына чочулоо менен мамиле кылат. Ал Өзбекстандын аймагында эч бир чет элдик аскер базасын жайгаштырбай турганын айткан.

76 жаштагы Каримов парламенттеги сөзүндө "Өзбекстан демократиянын эволюциялык жолу менен өз багытын улантарын" билдирди.

Эл аралык уюмдар болсо Өзбекстанда адам укуктары одоно бузулганын сындап келет.

XS
SM
MD
LG