Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:26

"Чемпион", "сөгүнчөөк"... Мэрликке көрсөтүлгөндөрдүн таржымалы


Алмаз Мамбетов, Урматбек Самаев, Айбек Жунушалиев.
Алмаз Мамбетов, Урматбек Самаев, Айбек Жунушалиев.

26-августта Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлери шайланат.

18-августта Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Айбек Жунушалиевдин, Токмок шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин, Ош шаардык кеңеши калаа башчылыкка Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин көрсөттү.

Боршайкомдун маалымдашынча, Токмокто мэр болуу ниетин Азат Кубатбек уулу да билдирген. Кубатбек уулунун талапкерлигин азчылык коалиция көрсөткөн.

Азат Кубатбек "Токмок жаштар ордосу" бирикмесинин жетекчиси экенен башка маалымат таба албадык.

Калган үч талапкердин өмүр баяны жана баскан жолуна сереп салып көрөлү.

Айбек Жунушалиев ким?

44 жаштагы Айбек Жунушалиевдин ысымы үстүбүздөгү жылдын май айында белгилүү болгон.

Айбек Жунушалиев.
Айбек Жунушалиев.

Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган Артем Новиков кызматтан бошотулуп, ордуна Айбек Жунушалиев барган.

Өмүр баянында 1976-жылы Чүй облусунун Кегети айылында туулганы, юриспруденция боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алганы жазылган.

Эмгек жолун Кыргыз улуттук университетинде темир уста-сантехник болуп баштап, кийин аталган окуу жайда окутуучу болгон.

2010-2014-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы болгон. Кийинчерээк, өкмөттө иштеп, 2015-жылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.

Айбек Жунушалиев тууралуу ачык булактарда мындан башка маалымат жок.

Токмоктогу чырда аты чыккан "Чемпион"

2016-жылы Жогорку Кеңештин мандатын алган Урматбек Самаевдин ысымы 2019-жылы Токмоктогу аткезчиликке байланыштуу коомчулукка кеңири таанылган.

Анда 25-январда социалдык тармактарда кыргыз-казак чек арасында "аткезчилик менен алектенген эки топтун жаңжалында ок тийди" деген Аскат Үсөнов аттуу жарандын видео кайрылуусу жарыяланган. Анда Үсөнов окуяга байланыштуу Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаевди ачык күнөөлөп, ошол кездеги президенттен жардам сураган.

Мындай ызы-чуудан кийин Урматбек Самаев туугандары аркылуу чек арадагы аткезчиликти көзөмөлдөп келгени жана ал учурдагы депутат жана Токмоктун мурдагы мэри Канатбек Исаевдин көздөй кишиси экени да айтылган.

Урматбек Самаев
Урматбек Самаев

Бирок “Кыргызстан” фракциясынын ошол кездеги лидери Канатбек Исаев депутаттын криминалдык чөйрө менен байланышын четке каккан. Көп өтпөй Урматбек Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Урматбек Самаев “Азаттыкка” курган маегинде кримчөйрөгө катышы жоктугун айтып, “Чемпион” деген каймана ысым бала кезинде бокс мелдешинен кийин коюлганын билдирген жайы бар.

2020-жылы октябрда жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер болгон.

Октябрь окуяларында анын ысымы дагы бир чуулгандуу окуяга илешкен жайы бар. Тагыраагы, парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева өзүн Урматбек Самаев коркутканын айтып чыккан. Ал буга 10-октябрда премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча өткөн кезексиз жыйын себеп болгонун, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаевдин "добуш бересиң" деген опузасына башка депутаттар да кабылганын "Азаттыкка" билдирген.

Депутат "Фейсбуктагы" баракчасына мыйзамсыздык болгону үчүн кезексиз жыйындан чыгып кеткенин да жарыялаган. Бирок Урматбек Самаев бул айыптоону төгүндөп, "добуш берүү депутаттардын өз эрки" экенин белгилеген.

Урматбек Самаев 1986-жылы Чүй облусунун Онбир-Жылга айылында туулган. Өмүр баянында 2004-жылы Чүй районундагы №2 орто мектебин, 2012-жылы Каракол шаарындагы Юридикалык академиянын юриспруденция факультетин бүтүргөнү жазылган.

Каракол шаарындагы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн олимпиялык резерв мектебинде бокс боюнча тренер болуп жүрүп, Токмок шаардык кеңешине 2012-жылы депутат болуп келген.

Чүй районунун жана Токмок шаарынын “Көк-Бөрү” федерациясынын президенти. 2018-жылдын 5-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын "Көк-Бөрү" федерациясынын вице-президенти. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

"Сөгүнчөөк" кадрдын ооматы

Президент Садыр Жапаровдун сунушу менен Ош шаарынын мэрлигине көрсөтүлгөнүн айткан Алмаз Мамбетовдун ысымы жүрүм-турумга байланыштуу көбүрөөк таанымал.

Алмаз Мамбетов
Алмаз Мамбетов

2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда Мамбетовдун телефон аркылуу мурдагы мэрди сөккөн аудиосу интернетке тарап кеткен.

2017-жылы Балыкчынын ошол кездеги мэри Алмаз Мамбетов менен мурдагы шаар башчысы Сатыбек Шамшудинов делген адамдардын телефон сүйлөшүүсүнүн интернетке тарап кеткен аудио көчүрмөсүндө орой жана оозго алгыс сөздөр айтылган. Чырды жаздырып алып, интернетке тараткан Сатыбек Шамшудинов Мамбетов аны "мэр бир жылдык отчетун берсин деген кайрылууга сиз эмнеге кол койгонсуз?” деп коркутуп чалганын айткан.

Мындан кийин эки мэрдин телефондогу кайым айтышуусун иликтөө үчүн этикалык комиссия түзүлүп, эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калган.

2019-жылы 19-апрелде ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик каттоо кызматына Алмаз Мамбетовду дайындап сынга кабылган. Абылгазиев анда Мамбетовго «ыплас сөздөрдү азыраак колдон» деп эскерткенин билдирген.

Ушул эле жылы интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тараган. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. "Ошол машинени айдап бараткан адам Мамкаттоонун жетекчиси Алмаз Мамбетов" деген да маалымат тарап кеткен.

Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы мекеменин башчысы сүрөтү Интернетте тарап жаткан автоунааларга тиешеси жок экенин билдирген.

Алмаз Мамбетов Мамкаттоону жетектеп турганда анын карамагындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин иши Коопсуздук кеңешинин сынына кабылган.

2020-жылы февраль айында ал кызматтан бошотулган жана эмне иштен кеткени тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Алмаз Мамбетов 45 жашта. 1976-жылы 15-мартта Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Эки жогорку окуу жайын: 1999-жылы дипломатия жана эл аралык мамилелер адистиги боюнча Кыргызстандагы эл аралык университетин, кийин Президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG